Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:45
 Киев. 24-майга караган түндө Орусиянын чабуулунан кийин өрттөнүп жаткан имараттардын бири.
Киев. 24-майга караган түндө Орусиянын чабуулунан кийин өрттөнүп жаткан имараттардын бири.

"Коркунучтуу түн болду". Украина жапырт соккунун кесепети менен күрөшүүдө

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:50 8.7.2023

Орус армиясынын Украинанын Донецк облусуна караштуу Лиман шаарын аткылоосунан кеминде алты адам ажал тапты, дагы беш киши жараат алды. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Павел Кириленко кабарлады. Анын сөзүнө караганда, Орусиянын армиясы таңкы саат 10дордо ракета менен аткылаган. Анда жер тамдар, дүкөн жабыркады.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 8-июлга караган түнү Орусия "Шахед" дрондору менен аткылаганын, анын бешөө атып түшүрүлгөнүн билдирди. Анда учкучсуз аппараттар Днепропетровщина жана Кировоградщинадагы өнөр жай жана инфраструктара объектилерине тийгени, баштапкы маалыматка ылайык жабыркагандар болбогону айтылат.

Мунун алдында Кривой Рогдо дрондордун чабуулунан бир адам жараат алганы, орточо оор абалда ооруканага жаткырылганы кабарланган. Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Сергей Лысак эки жерде өрт чыкканын, бир нече кампа талкаланып, машиналар, жабдуулар кыйраганын айтты.

Кировград облусунун башчысы Андрей Райкович дагы 8-июлга караган түнү аймакка дрондор менен чабуул болгонун, анда "жараат алгандар, кыйроолор болбогонун" ырастады.

Орусиянын бул чабуулдарга байланыштуу комментарий берген жок. Ынанымдуу далилдерге карабай, Кремль Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албайт жана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" гана сокку урарын айтып келет.

12:53 8.7.2023

Стамбулда 7-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолукту.

Сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйында түрк мамлекет башчысы “Украина НАТОго мүчө болууга татыктуу экенине эч кандай шек жок” деп айтты. Ал Украинадан дан экспорттоо келишимин узартууга аракеттер көрүлүлүп жатканын белгиледи. Азыркы келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктайт. Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен август айында Түркияда жолукканда дан келишими негизги маселелердин бири болорун айтты.

“Биз бул келишимдин мөөнөтүн ар эки айда эмес, жок дегенде ар үч айда узартып турууга үмүттөнөбүз”,-деди Эрдоган.

Зеленский бул жолугушууда туткундарды алмашуу, саясий туткундар маселесин, тактап айтканда, крым татарларына байланыштуу жагдайды сөз кылды. Эрдоган бул маселе тууралуу Путин менен телефондон сүйлөшө аларын билдирди.

Орусия 2022-жылы февралда Украинага каршы согуш ачкандан бери Түркия эки өлкө менен тең алака-катышын үзгөн эмес жана айрым маселелерде ортомчулук кылып келет.

11:29 8.7.2023

Кошмо Штаттары Украинага берилүүчү баасы 800 миллион долларлык кезектеги жардамдын алкагында кассеталык ок-дары жөнөтөт. Бул тууралуу Коргоо министринин орун басары Колин Каль билдирди.

Ал Киев мындай ок-дарынын колдонулушу тууралуу АКШга такай отчет берип турарын, өз эли үчүн тобоокелчиликти азайтуу максатында өз аймагында гана колдонуу тууралуу милдеттеме алганын белгиледи.

Президент Жо Байдендин кеңешчиси Жейк Салливан “Орусия Украинага каршы согуш ачкандан тартып эле кластердик бомбаларды колдонгонун, Украина өз аймагын коргош үчүн ушундай куралга муктаж экенин” айтты. Киевге кассеталык бомба жөнөтүү чечимин кабыл алуу оңой-олтоң болбогонуна токтолду.

Мунун алдында Германия Украинага кассеталык ок-дары жөнөтүүгө каршы чыгып жатканы белгилүү болгон. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Анналена Бербюк билдирген. Коргоо министри Борис Писториус Берлин кассеталык ок-дары жөнөтпөсүн айткан.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму болсо Орусия менен Украинага кайрылып, мындай ок-дарыны колдонбоого, АКШны Киевге кассеталык ок-дары жөнөтпөөгө чакырган.

Кассеталык дүрмөттөр асманда жарылып, майда бөлүкчөлөрдү узакка чачыратат. Андан өтө көп жайкын тургундар кырылып калышы ыктымал деген кооптонуу бар. Бомбанын майда бөлүкчөлөрү аткылоо учурунда жарылбай, кийин жарылышы мүмкүн жана ал жер-суунун баарын мина талаасына айлантууга жөндөмдүү.

Дүйнөдө кассеталык бомбаларды колдонууга тыюу салуу конвенциясы 2010-жылдан бери күчүнө кирген. Ага 100дөн ашык мамлекет кол койгон, бирок Орусия да, Украина да кошулган эмес.

19:48 7.7.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-июлда Түркияга барып, Режеп Тайып Эрдоган менен жолугары күтүлүүдө.

Cүйлөшүүлөр кийинки жумада өтө турган НАТОнун саммити жана Кара Деңиз аркылуу украин данын экспорттоо макулдашуусу тууралуу болот. Мурдагы келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктайт. Орусия келишимди узартууга негиз көрбөгөнүн айтууда.

Бир күн мурда украин президенти Болгарияга, андан ары Чехияга барган. Прагадан Түркияга баратып Словакиянын борбору Братиславага да токтоп, жолугушууларды өткөрдү.

Прагада НАТОго кошулуу аракети сөз болду

Коомчулукка мурда айтылбаган сапар менен Чехияга келген президент Владимир Зеленский Прагада өткөргөн маалымат жыйында Украинанын НАТОго кошулуу аракетине токтолду:

"Кээ бирөөлөр дагы эле Москванын көзүн караcа, айрымдар Орусиядан коркот. Азыр альянстын кайратын жана бирикменин күчүн көрсөтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк деп эсептейм. Бул жерде сөз альянска кошуу багытындагы кээ бир конкреттүү аракеттер, так сигналдар жөнүндө болуп жатат. Бизге бул мотивация керек. Биздин мамиледе чынчыл болуу маанилүү".

Зеленский Украинанын контрчабуулу тууралуу да айтып, "жай жүрүп жатса да, орустардай чегинбей, алдыга баратабыз" деди. Мурдараак украин президенти журналисттерге Батыш курал жана согуштук жабдыктарды өз убагында жеткирбегендиктен, Орусия басып алган аймактарда коргоонууну бекемдеп алууга жетишкенин айткан.

Владимир Зеленский жана Петр Павел
Владимир Зеленский жана Петр Павел

Чех президенти Петр Павел Украинанын НАТОго жана Евробиримдикке кошулуусун колдой турганын белгилеп, Киев орус агрессиясынан коргонуу жаатында ар дайым Прагага таянса болорун билдирди:

"Согуш бүтөрү менен Украинанын НАТОго кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганы Чехиянын кызыкчылыгында экенин так айтуу керек. Анткени бул биздин коопсуздугубуздун, аймактык бейпилдиктин жана экономикалык өсүүнүн кызыкчылыгын көздөйт".

Петр Павел Украинанын контрчабуулу Орусия "буга чейин өзүн көрсөтүп келгендей күчтүү деле эместигин далилдегенин" кошумчалады.

Зеленский Прагада жолугушууларда коргонуу маселелери, НАТОнун Вильнюстагы саммитин утурлай байланыштарды координациялоо, Украинанын евроинтеграциясы жана Запорожье атомдук станциясындагы кырдаал тууралуу кабарлаган.

Дан келишими жаатында Москва бир чечимге келе элек

Украин президенти 7-июлда Прагадан Түркияга барып, президент Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү эки жолу узартылды. Андан бери Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.

Орусия 17-июлда бүтө турган Кара деңиз дан келишимин узартуу боюнча акыркы чечимге келе элек.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

"Биз расмий түрдө чечимди азырынча жарыялай элекпиз, аны өз убагында жарыялайбыз. Дагы убакыт бар. Макулдашуулардын биздин өлкөгө тиешелүү бөлүгүн аткарууга дагы убакыт бар. Келишимди узартууга азыр тилекке каршы өзгөчө негиз жок", - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Келишимге ылайык, Орусия өзү көзөмөлдөгөн суулар аркылуу Украинанын портторунун жана андан кайткан дан кемелеринин коопсуздугун кепилдеген.

Ал арада Украинанын чыгышында соңку бир суткада 30тай кагылышуу болгону кабарланды.

Киев бейшембиде орус армиясынын Львов шаарына урган ракеталык соккусунан мерт болгондордун саны онго жеткенин билдирди. Жараат алгандардын саны кырктан ашты.

Орусиянын Коргоо министрлиги Львовго жасалган чабуул тууралуу комментарий берген жок. Ынанымдуу далилдерге карабай, Кремль Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна ала элек жана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" гана сокку урарын айтып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG