Түркиядан Украинага кайтып келген "Азовсталды" коргогон жоокерлердин командирлери кайра согушка катышат. Бул тууралуу "Азов" полкунун башчысы Денис Прокопенко Львовдо журналисттер менен жолугушууда билдирди.
"Мен армия - бул командалык иш экенине терең ишенем жана биз бүгүнкү күндөн тартып күрөштү улантабыз, биз согушта сөзсүз өз сөзүбүздү айтабыз. Эң башкысы, украин армиясы фронтто стратегиялык демилгени колго алды жана күн сайын алдыга жылып жатабыз",-деди Прокопенко.
Украинага басып кирген 500 күн ичинде Киевди үч күндүн ичинде басып алууну көздөгөн орус армиясы максаттарынын бирине да жеткен жок.
Мындай тыянакка АКШнын Согушту изилдөө институтунун (ISW) эксперттеринин 8-июлда жарыяланган баяндамасында айтылат.
Аннексияланган Крымда Керчке жакын аймакта ракета атып түшүрүлгөнүн Орусия дайындаган губернатор Сергей Аксенов билдирди.
Анын айтымында, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Шаар тургундары бир нече жардыруунун добушун угушканын Shot Телеграм каналы жазды.
Азырынчамындан башка маалымат бериле элек.
Облустук аскер администрациясынын башчысы Павел Кириленконун айтымында, орус армиясынын Донецк облусундагы Лиман шаарын аткылоосунда курман болгондордун саны тогузга жетти. Акыркы суткадагы чабуулда 13 адам жаракат алды. Авдеевкада дагы бир адам каза болду. Орусиянын Коргоо министрлиги ишембиде Лиманга жасалган чабуул боюнча комментарий берген жок.
Кириленко кечээ Лиман шаары эртең мененки саат 10:00 чамасында бир нече жолу ракета менен аткыланганын билдирген.
2022-жылдын май айынын аягынан сентябрдын аягына чейин Лиман орус армиясынын көзөмөлүндө болгон.