Украин жана орус армиясы бир маалда ар тараптан чабуул коюп жатышат
Украин куралдуу күчтөрү Бердянск жана Мелитополь багытында чабуулун улантууда. Жума ичинде алар 10 квадрат чакырымдай аянтты бошото алышты. Бул тууралуу 10-июлда Украинанын армиясынын өкүлү Андрей Ковалев билдирди. Анын айтымында, фронттун бул участокторунда оор кармаштар жүрүп жатат.
Киевдин маалыматында Донбасста өткөн суткада 30дай кагылышуу болду. Орус армиясы Кременной, Бахмут жана Донецк багытында чабуулга өтүүдө. Бул тууралуу Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө айтылат. Донецкиге Авдеевка районуна жакын украин армиясы орусиялык күчтөрдүн чабуулуна туруштук берип турат.
10-июлдагы Украинанын чыгышындагы фронттун картасы:
Орусиянын Краснодар аймагында мобилизациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Станислав Ржицкий киши колдуу болду. Жергиликтүү басыламалар ал дүйшөмбү күнү эртең менен чуркоого чыкканда атып кетишкенин, ошол жерде жан бергенин жазышты.
42 жаштагы Ржицкий буга чейин флотто кызмат кылган жана "Калибр" ракеталары менен жабдылган "Краснодар" суу алдындагы кемесинин командири болгон. Украиналык басылмалар анын кемеси өткөн жылы июлда Винницы облусундагы кагылышууга катышканын жазышкан.
Ушундай аты-жөнү бар адам орус армиясынын аскердик кылмыштарын каттаган украиналык "Миротворец" сайтындагы тизмеге киргизилген. Ал жерде Ржицкий Орусиянын Украинага каршы согушуна түздөн-түз катышкан "Алроса" суу алдындагы кемесинин командири экени жазылган. Ржицкий флоттон мобилизациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарлыгына качан кеткени белгисиз.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков 10-июлда билдиргендей, Түркиянын «Азов» полкунун командирлерин Украинага өткөрүп бериши Москва, Киев жана Анкара ортосундагы макулдашууну бузганын билдирди.
Өткөн аптада Түркия Киевге беш украиналык командирди өткөрүп бергенден кийин Москва менен Анкаранын ортосундагы алакалар бузула түштү.
Беш командир Түркиядан 8-июлда президент Владимир Зеленский менен Украинага кайтып келген.
Мариуполдогу "Азов" полку бир нече ай "Азовсталды" коргоп орус армиясына туруштук бергени менен дүйнөгө таанылган.
Аларды былтыр сентябрда Орусия туткун алмашууда украиналык саясатчы Виктор Медведчуктун ордуна өткөрүп берген. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон ортомчулук кылган сүйлөшүү шартына ылайык, алар согуш аяктаганга чейин "коопсуз жана ыңгайлуу шартта" Стамбулда болушу керек эле.
Песков билдиргендей, Москва алардын бошотулушу тууралуу түшүндүрмө талап кылат жана Анкара менен кийинки келишимдерди түзүүдө бул жагдайды эске алат.
Дан келишими тууралуу суроого жооп берип жатып Песков учурда президент Владимир Путиндин Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуу пландары жок экенин жана качан жолугары белгисиздигин айтты.
АКШ президенти Жо Байден 10-июлда Лондондо Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак менен жолукту. Байден эки мамлекетти «бекем достук» байланыштырып турарын баса белгиледи. Эки лидер Украинадагы согушту жана анын НАТОго кошулуусу тууралуу маселелерди талкуулашты.
Европага сапарга чыгар алдында Байден Киевди аскердик альянска кошуу боюнча өнөктүктө этият болууга чакырган.
"НАТОдо Украинаны азыр, согуш күчөп турган маалда аскердик альянска кошуу тууралуу бирдиктүү пикир бар деп ойлобойм", - деген Байден CNN телеканалына курган маегинде.
Бир нече күн мурда Американын президенти Украинага кассеталык ок-дарыларды жиберүү чечимин жактырган. Мындай ок-дарыларга 100дөн ашуун өлкөдө тыюу салынган. Арасында Британия да бар. Орусия, Украина жана АКШ Кассеталык ок-дарыларды өндүрүүгө, сактоого, колдонууга жана башкаларга берүүгө тыюу салган конвенцияга кол коюшкан эмес.