НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинанын келечеги альянста экенин, бирок “мүчөлөр макул болуп, шарттар аткарылганда” гана Киевге сунуш берилерин билдирди. Мындай пикирин ал Вильнюста өтүп жаткан НАТОнун саммитинин алкагында журналисттерге айтты.
Литванын баш калаасында альянстын эки күндүк жыйыны 11-июлда башталды. Анда Украинанын Түндүк Атлантика аскердик альянсына кошулуусу тууралуу маселе көтөрүлөрү мурда кабарланган.
Столтенберг Украина мүчөлүккө жакындаганын белгилеп, муну уюмдагы өлкөлөр Орусия басып киргенден бери Киевге колдоо көрсөтүп келатканы менен түшүндүрдү. Ал эң негизгиси бул согушта Украинанын жеңип чыгышын камсыздоо керек экенин, ансыз мүчөлүк маселеси талкууланбай турганын белгиледи.
Шейшембиде Литвага бараткан Украинанын президенти Владимир Зеленский уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлерин чечкинсиз деп айыптаган. Саммиттин алкагында ал АКШнын президенти Жо Байден менен жолугары кабарланган.
Мурдараак Жо Байден Украинаны НАТОго кабыл алууга азырынча эрте экенин билдирип, Киевдин блокко кириши альянс менен Орусиянын ачык тирешине жол ачышы мүмкүн экенин эскерткен.
Литванын баш калаасына дүйнө лидерлери чогулган маалда Украинанын чыгышында орус күчтөрү менен согушуп жаткан украин армиясынын 57-бригадасынын жоокерлери Киев жакын арада НАТОго кошуларына үмүттөнүп жатканын билдирип чыгышты.
Орусиянын армиясы 11-июлга караган түнү Украинанын борбору Киевге "Шахед" дрондору менен чабуул жасады. Шаар бийлиги алардын баары абадан коргоо системасы аркылуу атып түшүрүлгөнүн билдирди.
"Душман бул айда ушуну менен экинчи жолу Киевге абадан чабуул жасады. Ай башындагыдай эле душман "Шахедди" колдонду. Ирандын дрондору түштүк багыттан, Краснодар аймагынан учурулган болушу мүмкүн",-деди Киев шаардык аскердик администрацинын башчысы Сергей Попко.
Маалыматтарга караганда, Киев облусундагы калктуу конуштардын биринде дрондун сыныктары кулап, бир үйдүн курулушунда өрт чыкты. Өлкөнүн Ички иштер министрилиги анда терезелер сынып, чөп өрттөнүп кеткенин билдирди.
Баштапкы маалыматтарга караганда, жабыр тарткандар, жарадар болгондор жок. Окуя болгон жерде полициянын, куткаруу кызматын өкүлдөрү иштеп жатат.
Расмий Москва бул чабуулга байланыштуу комментарий берген жок.
Украинада Bayraktar учкучсуз учагын чыгарган заводдун курулушу башталды
Заводду буга чейин украин аймагына сокку уруучу дрондорду чыгарууну макулдашкан түркиялык Baykar компаниясы курууда.
"Заводду түркиялык Baykar компаниясы чындап кура баштады. Бул бир нече жыл сүйлөшүп, кийин ызы-чуудан кийин токтоп калган Bayraktar ири заводу. Азыр завод курулуп жатат, биз реалдуу кадамдарга өттүк", - деп билдирди Украинанын стратегиялык өнөр-жай тармактары боюнча министри Александр Камышин улуттук телемарафондун эфиринен.