Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:29

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:08 12.7.2023

Орусиянын армиясы Киев шаарына 11-июлдан 12ине караган түнү дагы дрондор менен чабуул жасады. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдиришинче, анда "Шахед" үлгүсүндөгү 15 учкучсуз аппаратын баары атып түшүрүлдү.

Маалыматта, дрондор бул ирет түндүк-чыгыш багытынан (Курск) учурулганы айтылат. Баштапкы маалыматтарга караганда жабыркагандар, жараат алгандар болгон жок.

Бул түнү Украинанын бардык аймагында абадан эскертүү берилип, ал беш саатка чейин созулду. Киев облустук аскердик администрациясы Телеграм-каналы аркылуу жарандарга кайрылып, украин жоокерлерин сүрөткө, видеого тартпоого, маалымат таратууда сак болууга чакырды.

Шаардык администрациянын башчысы Сергей Попко абадан эскертүү берилген маалда тургундар коопсуз жайда болушу керектигин эскертти.

Мындан бир түн мурда дагы Орусия Киевге дрондон чабуул жасаган. Анда 28 учкучсуз аппаратын 26сы жок кылынганы кабарланган.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Москва чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.

13:28 12.7.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский 12-июлда Вильнюста өтүп жаткан НАТО саммиттинин экинчи күнүндө Кошмо Штаттардын лидери Жо Байден, Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугат. Сүйлөшүүлөр ар бири менен өзүнчө өтөт.

Сунак билдиргендей, "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер Украинага узак мөөнөткө коопсуздук кепилдиктерин бере турган жана бул өлкөлөр менен эки тараптуу коргонуу жаатында келишимдерди түзүүгө жол ачкан макулдашууга 12-июлда кол коюшары күтүлүүдө.

НАТО 11-июлда тараткан билдирүүсүндө Украинанын келечеги уюмдун ичинде болгону менен, ага "мүчө мамлекеттердин бардыгы макул болгондо жана бардык шарттар аткарылганда гана" аскердик альянс Украинага чакыруу жибере турганын маалымдады.

Украинанын президенти саммит баштала электе НАТОну "чечкинсиз" деп сынга алган.

Кремль саммитти кескин сынга алып, альянс Орусияга "душман" катары карап, ансыз да туруксуз болуп жаткан дүйнөдөгү кырдаалды курчутуп жатканын билдирген.

11:15 12.7.2023

НАТОнун Вильнюстагы саммити

11-июлдагы саммиттин башкы темасы Украинага аскердик жана гуманитардык колдоо көрсөтүү жана анын уюмга мүчө болушунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу болду.

  • Владимир Зеленский Вильнюстагы Украинаны колдоо концертинде "НАТО Украинага коопсуздукту камсыз кылып берет. НАТО Украинаны күчтүү кылат. Мен бул жакка чечимге, кайсы агрессор болбосун кылчактабаган өнөктөштөргө ишенип келдим" деп айтты.
  • НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг уюмдун бардык катышуучулары өз милдеттерин аткарганда Киевди мүчөлүккө кабыл алууга чакыруу жибере турганын билдирди.
  • Бүгүн, 12-июлда Владимира Зеленский менен АКШ президенти Жо Байдендин эки тараптуу жолугушуусу өтөт.
  • НАТО саммитинде Германиянын канцлери Олаф Шольц жана коргоо министри Борис Писториус Украинага 700 миң евролук жаңы аскердик жардам бериле турганын билдиришти. Ага ылайык Киев "Леопард" танкынын 25ти, "Мардер" чопкутталган аскердик машинасынан 40ты, "Пэтриот" зениттик-ракеталык комплексинен экини, 20 миң артиллериялык снарядынан 20 миңди ала турган болду.
  • Эммануэл Макрон: Франция Украинага алыскы радиуска багытталган (Storm Shadow же SCALP) ракеталарынын берет. Норвегиянын өкмөтү Украинага аскердик жардамдын көлөмүн 240 миллиондон 930 миллионго чейин көтөрөт.
  • Орусия менен чек араларда НАТОнун туруктуу аскердик базалары пайда болот. Литванын президенти Гитанас Науседа НАТОну Москва Беларуска өзөктүк курал жайгаштырганы үчүн Орусия менен алаканы жараксыз деп таанууга чакырды. Мындай учурда Орусия менен чек араларга НАТОнун туруктуу базаларын жайгаштырууга болот. НАТО андан тышкары "кансыз согуштун" убагынан бери Орусиянын чабуулунан коргонуу планын алгачкы жолу даярдаганын Рейтер агенттиги жазды.
10:00 12.7.2023

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу эгер Украинага кассеталык ок-дары берилсе орус армиясы дагы мындай бомбаларды колдоно баштарын билдирди. Ал муну "аргасыз чара" жана Киевге "жооп" катары сыпаттап, ушул кезде Москва "кассеталык ок-дарыны колдонуудан карманып келе жатат" деп айтты.

Ошол эле маалда украин бийлиги Орусия согуш баштагандан бери бир канча жолу кассеталык бомба колдонгонун билдирип келет. Москва болсо дооматты такай четке кагат.

Өткөн аптада Кошмо Штаттары Украинага берилүүчү баасы 800 миллион долларлык кезектеги жардамдын алкагында кассеталык ок-дары жөнөтөрүн расмий бышыктаган. Коргоо министринин орун басары Колин Каль Киев мындай ок-дарынын колдонулушу тууралуу АКШга такай отчет берип турарын, өз эли үчүн тобоокелчиликти азайтуу максатында өз аймагында гана колдонуу тууралуу милдеттеме алганын белгилеген.

Президент Жо Байдендин кеңешчиси Жейк Салливан “Орусия Украинага каршы согуш ачкандан тартып эле кластердик бомбаларды колдонгонун, Украина өз аймагын коргош үчүн ушундай куралга муктаж экенин” айткан.

АКШнын бир катар өнөктөштөрү Украинага кассеталык ок-дары жөнөтүүгө каршы чыккан.

Кассеталык дүрмөттөр асманда жарылып, майда бөлүкчөлөрдү узакка чачыратат. Андан өтө көп жайкын тургундар кырылып калышы ыктымал деген кооптонуу бар. Бомбанын майда бөлүкчөлөрү аткылоо учурунда жарылбай, кийин жарылышы мүмкүн жана ал жер-суунун баарын мина талаасына айлантууга жөндөмдүү.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG