АКШнын президенти Жо Байден менен Украинанын лидери Владимир Зеленский Вильнюстагы саммиттин алкагында жолугушту.
Сүйлөшүүнүн алдында Байден Орусиянын агрессиясына каршы туруу менен Украина бүткүл дүйнөгө эрдиктин үлгүсүн көрсөткөнүн айтты.
Зеленский Украинага дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн ичинен эң чоң жардам көрсөткөнү үчүн АКШга ыраазылык билдирди.
Буга чейин маалымат каражаттары АКШ президентинин администрациясы HIMARS системасын колдонуу менен алыскы аралыкка жете турган ATACMS ракеталарын Украинага берүү маселесин карап жатканын жазып чыгышкан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинага узак мөөнөттүк коопсуздук кепилдиктерин бере турган "Чоң жетиге" мүчө кубаттуу мамлекеттердин макулдашуусун кубаттады, бирок ал НАТОго мүчөлүктүн ордун толтура албастыгын билдирди.
"Чоң жетиге" кирген мамлекеттер мындай макулдашуу тууралуу НАТОнун Украина боюнча билдирүүсүнөн кийин жарыялашты. 11-июлда Түндүк Атлантика аскердик альянсы "бардык мүчө мамлекеттер макул болгондо жана баардык шарттар аткарылганда гана Украинага чакыруу жиберерин" билдирип, кандай шарттар экенин чечмелеген эмес.
12-июлда Зеленский менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге чакыруу боло электигине карабастан, Украина НАТОго аябай эле жакындаганын билдирди.
"Биз өнөктөш катары жолугаар күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам", - деп кошумчалады.
Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак жарыялаган "Чоң жетинин" Украина боюнча макулдашуусуна ылайык, Киевге көбүрөөк коргонуу техникасы берилет, чалгын маалыматтарын алмашуу тездетилет жана кеңейтилет, кибер жана гибрид коркунучтарынан коргоо жаатындагы колдоо күчөтүлөт, Украинанын өндүрүштүк базалары өнүктүрүлөт.
Андан тышкары Киев менен "Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин ортосунда эки тараптуу узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүгө жол ачат.
Макулдашуу тууралуу расмий билдирүү Зеленский АКШ президенти Жо Байден менен жолуккандан кийин расмий жарыяланары күтүлүүдө.
Кремль дароо бул макулдашууну "мүчүлүштүк" деп сынга алды.
"Биз муну ойлонулбаган жана келечекте коркунуч туудуруучу кадам деп эсептейбиз",- деди маалымат катчы Дмитрий Песков.
Ал ошондой эле журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, батыш мамлекеттери Украинага коопсуздук кепилдиктерин сунуштоо менен Орусиянын коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын билдирди.
Орусиянын армиясы Киев шаарына 11-июлдан 12ине караган түнү дагы дрондор менен чабуул жасады. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдиришинче, анда "Шахед" үлгүсүндөгү 15 учкучсуз аппаратын баары атып түшүрүлдү.
Маалыматта, дрондор бул ирет түндүк-чыгыш багытынан (Курск) учурулганы айтылат. Баштапкы маалыматтарга караганда жабыркагандар, жараат алгандар болгон жок.
Бул түнү Украинанын бардык аймагында абадан эскертүү берилип, ал беш саатка чейин созулду. Киев облустук аскердик администрациясы Телеграм-каналы аркылуу жарандарга кайрылып, украин жоокерлерин сүрөткө, видеого тартпоого, маалымат таратууда сак болууга чакырды.
Шаардык администрациянын башчысы Сергей Попко абадан эскертүү берилген маалда тургундар коопсуз жайда болушу керектигин эскертти.
Мындан бир түн мурда дагы Орусия Киевге дрондон чабуул жасаган. Анда 28 учкучсуз аппаратын 26сы жок кылынганы кабарланган.
Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Москва чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 12-июлда Вильнюста өтүп жаткан НАТО саммиттинин экинчи күнүндө Кошмо Штаттардын лидери Жо Байден, Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугат. Сүйлөшүүлөр ар бири менен өзүнчө өтөт.
Сунак билдиргендей, "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер Украинага узак мөөнөткө коопсуздук кепилдиктерин бере турган жана бул өлкөлөр менен эки тараптуу коргонуу жаатында келишимдерди түзүүгө жол ачкан макулдашууга 12-июлда кол коюшары күтүлүүдө.
НАТО 11-июлда тараткан билдирүүсүндө Украинанын келечеги уюмдун ичинде болгону менен, ага "мүчө мамлекеттердин бардыгы макул болгондо жана бардык шарттар аткарылганда гана" аскердик альянс Украинага чакыруу жибере турганын маалымдады.
Украинанын президенти саммит баштала электе НАТОну "чечкинсиз" деп сынга алган.
Кремль саммитти кескин сынга алып, альянс Орусияга "душман" катары карап, ансыз да туруксуз болуп жаткан дүйнөдөгү кырдаалды курчутуп жатканын билдирген.