Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл Польшадан кийин Украинага барды. Бул Түштүк Кореянын президентинин былтыр шайлоодо жеңип чыккандан берки биринчи сапары. Сапар тууралуу алдын ала кабарланган эмес.
Юн Сок Ёл жана анын жубайы Украинанын башкы прокурору менен бирге Киев облусунун Буча жана Ирпен шаарларында болушту. Былтыр марттын этегинде украин армиясы Буча жана Ирпен шаарларын бошоткондон кийин 700дөн ашуун карапайым кишинин сөөгү табылган. Бул үчүн Орусия согуш кылмыштарына айыпталган. Москва айыптоолорду четке кагууда.
Түштүк Кореянын президенти курман болгон жоокерлердин мемориалына барып, украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшөрү күтүлүүдө.
Сеул Киевге курал-жарак жеткирбейт, бирок гуманитардык жана экономикалык жактан колдоо көрсөтүп келет. Жакында Украинага аймактарды миналардан тазалоочу жабдуулар жөнөтүлөрү кабарланган. Мындан сырткары Түштүк Корея Украинаны колдоо үчүн түзүлгөн НАТО фондунун ишине катышат.
Жазында Юн Сок Ёл жайкын тургундарга олуттуу коркунуч жаралса, анын өлкөсү Украинага курал-жарак жөнөтүшү мүмкүн экенин айткан. Буга жооп катары Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москва Корей жарым аралындагы кырдаалды жөнгө салууда бул маселени эске аларын билдирген.
Жапониянын экономикалык маселелерди талдаган Nikkei Asia басылмасы май айында маалымдагандай, түштүк кореялык ок-дарыларды чыгаруучу Poongsan өндүрүшү жылдын биринчи кварталында экспортун 77% көбөйткөн.
Ок-дарылар негизинен Европа Биримдигине, атап айтканда Польшага жөнөтүлгөн. Басылманын аналитиктери экспорттун өсүшүн Украинадагы кырдаалдан улам Европада ок-дары жетишсиз болуп жатканына байланыштырган.
Орус армиясы 15-июлга караган түнү Украинага түштүк багыты боюнча иран өндүрүшүнөн чыккан "Шахед" дрону менен алты жолу чабуул жасады. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы кабарлады. Маалыматка караганда, төрт учкучсуз учак атып түшүрүлдү.
Запорожьеде орус армиясынын чабуулунан 62 жаштагы жергиликтүү тургун жабыркады. Ал орточо оор абалда ооруканага жаткырылганын шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев билдирди.
Анын айтымында, чабуулда инфратүзүм объектилери зыян тарткан. Төрт кабаттуу үйдүн айнеги күбүлүп түшкөн.
"Шахед-136/131" дронунун үчөө Николаев облусунда атып түшүрүлгөнүн облустук администрациянын башчысы Виталий Ким билдирди. Аба коркунучу тууралуу эскертүү Украинанын Сумы, Полтава, Харьхов, Днепропетровск жана Донецк облустарында жаңырды.
Беларус "Вагнердин" жоочулары келгенин билдирди
Беларустун Коргоо министрлиги Могилев облусуна "Вагнердин" жоочулары келгенин билдирди. Маалыматта алар Осипович полигонунда беларус аскерлерине аймактык коргонуу боюнча машыгуу өткөрүп жатат. Министрликтин Телеграм-каналында беларус аскерлери "согуш талаасында ары-бери жылуу, тактикалык атуу жөндөмдөрүн үйрөнүп, инженердик даярдык жана тактикалык медицина боюнча билим алууда". Билдирүүдө "Вагнердин" согушкерлери аскердик тартип боюнча инструктор болуп жатканы айтылат.
Ведомство мындан тышкары аскердик топтун жетекчилиги менен "жакын арада бөлүктөр ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн жол картасын иштеп жатканын" билдирди.
Аскердик топтун канча жоочусу Могилев облусунда жүргөнү так эмес. "Беларускі Гаюн" тобунун мониторингинде республикага 200 "вагнерчи" келген.
"Свобода" радиосунун беларус кызматы спутниктен алынган сүрөттөрдү анализдеп көрүп Осиповичтин каралбай калган аскердик бөлүгүндө чатыр лагеринин курулушу жүрүп жатканын билдирди. Журналисттер кеминде 300 талаа чатырын эсептеп чыккан, алардын ар бирине 20дан 50 адамга чейин батат.
- 23-июнда "Вагнер" жеке менчик аскердик тобунун башчысы Евгений Пригожин Орусиянын армиясы алар турган жерлерге ракета менен сокку урганын билдирген. Мындан кийин "Вагнердин" 25 миң жоочусу Москвага барып, Орусиянын Коргоо министрлигинин жетекчилерин жоопко тарта турганын кабарлаган.
- Бир сутка ичинде "Вагнер" Ростов-на-Дону шаарын жана Воронеждеги аскердик объекттерди өз көзөмөлүнө алган.
- 24-июнда кечинде Пригожин менен Александр Лукашенконун сүйлөшүүсүнөн кийин "Вагнердин" Москвага карай жүрүшү токтогон. "Вагнерчилерге" Беларуска жайгашуу сунушталган.
- Жакында эле "Коммерсант" басылмасы менен маегинде Орусиянын президенти "Вагнер" жеке аскердик тобун юридикалык жактан жокко чыгарган. Бирок ага чейин козголоң тууралуу айтып жатып Владимир Путин мамлекет аскердик топту каржылап, жылына 86 млрд. рубль алып турганын айткан.
Орусия Женева конвенцияларын түздөн-түз бузуу менен карапайым калкты кармоонун жана катаал мамиле кылуунун кеңири жайылган системасын түздү.
Орусияда жана ал басып алган аймактарда жайгашкан жабык мекемелерде миңдеген украиналыктар кыйноого алынышы мүмкүн. Жүздөгөн адамдар көрүстөндөрдү казууга жөнөтүлүп жатканын Associated Press билдирди.
Агенттик мындай тыянакка украиналык согуш туткундары, мурдагы жана жана азыркы камактагылардын үй-бүлөлөрү, украин чалгынчылары менен жүргүзүлгөн ондогон интервьюлардын негизинде келген. Спутниктен алынган сүрөттөргө, документтерге, Кызыл Чырымдын каттарына жана социалдык тармактардыгы маалыматтарга таянган.
Журналисттер оккупацияланган аймактарда кармалган украиналыктар ар кайсы жерде, абактын жаңы имараттарында, жертөлөлөрдө кармалып турганын белгилешет. Ошондой эле алар орус бийлигинин оккупацияланган аймактарда жаңы колонияларды жана убактылуу кармоочу жайларды куруу пландарын да эске салышкан.
Көптөгөн жайкын тургундар майда укук бузуулар үчүн, анын ичинде украин тилинде сүйлөгөнү же жөн эле оккупацияланган чөлкөмдө жүргөнү үчүн камакка алынганы кабарланууда. Алардын көбүнө айып тагылган эмес, бирок камакта. Башкалары террорчулар, согушкерлер же “атайын аскердик операцияга каршылык көрсөткөндөр” катары камакка алынган.
Орус бийлиги айрым жарандарды бир нече күн же апта, айрымдарын бир жылдан ашуун убак кармаган. Бошогондордун дээрлик бардыгы кыйноого кабылганын же ушундай жагдайга күбө болушканын билдиришкен.
"Кыйноолор үзгүлтүксүз, анын ичинде электр тогу менен кыйноо, уруп-сабоо болгон, анын кесепетинен адамдардын баш сөөгү же кабыргалары сынган", - деп жазган басылма. Мурдагы камалгандар адам өлүмүнө дагы күбө болгонун билдиришкен.
Бириккен Улуттар Уюмунун Украинага көз салган миссиясынын июнда жарык көргөн баяндамасында 2022-жылдын 24-февралында Орусия кошуна мамлекетке басып кирип, согуш ачкандан бери 77 украин тургундун өлүмүнө забын болгону белгиленген. Жалпысынан Орусия басып алган аймактардан 864 бейкүнөө тургун кармалган. Алардын дээрлик 90% кыйноого кабылган.
Associated Press камалгандардын так санын аныктоо кыйын экенин жазды. Украина өкмөтү айыпталган миңден ашык адамдын маалыматтарын тастыктай алды. Gulagu.net долбоорунун негиздөөчүсү Владимир Осечкиндин айтымында, Орусияда кеминде төрт миң жайкын тургун камакта, дагы ушунчасы оккупацияланган аймактарда. Украинанын атынан сүйлөшүүлөргө катышкан Александр Кононенконун айтымында, туткунда 10 миңге чейин жайкын тургун болушу мүмкүн.
Басылманын маалыматына караганда, жүздөгөн адамдар окоп, көрүстөн казуу, аларды бекемдөө иштерине пайдаланылып жатат. 50 жаштагы Елена Якупова 2022-жылдын октябрында Запорожье облусунда кармалганын айткан. Аны үйүнөн алып кетишкен, андан кийин алар күйөөсү (украин аскери) тууралуу маалымат берүүнү талап кылышкан. Аялдын айтымында, "алар анын бетин желим баштык менен чаптап, башына суу куюлган бөтөлкө менен уруп, мойнуна жип орошкон".
Марттын ортосуна чейин Елена ондон ашык украиналык жарандар менен бирге траншея, аң казууга аргасыз болгон. Аны ал жакка алып келген орус аскерлери: "Эми сен Орусия Федерациясынын жыргалчылыгы үчүн бир нерсе кыласың" дешкен.
Associated Press белгилегендей Орусия Украинадан келген жарандарды кармап жатканын мойнуна албайт.