Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:51
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл

Украина ракеталык соккуга кабылды, Орусия согушка студент кыздарды тартууда

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:25 15.7.2023

БРИКС уюмунун кезектеги саммити Йоханнесбург шаарында өтөт. Ага уюмга кирген беш өлкөнүн: Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканын башчылары катышат.

Бул тууралуу Түштүк Африка Республикасынын (ТАР) президенти Сирил Рамафоса билдиргенин Eyewitness News жазды.

Өз кезегинде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Рамафосанын билдирүүсүнө комментарий берип жатып, орус президенти Владимир Путин саммитке кандай форматта катыша турганы аныктала электигин билдирди.

Түштүк Африканын вице-президенти Пол Машатиле Mail & Guardian гезитине курган маегинде Орусия Рамафосанын саммитте орус делегациясын Путиндин ордуна тышкы иштер министри Сергей Лавров жетектесин деген өтүнүчүн четке какканын белгиледи.

Ал Индия менен Бразилия саммитти Кытайда өткөрүү вариантынан баш тартканын кошумчалады.

  • Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди "Украинадагы кырдаалдын контекстинде" кармоого 17-мартта ордер чыгарган. Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Беловага да украиналык балдарды мажбурлап алып кеткени үчүн кармоого ордер чыккан.
  • Түштүк Африка Республикасы Эл аралык кылмыш сотунун чечимдерин аткарууга милдеттендирген Рим статутуна кол койгон өлкөлөрдүн катарына кирет.
  • Май айында түштүк африкалык Sunday Times басылмасынын булактары өлкө бийликтери Владимир Путинден БРИКС саммитине келбөөнү суранганын кабарлашкан.
  • Bloomberg ТАР Путинге карата ордерди аткарбоо үчүн бардык варианттарды карап жатканын өз булактарына таянып кабарлаган.
  • Өткөн жылдын февраль айында Орусия Украинага бастырып киргенден бери Түштүк Африка куралдуу жаңжалды токтотуу үчүн бейтарап калууну жана диалогду артык көрөрүн белгилеп, Москванын аракеттерин ачык айыптаган эмес.
15:59 14.7.2023

Орусиянын президенти Владимир Путин "Вагнер" менчик аскердик компаниясы жок экенин билдирди. Буга чейин ал аталган компания толугу менен өкмөттөн каржыланып келгенин айткан.

Путин "Коммерсанттын" кабарчысы Андрей Колесниковго кыска маек куруп, "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана анын командирлери менен жолукканы тууралуу айтып берди. Орус президентинин айтымында, ал "24-июндагы окуялар маалындагы" жана согуш талаасындагы аракеттерине баа берген.

Журналисттин "Вагнердин" тагдыры тууралуу суроосуна Путин ал компания жок экенин билдирди.

"Бизде менчик аскердик уюмдар тууралуу мыйзам жок да! Жок андай компания", - деп жооп берди Путин.

Эки аптадай мурда Орусиянын президенти "Вагнер" компаниясын толугу менен өкмөт каржылап келгенин, бир жыл ичинде мамлекеттик бюжеттен 86 миллиард рубль алганын белгилеген.

Евгений Пригожин 23-24-июнь күндөрү "куралдуу козголоң" уюштуруп, Москваны көздөй жөнөгөн. Баш калаага аз калганда ал артка кайтарын жарыялаган. Ошол маалда Пригожинди "саткын" деп атаган Путин 29-июлда аны кайра Кремлде кабыл алганы белгилүү болгон.

10:37 14.7.2023

Фронттогу кырдаал: орусиялык аскерлер чыгыштан, украиналыктар түштүктөн чабуул коюуда

Орусиялык аскерлер фронттун чыгыш тарабынан: Купянск, Лиман, Авдеевка жана Марьинка багытында чабуулга өтүүдө. Бахмутта кырдаал курч.

Түштүктө Мелитополь и Бердянск багытында украин күчтөрү алдыга жылып, позицияларын бекемдөөдө.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдиришинче, орусиялык күчтөр туруштук берүү үчүн болгон ресурсун колдонуп жатат, бирок украиналыктардын аскердик логистикага урган соккусунан улам мурдагыдай тынымсыз чабуулга өтө албай калды.

Согуш маалында маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн болбой жатат.

10:26 14.7.2023

Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги кассеталык ок-дарылар Украинага жеткирилгенин ырастады.

Пентагондогу штабдардын биргелешкен комитеттеринин өкүлү Дуглас Симс 13-июлда брифингде мындай ок-дарынын теңин АКШ, калган бөлүгүн өнөктөштөрү бергенин маалымдады.

Ал Bloomberg басылмасынын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып Киев кассеталык бомбаларды жайкын тургундар жашаган аймакка жакын колдонууга кызыкдар эместигин белгиледи.

"Украиналыктар орусиялыктардын айырмаланып кассеталык ок-дарыны эл жашаган аймакка жакын жерде колдонууга кызыкдар деп ойлобойм. Алар кассеталык ок-дары мээлеген бутага тийбей калышы ыктымалдыгын да билишет жана түшүнүшөт", - деди Дуглас.

Өткөн аптада Вашингтон Киевге бериле турган баасы 800 миллион долларлык кезектеги жардамдын алкагында кассеталык ок-дары жөнөтөрүн расмий бышыктаган. Коргоо министринин орун басары Колин Каль Киев мындай ок-дарынын колдонулушу тууралуу АКШга такай отчет берип турарын, өз эли үчүн тобокелдикти азайтуу максатында өз аймагында гана колдонуу тууралуу милдеттеме алганын белгилеген.

Президент Жо Байдендин кеңешчиси Жейк Салливан “Орусия Украинага каршы согуш ачкандан тартып эле кластердик бомбаларды колдонгонун, Украина өз аймагын коргош үчүн ушундай куралга муктаж экенин” айткан.

АКШнын бир катар өнөктөштөрү Украинага кассеталык ок-дары жөнөтүүгө каршы чыккан.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу эгер Украинага кассеталык ок-дары берилсе, орус армиясы дагы мындай бомбаларды колдоно баштай турганын эскерткен. Ал муну "аргасыз чара" жана Киевге "жооп" катары сыпаттап, ушул кезде Москва "кассеталык ок-дарыны колдонуудан карманып келе жатканын" айткан.

Украинанын бийлиги Орусия согуш баштагандан бери бир канча жолу кассеталык бомба колдонгонун билдирип келет. Москва болсо дооматты такай четке кагууда.

Кассеталык дүрмөттөр асманда жарылып, майда бөлүкчөлөрдү узакка чачыратат. Андан өтө көп жайкын тургундар кырылып калышы ыктымал деген кооптонуу бар. Бомбанын майда бөлүкчөлөрү аткылоо учурунда жарылбай, кийин жарылышы мүмкүн жана ал жер-суунун баарын мина талаасына айлантууга жөндөмдүү.

Дүйнөдө кассеталык бомбаларды колдонууга тыюу салуу конвенциясы 2010-жылдан бери күчүнө кирген. Ага 100дөн ашык мамлекет кол койгон, бирок Орусия да, Украина да кошулган эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG