Орусияда "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин компаниялары куралдуу козголоңдон кийин деле мектептерди жана ооруканаларды тамак-аш менен камсыздоо тууралуу келишим түзүүнү улантып жатышат. Бул тууралуу RTVI каналы кабарлады.
Жалпысынан 1 млрд. 64 миллион рублга тогуз келишим түзүлгөн. Алардын арасында Москванын жака белиндеги Мытищи шаардык аймагынын билим берүү башкармалыгы "Продфутсервис" компаниясы менен 705 миллиондук келишимге кол койгон.
Анын алкагында аталган ишкана Москва облусунун мектептерин 2023-2025-жылы тамак-аш менен камсыздайт.
Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн алдындагы Түштүк аскердик округунун 58-жалпы аскердик бөлүгүнүн командачысы, генерал-майор Иван Попов "ачуу чындык" жазылган баяндама үчүн кызматтан четтетилгенин айтып чыкты.
Бул тууралуу ал аскерлерге жасаган аудио кайрылуусунда билдирген. Аны Мамлекеттик думанын депутаты, бир кезде 58-жалпы аскердик бөлүгүн жетектеген Андрей Гурулев таратты.
Анда Попов камсыздандыруу жана аскердик иштер боюнча бир катар көйгөйлөрдү ачык айтканын маалымдаган. Генерал-майордун пикиринде, орус армиясынын эң башкы көйгөйү контрбатареялык күрөштүн жоктугунда, украин күчтөрүнүн артиллерия багытында күчтүү экенинде.
Аскер кызматкери ушул маселелерден улам орус тарап жапырт жоготууга учурап жатканын кошумчалаган.
"Буга байланыштуу жогорку жактагылар мени кандайдыр бир коркунуч катары көрүштү окшойт. Бир күндүн ичинде буйрукту токуп, коргоо министри дароо кол коюп, мени иштен алышты", - дейт Попов.
Орусиянын Коргоо министрлиги генерал-майордун айткандарына комментарий бере элек.
Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институтунун маалыматына ылайык, Попов Башкы штабдын жетекчиси, Украина аймагындагы Бириккен Күчтөр тобунун командири Валерий Герасимовго берген доклады үчүн кызматтан алынган. Ал өзүнүн кол алдындагы жана согуш тилкесинде узак убакыттан бери турган аскерлерди ротациялоо зарылдыгын айткан.
The Insider басылмасы жазгандай, Украинанын күчтөрү Запорожье багытында 58-жалпы аскердик бөлүгүнүн турумдарына чабуул жасап келет.
Украина туткунда каза тапкан 19 адамдын сөөгүн кайтарып алды
Бул тууралуу Украинанын өзгөчө дайынсыз жоголгондор боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү билдирди.
"Адам туткунда жатканда аны суракка алышат, биз муну видеолордон көрүп жатабыз. Мен туткунда каза болгон 19 адамдын сөөгүн алып келдим. Дагы төртөөнү жакын арада алып келем", - деди Котенко дайынсыз жоголгондордун укуктук статусу тууралуу мыйзамдын кабыл алынганына байланыштуу өткөн жылдык жыйынында сүйлөп жатып.
Орусиянын армиясы Киевди үчүнчү түнү дагы дрондор менен аткылады. Шаар мэри Виталий Кличко анда бир адам набыт болгонун кабарлады.
Ал Телеграм-каналына "Подольск районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде тутанган отту өчүрүү маалында бир адамдын сөөгү табылды", - деп жазды.
Киев шардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко дрондун сыныктары жалпысынан төрт районго кулаганын, айрым жерлерде өрт тутанып, дагы эки адам жараат алганын билдирди.
Киев баштаган Украинанын бир катар аймактарында 12-июлдан 13үнө караган түнү дагы абадан эскертүү берилди.
Орусиянын армиясы Киевге 11-12-июль күндөрү дагы түнкүсүн дрон менен чабуул жасаган. Анда Украина абадан коргонуу системасы аркылуу ондогон дрондор атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Москва чабуулдар тууралуу комментарий бербей келет.