Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Путин "куралдуу козголоңдон" кийин Пригожин менен жолуккан


Орусиянын президенти Владимир Путин жана "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин. Коллаж сүрөт.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин. Коллаж сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин менен "куралдуу козголоңдон" кийин жолуккан.

Бул тууралуу Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 10-июлда билдирди.

Анын айтымында экөө 29-июнда жолуккан. 35 киши катышкан жыйын үч саатка созулган. Арасында "Вагнер" компаниясынын командирлери болгонун жана алар Владимир Путинге Украинада орус президенти үчүн согушууга убада беришкенин Песков кошумчалады.

Жыйында тараптар "куралдуу козголоңдун" жыйынтыгын талкуулашып, Путин окуяга "өз баасын берип", командирлердин сөзүн укканы маалым болду.

Пригожин азыр кайда экенин Кремлдин расмий өкүлү айткан жок.

24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтышарын күтүүсүздөн жарыялаган. Андан кийин ал Беларуска барганы маалымдалган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июндагы билдирүүсүндө "Вагнер" менчик аскердик компаниясы толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин моюнга алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG