Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58
Киев, Украина. 2-июль, 2026-жыл.
Киев, Украина. 2-июль, 2026-жыл.

Түз ободо Киев: Орусиянын соккусунан каза тапкандар 20дан ашты

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




00:49 16.7.2023

NYT: Украина контрчабуул баштагандан бери чопкутталган аскердик техникасынын 20 пайызын жоготушу мүмкүн

The New York Times басылмасына жарык көргөн аналитикалык макаланын авторлору бул тууралуу америкалык жана европалык чиновниктерге таянып билдирди. Кеп Киевге Батыш берген аскердик техникалар тууралуу болуп жатат. Алардын маалыматында украин армиясынын жердеги аскерлери үчүн берилген "Брэдли" жана немистердин "Леопарды" мина талаасында жардырылып, орустардын тик учактары тарабынан талкаланган.

Авторлор буга орусиялык армиянын украин контрчабуулуна даярдаганга убактысы болуп, танк жүрө турган жерлерди миналоого үлгүргөнү менен түшүндүргөн. Мындан улам украин армиясы тактикасын өзгөртүп, орусиялык бөлүктөргө артиллериялык жана ракеталык гана сокку уруп, миналанган талаада душманга чабуул коюудан баш тарткан.

Макалада украин армиясы азырынча Азов деңизинен 100 чакырым бөлүп турган фронттук тилкеде 8 чакырым алга жылганы белгиленген. Азов деңизине чыгуу Украинанын контрчабуулунун башкы максаты бойдон калууда. Мындай максат ишке ашса, Днепрдин сол жээгиндеги орусиялык аскерлер байланышсыз калат жана жердеги орус аскерлери үчүн Крымга кирген коридор толугу менен жабылат.

22:58 15.7.2023

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл Польшадан кийин Украинага барды. Бул Түштүк Кореянын президентинин былтыр шайлоодо жеңип чыккандан берки биринчи сапары. Сапар тууралуу алдын ала кабарланган эмес.

Юн Сок Ёл жана анын жубайы Украинанын башкы прокурору менен бирге Киев облусунун Буча жана Ирпен шаарларында болушту. Былтыр марттын этегинде украин армиясы Буча жана Ирпен шаарларын бошоткондон кийин 700дөн ашуун карапайым кишинин сөөгү табылган. Бул үчүн Орусия согуш кылмыштарына айыпталган. Москва айыптоолорду четке кагууда.

Түштүк Кореянын президенти курман болгон жоокерлердин мемориалына барып, украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшөрү күтүлүүдө.

Сеул Киевге курал-жарак жеткирбейт, бирок гуманитардык жана экономикалык жактан колдоо көрсөтүп келет. Жакында Украинага аймактарды миналардан тазалоочу жабдуулар жөнөтүлөрү кабарланган. Мындан сырткары Түштүк Корея Украинаны колдоо үчүн түзүлгөн НАТО фондунун ишине катышат.

Жазында Юн Сок Ёл жайкын тургундарга олуттуу коркунуч жаралса, анын өлкөсү Украинага курал-жарак жөнөтүшү мүмкүн экенин айткан. Буга жооп катары Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москва Корей жарым аралындагы кырдаалды жөнгө салууда бул маселени эске аларын билдирген.

Жапониянын экономикалык маселелерди талдаган Nikkei Asia басылмасы май айында маалымдагандай, түштүк кореялык ок-дарыларды чыгаруучу Poongsan өндүрүшү жылдын биринчи кварталында экспортун 77% көбөйткөн.

Ок-дарылар негизинен Европа Биримдигине, атап айтканда Польшага жөнөтүлгөн. Басылманын аналитиктери экспорттун өсүшүн Украинадагы кырдаалдан улам Европада ок-дары жетишсиз болуп жатканына байланыштырган.

15:33 15.7.2023

Орус армиясы 15-июлга караган түнү Украинага түштүк багыты боюнча иран өндүрүшүнөн чыккан "Шахед" дрону менен алты жолу чабуул жасады. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы кабарлады. Маалыматка караганда, төрт учкучсуз учак атып түшүрүлдү.

Запорожьеде орус армиясынын чабуулунан 62 жаштагы жергиликтүү тургун жабыркады. Ал орточо оор абалда ооруканага жаткырылганын шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев билдирди.

Анын айтымында, чабуулда инфратүзүм объектилери зыян тарткан. Төрт кабаттуу үйдүн айнеги күбүлүп түшкөн.


"Шахед-136/131" дронунун үчөө Николаев облусунда атып түшүрүлгөнүн облустук администрациянын башчысы Виталий Ким билдирди. Аба коркунучу тууралуу эскертүү Украинанын Сумы, Полтава, Харьхов, Днепропетровск жана Донецк облустарында жаңырды.

12:47 15.7.2023

Беларус "Вагнердин" жоочулары келгенин билдирди

Беларустун Коргоо министрлиги Могилев облусуна "Вагнердин" жоочулары келгенин билдирди. Маалыматта алар Осипович полигонунда беларус аскерлерине аймактык коргонуу боюнча машыгуу өткөрүп жатат. Министрликтин Телеграм-каналында беларус аскерлери "согуш талаасында ары-бери жылуу, тактикалык атуу жөндөмдөрүн үйрөнүп, инженердик даярдык жана тактикалык медицина боюнча билим алууда". Билдирүүдө "Вагнердин" согушкерлери аскердик тартип боюнча инструктор болуп жатканы айтылат.

Ведомство мындан тышкары аскердик топтун жетекчилиги менен "жакын арада бөлүктөр ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн жол картасын иштеп жатканын" билдирди.

Аскердик топтун канча жоочусу Могилев облусунда жүргөнү так эмес. "Беларускі Гаюн" тобунун мониторингинде республикага 200 "вагнерчи" келген.

"Свобода" радиосунун беларус кызматы спутниктен алынган сүрөттөрдү анализдеп көрүп Осиповичтин каралбай калган аскердик бөлүгүндө чатыр лагеринин курулушу жүрүп жатканын билдирди. Журналисттер кеминде 300 талаа чатырын эсептеп чыккан, алардын ар бирине 20дан 50 адамга чейин батат.

  • 23-июнда "Вагнер" жеке менчик аскердик тобунун башчысы Евгений Пригожин Орусиянын армиясы алар турган жерлерге ракета менен сокку урганын билдирген. Мындан кийин "Вагнердин" 25 миң жоочусу Москвага барып, Орусиянын Коргоо министрлигинин жетекчилерин жоопко тарта турганын кабарлаган.
  • Бир сутка ичинде "Вагнер" Ростов-на-Дону шаарын жана Воронеждеги аскердик объекттерди өз көзөмөлүнө алган.
  • 24-июнда кечинде Пригожин менен Александр Лукашенконун сүйлөшүүсүнөн кийин "Вагнердин" Москвага карай жүрүшү токтогон. "Вагнерчилерге" Беларуска жайгашуу сунушталган.
  • Жакында эле "Коммерсант" басылмасы менен маегинде Орусиянын президенти "Вагнер" жеке аскердик тобун юридикалык жактан жокко чыгарган. Бирок ага чейин козголоң тууралуу айтып жатып Владимир Путин мамлекет аскердик топту каржылап, жылына 86 млрд. рубль алып турганын айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG