"Алга Казакстан!" кыймылынын Казакстандын Астана, Алматы жана Көкчөтоо шаарларында Украинаны колдоо митингдерин өткөрүүгө уруксат берилбеди. Бул тууралуу “Активисттер-Экстремисттер эмес” мониторинг тобу билдирди.
Кыймыл август айында бир канча акция өткөрүү ниети менен шаардык администрацияларга кайрылган. Бирок макулдук ала алышкан эмес.
Астана акимчилиги муну митинг өткөрүү тууралуу толук маалымат берилбегени менен түшүндүрсө, Алматы акимчилиги коомдук коопсуздук маселесинен улам ушундай чечим кабыл алынганын маалымдады.
Көкчөтоо шаарынын акимчилиги митинг өткөрүү сунушталган даталарга башка иш-чаралар пландалганы себеп болгонун айтты. Буга чейин да бир канча шаарда Украинаны колдогон акцияларды өткөрүүгө уруксат берилген эмес.
2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып киргенден бери казак активисттери согушка каршы акцияларды өткөрүп, айрымдарына бийлик уруксат бербей келет.
Мониторинг тобунун маалыматы боюнча, активисттер Украинаны колдоо акцияларын өткөрүүгө 108 жолу уруксат ала алган эмес.
Орусия Кара деңиз портторунан украин данын экспорттоо келишимин токтотту. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 17-июлда билдирип, муну Москва койгон шарттар аткарылбаганы менен түшүндүрдү.
Песков талаптар аткарылар замат Кремль келишимди жандантууга даярдыгын белгиледи.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Түркияга, Украинага жана БУУнун катчылыгына маалымат берилгенин айтты.
Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.
Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү эки жолу узартылды. Андан бери Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.
Орусия дан келишимин узартуу үчүн койгон шарттардын бири - "Россельхозбанкты" SWIFT эл аралык банктык төлөм системасына кайра кошуу. Москва ошондой эле Украина аркылуу Европага тоскоолдуксуз аммиак жеткирүүнү талап кылууда.
Орусиянын Улуттук антитеррордук комитети аннексияланган Крымдагы көпүрөнүн жардырылышын террордук акт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Москва ага Украинанын эки учкучсуз учагы чабуул койгонун билдирүүдө.
17-июлга караган түнү Крым көпүрөсүндө жарылуу болуп, жол кыймылы токтоп калды. Телеграм-каналдар көпүрөнү тиреген конструкция жардырылганын кабарлашты. Мурдараак Орусиянын Транспорт министрлиги трассага гана зыян кетирилгенин билдирген.
Орусиялык Baza жана 112 Телеграм-каналдары өз булактарына таянып, көпүрөдө бараткан машинада белгороддук үй-бүлө - күйөөсү менен аялы каза тапканын маалымдашты. Кийинчерээк Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков муну тастыктады.
Киев окуяга комментарий бере элек.
Былтыр октябрда Крым көпүрөсүндө оор машина жарылып, күйүүчү май ташыган поезд өрттөнүп, көпүрөнүн бир бөлүгү жарактан чыккан.
Аннексияланган Крымдагы көпүрөдө 17-июль күнү эртең менен жардыруудан улам унаа кыймылы токтотулду. Телеграм каналдар көпүрөнүн тирөөчү бузулганын жазышты. Орусиянын Транспорт министрлиги жолдун бир бөлүгү гана бузулганын айтып жатат.
Аннексияланган Крымдын Орусия дайындаган «башчысы» Сергей Аксенов 17-июлда таңга маал Крым көпүрөсүндөгү унаа кыймылы «өзгөчө кырдаалга» байланыштуу токтотулганын билдирди.
Краснодар крайынын ыкчам штабынын маалыматы боюнча, көпүрөнүн кире беришинде үч чакырымга созулган тыгын пайда болду.