Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:42
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл

Украина ракеталык соккуга кабылды, Орусия согушка студент кыздарды тартууда

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




20:43 16.7.2023

17-июлда Москва менен Киевдин БУУнун жана Анкаранын ортомчулугу менен жетишилген дан келишими соңуна чыгууда. 27-июндан бери Орусия Кара деңиздеги порттордон арпа-буудай ташыган жаңы кемелерди каттоого уруксат берген эмес.

Жекшембиде Одесса портунан буудай жүктөлгөн акыркы кеме Кара деңизге чыкканын Рейтерс агенттиги кабарлады. Бирок украин расмий адамдары түрк желеги астындагы кеме порттон чыкканына байланыштуу комментарий жасай элек.

14-июлда БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш келишимди узартуу сунушуна орус президенти Владимир Путинден жооп күтуп жатканын билдирген. Маалыматка караганда, "Россельхозбанктын" филиалын эл аралык төлөмдөрдүн SWIFT системасына кайра туташтыруу сунуш кылынган. Бирок орус президенти 15-июлда сунушту көрбөгөнүн билдирди.

Москва Украинага кол салганы, Кара деңиз аркылуу дан экспорту токтоп калып, дүйнөдө азык-түлүк кымбаттаган.

Киев менен Москва дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Андан бери Украинадан ондогон миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду. Келишимдин мөөнөтү 3 жолу узартылды. Акыркы жолу мунасага 17-майда жетишилген.

Украина дан эгиндерин, өсүмдүк майын дүйнөлүк рынокко чыгарган негизги өлкөлөрдүн бири.

Киев жана бир катар Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинанын портторун блокадага алуу менен дүйнөдө ачарчылыкка жол ачып, Москва муну курал катары колдонуп жатканын айтышкан. Кремл айыптоолорду четке кагып, келишимди узартуу үчүн өз айыл чарба продукциясына байланышкан улам бир талапты коюуда.

Кара деңиздеги данды экспорттоочу коридорго Украина, Орусия жана Түркиянын өкүлдөрү кирген Стамбулдагы биргелешкен координациялык борбор мониторинг кылат.

Путин Украина орус аскерлерине каршы кассеталык ок-дары пайдаланса, ага «жооп кайтарыларын» билдирди. 16-июлда орус мамлекеттик телеканалы тартуулаган интервьюда ал АКШнын Киевге кассеталык амуниция жөнөткөнүн сындады.

Сөз болгон ок-дарыга дүйнөдөгү 100дөн ашуун өлкөдө тыюу салынган.

13-июлда Пентагондогу штабдардын биргелешкен комитеттеринин өкүлү Дуглас Симс андай ок-дары Украинага жеткирилгенин ырастап, теңин Вашингтон, калган бөлүгүн өнөктөштөрү бергенин маалымдаган.

Путин орус куралдуу күчтөрү кассеталык аммуницияны Украинада колдонуп келгенин четке какты. Бирок Киев жана Батыштын атайын кызматтары Орусия былтыр февралда кошуна өлкөсүнө каршы согуш ачканда андай ок-дарыны пайдаланганын аныкташкан.

Украинанын Башкы штабы акыркы 24 саатта 39 согуштук кагылышуулар болгонун кабарлады. Эң оор кармаштар Донецк облусундагы Авдеевка, Лиман, Марьинка деген шаарларда уланууда. Киев түштүк багытта аскерлери бир аз алга жылганын билдирди.

Харьков шаарына 15-16-июлда бир нече ракета атылганын облус бийлигинин башчысы Олег Синегубов Телеграм каналына жазды.

Ишемби жана жекшембиге караган түнү Украинада орус армиясынын аткылоосунан төрт карапайым киши мерт кетти, сегизи жараат алды.

Украин тараптын маалыматы боюнча орус аскерлери Запорожьенин 13 айыл-кыштагына 52 жолу сокку урушту. Облустун аскердик администрация башчысы Степногорск шаарында жети киши жабыркаганын билдирди.

Ал арада аннексияланган Крымдын бийлиги түн ичинде украиналык дрондор Севастополь шаарына чабуул койгонун кабарлады. Маалыматты орус Коргоо министрлиги бышыктап, каршы тарап жети дрон жана эки учкучсуз радар пайдаланганын кошумчалады.

Министрлик алардын бардыгы жок кылынганын, соккудан эч ким жабыркабаганын билдирди. Орус билйиктеринин айткандарын көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн боло элек.

Ал арада Сеул Украинага гуманитардык жардамын көбөйтмөй болду. Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен ишемби күнкү сүйлөшүүдөн кийин быйыл 150 миллион доллар жардам берилерин, бул былтыркыга караганда 50 миллионго көп экенин билдирди.

Сеул ошондой эле талкаланган мектептерди кайра куруу менен Украинанын билим берүү тармагын калыбына келтирүүгө жардам бермекчи.

14:00 16.7.2023

Орус армиясынын Харьковду жана Запорожьени аткылоосунда киши өмүрү кыйылып, бир нече адам жараат алды.

Харьков шаарынын мэри Игорь Тереховдун айтымында, соккулардын бири Шевченко районуна тийген. Кыйроо жок.

"Калган ракеталык соккулар боюнча Өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери аймактарды текшерүүдө. Биз Харьковго С-300 ракеталары менен сокку урулган деп айта алабыз ", - деп жазган ал Телеграм-каналында.

Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, аткылоодон бир жаран каза тапты.

«Купянский районунун Колодезное айылын аткылоонун натыйжасында 33 жаштагы жаран каза болгон. Дагы бир адам жаракат алып, жер үй талкаланды".

Запорожье облусунун Степногорск айылында ракеталык системалардын соккусунан жети адам жаракат алды.

00:52 16.7.2023

Орусиялык аскерлер "Град" менен Запорожьедеги Степногорское кыштагын талкалады, үч адам жараат алып, административдик имарат талкаланды.

Бул тууралуу президенттин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак билдирди.

00:49 16.7.2023

NYT: Украина контрчабуул баштагандан бери чопкутталган аскердик техникасынын 20 пайызын жоготушу мүмкүн

The New York Times басылмасына жарык көргөн аналитикалык макаланын авторлору бул тууралуу америкалык жана европалык чиновниктерге таянып билдирди. Кеп Киевге Батыш берген аскердик техникалар тууралуу болуп жатат. Алардын маалыматында украин армиясынын жердеги аскерлери үчүн берилген "Брэдли" жана немистердин "Леопарды" мина талаасында жардырылып, орустардын тик учактары тарабынан талкаланган.

Авторлор буга орусиялык армиянын украин контрчабуулуна даярдаганга убактысы болуп, танк жүрө турган жерлерди миналоого үлгүргөнү менен түшүндүргөн. Мындан улам украин армиясы тактикасын өзгөртүп, орусиялык бөлүктөргө артиллериялык жана ракеталык гана сокку уруп, миналанган талаада душманга чабуул коюудан баш тарткан.

Макалада украин армиясы азырынча Азов деңизинен 100 чакырым бөлүп турган фронттук тилкеде 8 чакырым алга жылганы белгиленген. Азов деңизине чыгуу Украинанын контрчабуулунун башкы максаты бойдон калууда. Мындай максат ишке ашса, Днепрдин сол жээгиндеги орусиялык аскерлер байланышсыз калат жана жердеги орус аскерлери үчүн Крымга кирген коридор толугу менен жабылат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG