Орусиялык күчтөр 20-июлга караган түнү Украинанын Николаев облусунун борборуна урган соккудан адам өмүрү кыйылганын аймактык админстрациянын башчысы Виталий Ким билдирди. Бирок канча адам набыт кеткени тууралуу айткан жок. Расмий маалыматта 18 киши жараат алганы кабарланган.
Жараат алгандардын арасында беш бала бар, бирөө ымыркай, дагы бири үч жашар наристе. Николаев шаарынын мэри көп кабаттуу беш үй зыян тартканын маалымдады.
Ал эми Одессага жасалган дрон чабуулунда админстративдик имарат, кампа зыян тартып, төрт киши жарадар болду.
Киев Орусия Украинанын түштүгүнө катары менен үчүнчү ирет аба соккуларын жасап, портторду жана дан сактоочу жайларды, ошондой эле жарандык инфраструктураны бутага алып жатканын билдирүүдө. Москва буга комментарий бере элек.
20-июлга караган түнү аннексияланган Крымга украин күчтөрү дрондор менен чабуул койгонун, андан бир секелек каза тапканын аймактын Орусия дайындаган жетекчиси Сергей Аксёнов билдирди. Ал төрт админстративдик имарат зыян тартканын Телеграмга жазды.
Согуш маалындагы маалыматтарды бейтарап булактардан дароо тактоо мүмкүн эмес.
Орусия Украинага согуш ачып, 2023-жылдын май айына чейин "Вагнер" менчик аскер уюмунун 22 миң жалданма жоочусу каза болду. 40 миңдейи жараат алды. Мындай маалыматты "Разгрузка Вагнера" Телеграм каналы 19-июлда жарыялады. "Свобода" радиосу бул каналдын аталган уюмга байланышы бар экенин жазды.
Аталган канал жалданма жоочулардын штабын башкарган кишиге таянып кабарлагандай, "Вагнер" согушка жалпысынан 78 миң адамды жалдаган, алардын 49 миңи абакта отургандар болгон.
Жакында "Медуза" жана "Медиазона" басылмалары иликтөө жарыялап, Украинадагы согушта 47 миңдей орус жоокери каза тапканын жазышкан.
"Медиазона" басылмасы, Би-Би-Си радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар өлгөн орус аскерлеринин 26 801инин тек-жайын аныкташкан.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согуштагы жоготуулары тууралуу ачык жазбайт жана журналисттер жарыялаган маалыматтарды да комментарийлебейт. АКШ быйыл январда Украинадагы согушта орус армиясынан набыт болгон жана жаракат алгандардын саны болжол менен 270-300 миң адам экенин билдирген.
Орусиянын армиясы Одессаны үчүнчү түнү катары менен, 20-июлга караган түнү дагы дрондон аткылады. Украинанын мониторинг каналдары катуу жарылуулар болгонун жазышты.
Өлкөнүн аба күчтөрү Орусия жогорку тактыктагы "Оникс" ракеталарын колдонгонун билдирди. Айрым бир маалыматтарга караганда, чабуулда эки адам жараат алды.
Бул түнү дагы Украинанын башка аймактарына чабуул болду. Чернигов, Сумы жана Харьков облустарында, Херсондун түштүгүндө жана Николаевде абадан эскертүү берилди.
Николаев облусунун башчысы Виталий Ким орус армиясынын соңку соккусунан үч кабатуу үй жана гараж күйүп жатканын билдирди. Чабуулда 18 адам жараат алганын, бешөө ооруканага жаткырылганын, алардын арасында балдар бар экенин билдирди.
Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Кремль АКШнын Кыргызстанга карата ыктымал санкциялары тууралуу маалыматка комментарий берди.
Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин "РИА Новости" агенттиги жазып чыкты.
"Кыргызстан биздин жакын өнөктөшүбүз жана союздашыбыз, андан тышкары албетте, бизди абдан өнүккөн интеграциялык процесстерге катышканыбыз да бириктирип турат", - деди. Анын айтымында, Москва бул кызматташууну өнүктүрүүнүн аракетинде.
АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө камынып жатканын The Washington Post басылмасы жагдайдан кабардар аткаминерлерге шилтеме жасап 18-июлда жазган. Мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатканы белгиленген.
Макалада Кыргызстандын Орусияга экспортунун жалпы көлөмү Москва Украинага кол салгандан кийин 250% өскөнү көрсөтүлөт.
Кыргызстандын Вашингтондогу элчилиги буга комментарий берип, өлкөнүн бийлиги эл аралык эрежелерди сактай турганын, аткезчиликти жана мыйзамсыз сооданы токтотууга дилгир экенин билдирген.
Ошондой эле кыргыз элчилиги айрым сын көз караштагылар "реалдуу экономикалык жагдайды" көз жаздымда калтырып жатканын белгилеп, Орусия менен Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрү экенин, миллиондон ашык кыргыз жараны Орусияда иштеп жүргөнүн кошумчалаган.