Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов санкциялык чектөөлөрдүн бузулушуна байланыштуу 20-июлда аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Министрлик тараткан маалыматта элчи Кыргызстанда Орусияга салынган санкцияларды буйтап өтүүгө жол берилгени тууралуу маалыматтар жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн чакыртылган деп айтылат.
"Дипломатка Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары Орусияга каршы эл аралык санкциялык саясатты сактооого жоопкерчиликтүү мамиле жасалышы керектиги айтылды. Кыргызстандан аскердик техникаларды жабдууга колдонулуучу товарларды Орусияга реэкспорт кылуу Москванын Киевге каршы согушуна колдоо көрсөтүү катары кабылданары белгиленди", - деп жазылган маалыматта.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Беларустун Куралдуу күчтөрү "Вагнер" менчик аскердик уюму менен биргелешкен машыгуу өткөрүүдө.
Коргоо министрлиги Телеграмда тараткан маалыматка ылайык, аскерлер Брест полигонунда машыгып, күжүрмөн тапшырмаларды аткарышат.
Министрлик азыркы геосаясий кырдаалда "Вагнердин" тажрыйбасы беларус армиясын өнүктүрүүдө салым болорун белгиледи. Польша менен чектеш аймакта уюштурулган машыгууга 10 миңге чейин жоокер катышары айтылууда.
Былтыртан бери Украинада согушкан "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин соңку кездери орус армиясынын жетекчилигин көп сындап жүргөн. 24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтууну чечкенин жарыялаган.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Пригожин өзү дагы Беларуска кеткени маалымдалган. Кийин ал Пригожин Орусияда болушу мүмкүн деп жарыялаган.
Мурдараак Беларуска "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын кеминде эки миңдей жалданма жоокери келгенин "Беларускі Гаюн" мониторинг долбоору маалымдаган. Анын алдында "Азаттыктын" беларус кызматы спутниктен алынган сүрөттөргө таянып Цель деп аталган кыштактын жанында кароосуз калган аскер бөлүктө чатырлар тигилип жатканын жазган.
Орусия Украинага согуш ачып, 2023-жылдын май айына чейин "Вагнер" менчик аскер уюмунун 22 миң жалданма жоочусу каза болду. 40 миңдейи жараат алды. Мындай маалыматты "Разгрузка Вагнера" Телеграм каналы 19-июлда жарыялады. "Свобода" радиосу бул каналдын аталган уюмга байланышы бар экенин жазды.
Аталган канал жалданма жоочулардын штабын башкарган кишиге таянып кабарлагандай, "Вагнер" согушка жалпысынан 78 миң адамды жалдаган, алардын 49 миңи абакта отургандар болгон.
Жакында "Медуза" жана "Медиазона" басылмалары иликтөө жарыялап, Украинадагы согушта 47 миңдей орус жоокери каза тапканын жазышкан.
"Медиазона" басылмасы, Би-Би-Си радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар өлгөн орус аскерлеринин 26 801инин тек-жайын аныкташкан.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согуштагы жоготуулары тууралуу ачык жазбайт жана журналисттер жарыялаган маалыматтарды да комментарийлебейт. АКШ быйыл январда Украинадагы согушта орус армиясынан набыт болгон жана жаракат алгандардын саны болжол менен 270-300 миң адам экенин билдирген.
Орусиялык күчтөр 20-июлга караган түнү Украинанын Николаев облусунун борборуна урган соккудан адам өмүрү кыйылганын аймактык админстрациянын башчысы Виталий Ким билдирди. Бирок канча адам набыт кеткени тууралуу айткан жок. Расмий маалыматта 18 киши жараат алганы кабарланган.
Жараат алгандардын арасында беш бала бар, бирөө ымыркай, дагы бири үч жашар наристе. Николаев шаарынын мэри көп кабаттуу беш үй зыян тартканын маалымдады.
Ал эми Одессага жасалган дрон чабуулунда админстративдик имарат, кампа зыян тартып, төрт киши жарадар болду.
Киев Орусия Украинанын түштүгүнө катары менен үчүнчү ирет аба соккуларын жасап, портторду жана дан сактоочу жайларды, ошондой эле жарандык инфраструктураны бутага алып жатканын билдирүүдө. Москва буга комментарий бере элек.
20-июлга караган түнү аннексияланган Крымга украин күчтөрү дрондор менен чабуул койгонун, андан бир секелек каза тапканын аймактын Орусия дайындаган жетекчиси Сергей Аксёнов билдирди. Ал төрт админстративдик имарат зыян тартканын Телеграмга жазды.
Согуш маалындагы маалыматтарды бейтарап булактардан дароо тактоо мүмкүн эмес.