Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34
Днепропетровск облусундагы май, газ куюучу станцияга Орусиянын соккусунун кесепети. 1-июль, 2026-жыл
Днепропетровск облусундагы май, газ куюучу станцияга Орусиянын соккусунун кесепети. 1-июль, 2026-жыл

Түз ободо Украина мунай заводдоруна, Орусия май куюучу жайларга сокку урду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

13:37 23.7.2023

АКШнын Коргоо министрлигине караштуу чалгын кызматы (Defense Intelligence Agency) Владимир Путиндин тактикалык өзөктүк куралдын Беларуска жайгаштырганы жөнүндө сөзүнө "күмөн саноого негиз жок" экенин билдирди.

Бул жөнүндө аты аталбаган аткаминерлерге шилтеме берүү менен CNN басылмасы жазды.

Путин өзөктүк курал Беларуска жайгаштырылганын өткөн айда айткан. Батыш мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү бул кабарды ырастап же төгүндөгөн эмес.

Буга чейин АКШ чалгын кызматынын өкүлдөрү Беларуста тактикалык өзөктүк куралды сактоо үчүн атайын жайларды куруу иштери болуп же болбогонун тактай албаганы менен, алардын курулушу жөнүндө эки өлкөнүн тең башчылары айткан болчу. Бирок америкалык чалгын кызматы Беларустун аймагында өзөктүк дүрмөттөрдү сактоого ылайыкташкан советтик мезгилден калган объектилер бар экенин маалымдады.

Чалгын кызматы Беларуска жайгаштырылган өзөктүк куралга Орусия толук көзөмөл кыларын белгилеген. Муну менен алар Лукашенконун "керектүү учурда өзөктүк куралды тоскоолдуксуз колдоно алары" жөнүндө айтканы күмөндүү экенин кошумчалаган. Куралды Минскинин карамагына өткөрүп берүү Орусиянын өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине каршы келмек. Путин буга чейин өзөктүк курал Орусиянын көзөмөлүндө болорун айткан.

Беларуска канча өзөктүк курал жайгаштырылары белгисиз.

АКШ Орусиянын Беларуска өзөктүк курал бергенин айыптаган. Вашингтондун пикиринде азыр аны колдонот деген кооптонуу жок жана буга байланыштуу АКШ өзөктүк стратегиясы өзгөртпөйт.

12:01 23.7.2023

Жекшембиге караган түнү орус армиясы Украинанын Одесса шаарына сокку урду. Натыйжада бир адам каза таап, 19у жарадар болгонун облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер өзүнүн Телеграм каналына жазды.

"Таңкы саат 5ке карата 19 киши жарадар болду, анын төртөө балдар. Шаардын ооруканаларына 14 киши жеткирилди. Анын үчөө балдар. Урандыларды тазалап, өрт өчүрүү иши уланууда. Тиешелүү кызматтар жеринде иштеп жатат", - деп жазды ал.

Чабуулдан Спасо-Преображенский чиркөөсү да жабыркаган. 18-кылымга таандык чиркөө совет бийлиги учурунда талкаланып, кийин кайра калыбына келтирилген, ЮНЕСКОнун коргоосунда.

"Свобода" радиосу алгачкы жардыруулар жөнүндө маалымат түнкү саат 01.00 чамасында келип түшө баштаганын, шаар бийлиги тургундарды баш калкалоочу жайларда болууга жана социалдык тармактарга сүрөт жүктөбөөгө чакырганын жазды. Орусия бул чабуул боюнча комментарий бере элек.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн эмес.

11:09 23.7.2023

Орусиянын мамлекеттик "РИА Новости" маалымат агенттигинин кабарчысы Ростислав Журавлев 22-июль күнү Украинада каза тапты. Бул жөнүндө "РИА Новости" агенттигине шилтеме берүү менен "Свобода" радиосу жазды.

Агенттик тараткан маалыматта Журавлев "согуш талаасында украиналыктардын огунан көз жумган". Ок атышуу Запорожье облусундагы Пятихатка калктуу пунктунда болгон. Июнь айынын башынан бери бул айылды алуу үчүн айыгышкан согуш жүрүүдө. Буга чейин украин тарап айылды ээлегени маалымдалган.

Агенттик Журавлев менен кошо фотокабарчы Константин Михальчевский да жараат алганын кошумчалады.

Орусиянын Журналисттер союзу "Известия" басылмасынын кабарчысы жана оператору Роман Польшаков менен Дмитрий Шиков дагы жарадар болгонун билдирди. ТАСС жана "Россия" телеканалдарынын кабарчылары ок атышууда калып калганы кабарланды.

Журавлев "Нежурка" Телеграм каналын алып барып, Украинадагы согушту чагылдырып келген. 2014-жылы Крымды аннексиялоого жана Донбасстагы согушка жикчилдердин катарында катышкан.

Согуш башталгандан бери ондогон журналист, блоггерлер ажал тапты. Орусиянын ракеталык чабуулунан өткөн жылы "Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы Вера Гирич көз жумган. Ага чейин украиналык фотограф Максим Левин орус аскерлеринин колунан каза тапкан. Киевди аткылоо учурунда орусиялык оппозициячыл журналист Оксана Баулина өмүр менен кош айтышкан.

19:48 22.7.2023

БУУ Орусияны дан келишимин кайра жандантууга чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жума күнү Орусиянын Украинага Кара деңиз аркылуу данды экспорт кылган келишимден чыгышын талкуулады. Келишим бир жыл мурда дүйнөдөгү азык-түлүк базарындагы кырдаалды жакшыртуу, жакыр өлкөдө ачкачылык коркунучун жаратпоо максатында кабыл алынган.

Кытай "азык-түлүк базарындагы туруктуулукту кармоо жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү кризистик абалды жумшартуу үчүн" Орусия жана БУУ жакын арада сүйлөшүүгө барат деп ишенип турганын билдирди.

БУУнун өкүлү Розмари ДиКарло орусиялык күчтөрдүн украин портторуна урган соккусун айыптап, Москваны жарандык кемелерге сокку урууну токтотууга чакырды.

Дан келишиминин мөөнөтү 17-июлда бүткөн. Орусиянын президенти Владимир Путин аны узартуудан баш тарткан. Буга украин күчтөрүнүн Крым көпүрөсүнө сокку урганын жүйө келтирген.

Орусия 18-июлдан тарта төрт күн катары менен Украинанын Одесса облусундагы эгин сакталган кампаларына, айыл чарба ишканаларына, Кара деңиз портундагы дан жүктөлгөн кемелерине сокку урду. Дүйнө коомчулугу мунун айынан азык-түлүк баасы кымбаттап, жакыр өлкөлөрдү ачкачылык коркунучу тоорушу мүмкүн деп кооптонууда.

Эгинге тийген ракета: Одессада дан кампалары күйүп кетти

Одессага 21-июлда Орусия чабуул койгондон кийин дан сакталган кампа күйүп кетти.

Ага чейин Орусия Кара деңиздеги Украинанын экспортко кетчү даны жүктөлгөн кемелерди бутага алган.
1/8 Одессага 21-июлда Орусия чабуул койгондон кийин дан сакталган кампа күйүп кетти.
Ага чейин Орусия Кара деңиздеги Украинанын экспортко кетчү даны жүктөлгөн кемелерди бутага алган.
Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
Күйүп кеткен кампанын бийиктен көрүнүшү.

Ракета чабуулунан эки киши жараат алды. Техникалар бүлгүнгө учурап 100 тонна буурчак, 20 тонна арпа күйүп кеткенин Одессанын губернатору Олег Кипер билдирди.
2/8 Күйүп кеткен кампанын бийиктен көрүнүшү.
Ракета чабуулунан эки киши жараат алды. Техникалар бүлгүнгө учурап 100 тонна буурчак, 20 тонна арпа күйүп кеткенин Одессанын губернатору Олег Кипер билдирди.
Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
Күйүп кеткен айыл чарба курулушунун жанында бара жаткан адамдар.

Кипер Орусия канаттуу "Калибр" ракеталары менен Кара деңиздеги украин кемелерине сокку урганын, айрымдары Одессага да тийгенин билдирди.

3/8 Күйүп кеткен айыл чарба курулушунун жанында бара жаткан адамдар.
Кипер Орусия канаттуу "Калибр" ракеталары менен Кара деңиздеги украин кемелерине сокку урганын, айрымдары Одессага да тийгенин билдирди.

Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
Эки ракета дан сакталган кампага тийип өрт чыккан. Үчүнчүсү өрттү өчүрүп жаткан маалда түшкөн.

4/8 Эки ракета дан сакталган кампага тийип өрт чыккан. Үчүнчүсү өрттү өчүрүп жаткан маалда түшкөн.

Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
Талкаланган кампанын ичинде турган жумушчу.
5/8 Талкаланган кампанын ичинде турган жумушчу.
Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
Кыйраган объекттин бийиктен көрүнүшү. Украинанын президенти орусиялык армия Одессадагы объекттерге атайылап сокку урганын билдирди.

6/8 Кыйраган объекттин бийиктен көрүнүшү. Украинанын президенти орусиялык армия Одессадагы объекттерге атайылап сокку урганын билдирди.

Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
"Дүйнө коомчулугу мындан кийин Орусияны терроризм үчүн жоопко тартууга кызыкдар болушу керек", - деди Зеленский.
7/8 "Дүйнө коомчулугу мындан кийин Орусияны терроризм үчүн жоопко тартууга кызыкдар болушу керек", - деди Зеленский.
Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
Дагы бир кыйраган имарат. БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш Орусиянын дүйнөдөгү баага таасир этип, азык-түлүк тартыштыгын жаратчу аракетин айыптады.
8/8 Дагы бир кыйраган имарат. БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш Орусиянын дүйнөдөгү баага таасир этип, азык-түлүк тартыштыгын жаратчу аракетин айыптады.
Москва 21-июлда Украинанын Одесса облусундагы дан кампаларына ракета менен сокку урду. Дүйнө коомчулугу бул аракет жакыр өлкөлөрдө кымбатчылыкка себепкер болушу мүмкүн деп камтама болууда.
Артка
Алдыга

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG