Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Запарожье АЭСинин Орусиянын армиясы көзөмөлдөгөн аймагына миналар коюлганы аныкталганын билдирди. Бул тууралуу аталган уюм кабарлады.
Ага ылайык, МАГАТЭнин эксперттери аталган атомдук станциянын территориясындагы ички жана тышкы тосмосунун жанынан бир канча минаны көрүшкөн.
Агенттиктиктин билдирүүсүнө "жарылуучу заттын болушу МАГАТЭнин коопсуздук эрежелерине каршы келет жана жумушчуларга карата кошумча пвсихологиялык басым жаратат",-деп жазылган.
Бир канча күндөн бери текшерүү жүргүзүп жаткан агенттиктин адистери АЭСтин аймагынан оор аскердик техникаларды тапкан эмес. Бирок аларга реакторлордун чатырына, үчүнчү жана төртүнчү энегоблокко киришине тыюу салынган.
Ушул айдын башында Украинанын президенти Владимир Зеленский чалгын кызматына таянып, бир катар энергоблоктордун чатырына жардыруучу заттар коюлганын билдирген. Москва дооматты четке каккан.
Европадагы эң ири бул атомдук станцияны Орусия кол салуунун алгачкы күндөрүндө ээлеп алган. Ал жакта украиналык кызматкерлер иштеп жатканы менен АЭСти орусиялык “Росатом” корпорациясы көзөмөлдөйт. Ишканада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин кызматкерлери да жүрөт.
Орус аскерлери дүйшөмбүгө караган түнү жана эртең менен Украинанын Одесса аймагына кайрадан чабуул койду. Порттун инфраструктурасына жана Дунай дарыясына жасалган чабуулда алты киши жарадар болгонун, алардын төртөө ооруканага түшкөнүн облустук администрациянын башчысы Олег Кипер билдирди.
Анын айтымында, Орусиянын армиясы "Шахед" жанкечти дрондору менен төрт сааттай портту аткылады. Украинанын абадан коргонуу күчтөрү үч учкучсуз учакты жок кылды.
Украинанын расмий маалыматына ылайык, дан сактаган кампа, цистерналар зыян тартты.
Дээрлик бир аптадан бери тынымсыз бутага алынып жаткан Одессада жекшембидеги чабуул49 жаштагы жергиликтүү тургундун өмүрүн кыйып, 22 киши жарадар болгон. Калаадагы Спасо-Преображенский чиркөөсү да бутага алынган. Москва чиркөө атайын бутага алынбаганын айтып, муну Киевден көргөн.
Орусиянын башкалаасы пилотсуз учактардын чабуулуна туш болгонун дүйшөмбүдө шаар мэри Сергей Собянин Телеграм-каналына жазды:
"Бүгүн саат 4 чамасында дрондор эл жашабаган эки имаратка сокку урганы катталды. Чоң зыян жана жабыркагандар жок".
Коргоо министрлиги Украина Москвага эки дрон менен сокку урууга аракеттенгенин билдирди. Бир катар маалымат каражаттары жабдыктардын бири министрликтин имаратына эки чакырымга жакын жерге кулап түшкөнүн кабарлашты. Мекеме окуяны "теракт" деп атады.
Бир катар Телеграм-каналдар Москвадагы көп кабаттуу имараттан түтүн чыгып жатканы тартылган видеону жарыялашты.
Дрондор ошол имараттарды бутага алганбы, же атып түшүрүлгөндө тийгенби, белгисиз. Москванын түштүгүндөгү бир нече көчө окуяга байланыштуу убактылуу жабылганын жергиликтүү басылма жазды.
Киев азырынча чабуулду комментарийлеген жок. Орусиянын ичиндеги чабуулдарга укриан бийлиги расмий түрдө жоопкерчиликти өзүнө албайт. Ошол эле маалда Орусиянын аскердик инфраструктурасын талкалоо Киевдин контрчабуулуна жардам берерин айтып келет.
Орусиянын бийлиги буга чейин дагы башкалаа дрон чабуулуна кабылганын маалымдаган. 30-майда Москвага 25 дрон менен чабуул жасалганы айтылып, шаар мэри Сергей Собянин эки учкучсуз аппарат үйлөргө кулап, айрым имараттар азыраак жабыркаганын билдирген.
4-июлда эртең менен Внуково-3 өкмөттүк аэропортуна жакын жерди учкучсуз учактар бутага алганы кабарланган. Орусиянын Коргоо министрлиги Москва облусундагы объектилерге беш дрон менен чабуул жасалганын жарыялаган. Орусия муну "террордук акт" деп атаган. Расмий маалыматта бардык дрондор жок кылынганы, жабыркагандар жана кыйроолор жок экени айтылган. Ошол маалда аэропорт эки саат иштебей турган. Киев буга комментарий берген эмес.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберг аталган альянс менен Украинанын кеңеши 26-июлда жыйынга чогулуп, Кара деңиз аркылуу дан ташуу маселесин талкууларын билдирди. Бул тууралуу RTBF телеканалы НАТОнун расмий өкүлү Оана Лунгескуга шилтеме кылып билдирди. Анын айтымында, жолугушуу элчилер деңгээлинде өтөт жана "Украинадан дан азыктарын Кара деңиз аркылуу ташууга байланыштуу соңку жагдай" талкууланат.
Мунун алдын Украинанын президенти Владимир Зеленский Столтонберг менен телефондон сүйлөшкөнүн, чукул арада НАТО-Украина кеңешин чогултууну сугуштаганын билдирген. Бул түзүм ушул айдын башында, 12-июлда альянстын Брюсселдеги саммитинде негизделген.
Украина – дан азыктарын ири көлөмдө экспорттогон өлкө. 2022-жылдын февралында Орусия Украинага кол салгандан кийин Кара деңиздеги порттору орусиялык флот аркылуу бөгөттөлүп, Киевдин дан азыктарын экспорттошуна мүмкүнчүлүк бербей койгон.
2022-жылдын 22-июлунда Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө Украина, Орусия жана Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен дан экспортун кайра жандантуу боюнча келишкен. Украина Түркия жана БУУ менен өзүнчө келишимге кол койгон. Ал эми ушул келишимди Орусия тарап Түркия жана БУУ менен өзүнчө түзүп, милдеттеме алган.
БУУнун маалыматына караганда, ошондон бери Украинанын түштүк портторунан чыккан кемелер Түркияга текшерүү үчүн токтоп, миллиондогон тонна азык-түлүктү дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жөнөттү. Бирок дан келишими үч жолу узартылды. Соңку келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктады жана Москва аны узартуудан баш тарткан.