Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




21:10 23.7.2023

Украинанын Донецк облусунда Германиянын Deutsche Welle каналынын оператору Евгений Шилко жараат алды. Журналисттин айтымында, алар Украинанын аскер кызматкерлеринин Краматорск аймагындагы машыгуусун тасмага тартып жаткан маалда аткылоого кабылган. Шилко ооруканада жатат. Анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Deutsche Welle билдиргендей, орус армиясы кассеталык бомбалар менен сокку урган. Анда бир украин аскери набыт болуп, дагы бир нечеси жараат алды.

Орусиянын Украинага согушу бери ондогон украиналык жана чет элдик журналисттер менен блогерлер каза болду. Өткөн жылдын апрель айында Киевге ракеталык чабуул жасалганда "Азаттык" радиосунун украин кызматынын журналисти Вера Гирич да каза тапкан.

22-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги бир нече орус журналисттери Запорожьеде кассеталык снаряддар менен аткыланганын билдирген.

"РИА Новости" агенттигинин аскердик кабарчысы Ростислав Журавлев каза таап, фотожурналисти Константин Михальчевский жана "Известия" басылмасынын кызматкерлери Дмитрий Шиков менен Роман Полшаков жараат алган.

13:37 23.7.2023

АКШнын Коргоо министрлигине караштуу чалгын кызматы (Defense Intelligence Agency) Владимир Путиндин тактикалык өзөктүк куралдын Беларуска жайгаштырганы жөнүндө сөзүнө "күмөн саноого негиз жок" экенин билдирди.

Бул жөнүндө аты аталбаган аткаминерлерге шилтеме берүү менен CNN басылмасы жазды.

Путин өзөктүк курал Беларуска жайгаштырылганын өткөн айда айткан. Батыш мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү бул кабарды ырастап же төгүндөгөн эмес.

Буга чейин АКШ чалгын кызматынын өкүлдөрү Беларуста тактикалык өзөктүк куралды сактоо үчүн атайын жайларды куруу иштери болуп же болбогонун тактай албаганы менен, алардын курулушу жөнүндө эки өлкөнүн тең башчылары айткан болчу. Бирок америкалык чалгын кызматы Беларустун аймагында өзөктүк дүрмөттөрдү сактоого ылайыкташкан советтик мезгилден калган объектилер бар экенин маалымдады.

Чалгын кызматы Беларуска жайгаштырылган өзөктүк куралга Орусия толук көзөмөл кыларын белгилеген. Муну менен алар Лукашенконун "керектүү учурда өзөктүк куралды тоскоолдуксуз колдоно алары" жөнүндө айтканы күмөндүү экенин кошумчалаган. Куралды Минскинин карамагына өткөрүп берүү Орусиянын өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине каршы келмек. Путин буга чейин өзөктүк курал Орусиянын көзөмөлүндө болорун айткан.

Беларуска канча өзөктүк курал жайгаштырылары белгисиз.

АКШ Орусиянын Беларуска өзөктүк курал бергенин айыптаган. Вашингтондун пикиринде азыр аны колдонот деген кооптонуу жок жана буга байланыштуу АКШ өзөктүк стратегиясы өзгөртпөйт.

12:01 23.7.2023

Жекшембиге караган түнү орус армиясы Украинанын Одесса шаарына сокку урду. Натыйжада бир адам каза таап, 19у жарадар болгонун облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер өзүнүн Телеграм каналына жазды.

"Таңкы саат 5ке карата 19 киши жарадар болду, анын төртөө балдар. Шаардын ооруканаларына 14 киши жеткирилди. Анын үчөө балдар. Урандыларды тазалап, өрт өчүрүү иши уланууда. Тиешелүү кызматтар жеринде иштеп жатат", - деп жазды ал.

Чабуулдан Спасо-Преображенский чиркөөсү да жабыркаган. 18-кылымга таандык чиркөө совет бийлиги учурунда талкаланып, кийин кайра калыбына келтирилген, ЮНЕСКОнун коргоосунда.

"Свобода" радиосу алгачкы жардыруулар жөнүндө маалымат түнкү саат 01.00 чамасында келип түшө баштаганын, шаар бийлиги тургундарды баш калкалоочу жайларда болууга жана социалдык тармактарга сүрөт жүктөбөөгө чакырганын жазды. Орусия бул чабуул боюнча комментарий бере элек.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн эмес.

11:09 23.7.2023

Орусиянын мамлекеттик "РИА Новости" маалымат агенттигинин кабарчысы Ростислав Журавлев 22-июль күнү Украинада каза тапты. Бул жөнүндө "РИА Новости" агенттигине шилтеме берүү менен "Свобода" радиосу жазды.

Агенттик тараткан маалыматта Журавлев "согуш талаасында украиналыктардын огунан көз жумган". Ок атышуу Запорожье облусундагы Пятихатка калктуу пунктунда болгон. Июнь айынын башынан бери бул айылды алуу үчүн айыгышкан согуш жүрүүдө. Буга чейин украин тарап айылды ээлегени маалымдалган.

Агенттик Журавлев менен кошо фотокабарчы Константин Михальчевский да жараат алганын кошумчалады.

Орусиянын Журналисттер союзу "Известия" басылмасынын кабарчысы жана оператору Роман Польшаков менен Дмитрий Шиков дагы жарадар болгонун билдирди. ТАСС жана "Россия" телеканалдарынын кабарчылары ок атышууда калып калганы кабарланды.

Журавлев "Нежурка" Телеграм каналын алып барып, Украинадагы согушту чагылдырып келген. 2014-жылы Крымды аннексиялоого жана Донбасстагы согушка жикчилдердин катарында катышкан.

Согуш башталгандан бери ондогон журналист, блоггерлер ажал тапты. Орусиянын ракеталык чабуулунан өткөн жылы "Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы Вера Гирич көз жумган. Ага чейин украиналык фотограф Максим Левин орус аскерлеринин колунан каза тапкан. Киевди аткылоо учурунда орусиялык оппозициячыл журналист Оксана Баулина өмүр менен кош айтышкан.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG