Украинанын Константиновка калаасында орус күчтөрү аткылаган учурда жараат алган 12 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу 26-июлда Донецк облустук администрациясынын башчысы Павел Кириленко билдирди.
Кыз 25-июлга караган түндө болгон чабуулда жараат алып, ооруканага жаткырылган. Ушул эле чабуулда 10 жаштагы бала да жашоо менен кош айтышкан. Андан тышкары, дагы бир жайкын тургун набыт кеткен. Украин бийлиги аткылоодо кассеталык ок-дарылар колдонулганын билдирген. Маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Шаршембиде эртең менен таратылган расмий кабарга ылайык, бир суткада 26 жерде кагылышуу болду, анын көбү Запорожье жана Херсон облустарында. Украинанын армиясы Мелитополь жана Бердянск багытында контрчабуулун улантууда.
Украинанын авиациясы Орусиянын турумдарына тогуз жолу сокку урду. Башкы штаб Москванын бир тик учагы, беш "Шахед" жанкечти дрону жана чалгындоочу учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украин куралдуу күчтөрү Бахмут багытында жана түштүк фронтуна ийгиликке жетүүдө
Украинанын расмий маалыматында украин аскерлери түштүк фронттогу Старомайорск багытында ийгиликке жетишти, буга байланыштуу орусиялык күчтөр катуу каршылык көрсөтүүдө, өз бөлүктөрүн жылдырып, резервдерди колдонууда.
Украин күчтөрү Бахмут шаарынын түндүк жана түштүк тарабында чабуулга өтүүдө. "Күч органдарынын чабуул жана курчоо аракетинен кийин каршылаш Авдеевкага позициясынан чегинди", - деп билдирди Украинанын куралдуу күчтөрүнүн расмий өкүлү Андрей Ковалев. Бул тууралуу ал өлкөнүн Коргоо министрлигинин көзөмөлүндөгү Military Media Center Телеграм-каналына билдирди.
Кошмо Штаттар Украинага 400 миллион долларга кошумча аскердик жардам жөнөтөт. Бул тууралуу Associated Press Ак үйдөгү булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, анын алкагында Киевге чалгын чогултуу үчүн колдонулган Hornets нано-дрондору, HIMARS реактивдүү системалары, танктарга каршы колдонулчу "Стингер" жана "Жавелин" зениттик ракеталары, Hydra-70 жер-аба ракеталары, "Страйкер" оор аскердик техникасы берилет.
Бул курал-жабдык атайын президенттик программанын алкагында бир нече күндүн ичинде жөнөтүлөт. Бул схема Байденге Конгресстин макулдугу жок эле каражат бөлүүгө шарт түзөт. Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери Вашингтон Киевге 41 миллиард доллардан ашуун каражатка жардам көрсөттү.
Литва Европа Биримдигине дан ташуу үчүн кошумча жол катары Балтикадагы портторду колдонууну сунуштады. Бул тууралуу AFP агенттиги Европа Комиссиясына жолдонгон катка шилтеме кылып жазды.
Анда үч литвалык министрдин катында Орусиянын дан келишиминен чыгышы жана Одессадагы портторго жасаган чабуулу дүйнөдөгү ансыз дагы оор болуп турган азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу жагдайды ого бетер начарлатары жазылган. Балтикадагы порттордо күн сайын 25 миллионго чейин тонна дан жөнөтүүгө мүмкүн экени, украианалык айыл чарба азыктарын ташууга "ишенимдүү альтернативдүү жол" болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн.
Өткөн аптада Клайпеда деңиз портунун башчысы Альгас Латакас Литванын башкы порту аркылуу 10-15 миллион тоннага чейин дан ташууга мүмкүндүгүн билдирген, бирок жүктү Балтика деңизине жеткирүү машакат экенин белгилеген.
Мунун алдында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберг аталган альянс менен Украинанын кеңеши 26-июлда жыйынга чогулуп, Кара деңиз аркылуу дан ташуу маселесин талкуулай тургандыгын билдирген.
НАТО-Украина кеңеши ушул айдын башында, 12-июлда альянстын Брюсселдеги саммитинде негизделген.
Украина – дан азыктарын ири көлөмдө экспорттогон өлкө. 2022-жылы февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин анын Кара деңиздеги портторун флот аркылуу бөгөттөп, Киевдин дан азыктарын экспорттошуна мүмкүнчүлүк бербей койгон.
2022-жылы 22-июлда Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө Украина, Орусия жана Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен дан экспортун кайра жандантуу боюнча келишкен эле. Украина Түркия жана БУУ менен өзүнчө келишимге кол койгон. Ал эми ушул келишимди Орусия тарап Түркия жана БУУ менен өзүнчө түзүп, милдеттенме алышкан.
БУУнун маалыматына караганда, ошондон бери Украинанын түштүк портторунан чыккан кемелер текшерүү үчүн Түркияга токтоп, миллиондогон тонна азык-түлүктү дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө ташып турган. Бирок дан келишими үч жолу узартылды. Соңку келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктап, Москва аны узартуудан баш тарткан.