Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл

Украина ракеталык соккуга кабылды, Орусия согушка студент кыздарды тартууда

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:34 25.7.2023

Орус армиясы Украинанын баш калаасы Киевди 25-июлга караган түнү дрондор менен аткылаганын жергиликтүү бийлик шейшемби таңда билдирди.

Калаанын аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Попко билдиргендей, дрондорун баары абадан атып түшүрүлгөн.

"Коркунуч тууралуу эскертүү үч саатка созулду. Душман Иранда чыгарылган "Шахед" дрондорун колдонду. Бул ай башынан бери баш калаага жасалган алтынчы чабуул. Учкучсуз аппараттардын баары Киевге жете электе эле аныкталып, жок кылынды", - деп жазды Попко. Ал жабыркагандар жана курман болгондор жок экенин кошумчалады.

Ал арада Донецк облусунун губернатору Павел Кириленко 25-июлдун таңында билдиргендей, Константиновка шаарын бир күн мурунку аткылоодон өмүрү кыйылгандардын саны өстү.

24-июлда жергиликтүү тургундар түшүп жаткан көлгө жасалган аба чабуулдан эки киши мерт болгон. Анын бири он жаштагы бала. Жети адам, анын ичинде төрт бала жараат алган.

Кириленко аткылоодо кассеталык ок-дарылар колдонулганын кабарлады. Бул сөздөрдүн чын-төгүнүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Украин күчтөрү Бердянск жана Мелитополь багыттарында контрчабуулун улантканын коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди. Ал соңку бир аптада украин аскерлери өлкө түштүгүндө 12 чакырым жерди орус күчтөрүнөн бошотконун кошумчалады.

12:07 25.7.2023

Донецк облустук администрациясынын башчысы Павел Кириленко 24-июлда кечинде Орусиянын чабуулунун Константиновкада эки адам мерт болгонун, анын бири 10 жаштагы бала экенин билдирди. Андан сырткары жети адам жараат алды, арасында төрт бала бар.

Кириленконун ырасташынча, орусиялык армия чабуулда кассеталык бомбасы бар "Смерч" реактивдүү системаны колдонгон.

Киевдин бийлиги 25-июлга караган түнү дагы шаарга "Шахед" дрондору менен чабуул жасалганын, учкучсыз аппараттардын баары атып түшүрүлгөнүн, жабыркагандар жана жараат алгандар болбогонун кабарлады.

Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко чабуул дээрлик үч саатка созулганын, ушуну менен бул айда шаарга алтынчы ирет дрондон кол салуу болгонун айтты.

Украинанын бир катар аймактарында шейшембиге караган түнү абадан эскертүү берилди.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес. Москва чабуулдарга байланыштуу комментарий берген жок.

11:35 25.7.2023

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Запарожье АЭСинин Орусиянын армиясы көзөмөлдөгөн аймагына миналар коюлганы аныкталганын билдирди. Бул тууралуу аталган уюм кабарлады.

Ага ылайык, МАГАТЭнин эксперттери аталган атомдук станциянын территориясындагы ички жана тышкы тосмосунун жанынан бир канча минаны көрүшкөн.

Агенттиктиктин билдирүүсүнө "жарылуучу заттын болушу МАГАТЭнин коопсуздук эрежелерине каршы келет жана жумушчуларга карата кошумча пвсихологиялык басым жаратат",-деп жазылган.

Бир канча күндөн бери текшерүү жүргүзүп жаткан агенттиктин адистери АЭСтин аймагынан оор аскердик техникаларды тапкан эмес. Бирок аларга реакторлордун чатырына, үчүнчү жана төртүнчү энегоблокко киришине тыюу салынган.

Ушул айдын башында Украинанын президенти Владимир Зеленский чалгын кызматына таянып, бир катар энергоблоктордун чатырына жардыруучу заттар коюлганын билдирген. Москва дооматты четке каккан.

Европадагы эң ири бул атомдук станцияны Орусия кол салуунун алгачкы күндөрүндө ээлеп алган. Ал жакта украиналык кызматкерлер иштеп жатканы менен АЭСти орусиялык “Росатом” корпорациясы көзөмөлдөйт. Ишканада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин кызматкерлери да жүрөт.

15:07 24.7.2023

Орус аскерлери дүйшөмбүгө караган түнү жана эртең менен Украинанын Одесса аймагына кайрадан чабуул койду. Порттун инфраструктурасына жана Дунай дарыясына жасалган чабуулда алты киши жарадар болгонун, алардын төртөө ооруканага түшкөнүн облустук администрациянын башчысы Олег Кипер билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын армиясы "Шахед" жанкечти дрондору менен төрт сааттай портту аткылады. Украинанын абадан коргонуу күчтөрү үч учкучсуз учакты жок кылды.

Украинанын расмий маалыматына ылайык, дан сактаган кампа, цистерналар зыян тартты.

Дээрлик бир аптадан бери тынымсыз бутага алынып жаткан Одессада жекшембидеги чабуул49 жаштагы жергиликтүү тургундун өмүрүн кыйып, 22 киши жарадар болгон. Калаадагы Спасо-Преображенский чиркөөсү да бутага алынган. Москва чиркөө атайын бутага алынбаганын айтып, муну Киевден көргөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG