Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:41

Родос аралын каптаган өрттү өчүрүү иштери уланууда


Жергиликтүү тургун Родос аралындагы Линдос курорттук жайына жакындаган өрттү өчүрүү аракетин көрүп жатат. Грекия. 24-июль, 2023-жыл.
Жергиликтүү тургун Родос аралындагы Линдос курорттук жайына жакындаган өрттү өчүрүү аракетин көрүп жатат. Грекия. 24-июль, 2023-жыл.

Грекиянын Родос аралында өрт өчүрүүчүлөр токойлорду каптаган тилсиз жоо менен күрөшүп жатканына 25-июлда жети күн болду.

Мындан улам кооптуу аймактардан эвакуацияланган жүздөгөн туристтер өз өлкөсүнө кайтууга аргасыз болду. Туроператорлор Грекияга сатылган жолдомолорду артка кайтарды. Соңку күндөрү Родостон 20 миңдей адам турак жайларын, убактылуу токтогон мейманканаларын таштап чыгып кетти.

Корфу жана Эвия аралдарында дагы токойлорду өрт каптады.

Өрт өчүрүүчүлөргө Түркиянын жана Словакиянын тиешелүү кызматтары жардам берүүдө.

Метеорологиялык кызматтар Европанын түштүгүндө алдыдагы бир нече күндө рекорддук ысык болорун буга чейин эскертип, Испания, Италия жана Грекияда адаттан тыш аптап өкүм сүрүп жатканы кабарланган.

Июлдун ортосунда Испаниянын Атлантикадагы Пальма аралында токойдогу өрттөн улам 4 миңге жакын киши эвакуацияланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG