Ал арада Орусиянын армиясы 27-июлга караган түнү Одессадагы портко ракета менен чабуул жасады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипр алгач бир адам мерт болгонун маалымдаган. Кийин дагы бир кишинин сөөгү уранды алдынан табылганы кабарланды.
Андан тышкары соңку бир суткада Донецк жана Харьков облустарында орус армиясынын аткылоосунан эки карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 27-июлда билдирди.
Украинанын инфратүзүм министри Александр Курбаков Орусия дан келишиминен чыккандан кийин 26 дан кампасы менен порт жабдыктарына залака келтиргенин айтты.
Кремль буга чейинки макулдашууда Орусиянын данын жана жер семиркичтерин экспорттоо бөлүгү сакталбаганын жүйө келтирүү менен дан келишимин узартуудан баш тарткан.
Орусиянын аткылоосунан Украинанын Донецк облусунда эки жайкын тургун набыт болду, дагы экөө жараат алды. Бул тууралуу облустук админстрациянын башчысы Павел Кириленко 26-июлда эртең менен билдирди.
Мурдараак ал Константиновка калаасына бир күн мурда жасалган чабуулда жараат алган 12 жаштагы кыз ооруканада жашоо менен кош айтышканын маалымдаган.
Ушул эле чабуулда 10 жаштагы бала жана дагы бир жай тургун набыт кеткен. Украин бийлиги орустар кассеталык ок-дары колдонгонун билдирген. Маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Орусия куруп жаткан дрон чыгарган завод согушка таасир этери айтылды
Бул тууралуу Крым.Реалии АКШнын коргонуу ведомствосуна таянып жазды.
Учкучсуз учак курган завод Москваны жаңы курал менен камсыздайт жана анда чыгуучу дрон Ирандан сатып алганга караганда алда канча көп болот.
Аналитиктердин айтымында, Иран ушул тапта Орусияга 400 учкучсуз учак жеткирген. Орусия дронду негизинен украиналык стратегиялык объекттерге сокку уруу жана Украинанын аскер аба күчтөрүн алагды кылуу үчүн колдонууда.
Украин армиясы Старомайское аймагында ийгиликке жетти
Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Андрей Ковалев билдирди. Ал кеп түштүк багыты тууралуу болуп жатканын тактады. Старомайское айылы Донецк облусундагы Волноваха шаарына жакын. Ковалев украин аскерлери жаңы позицияларды ээлеп, ошол эле маалда орусиялык күчтөр "катуу каршылык көрсөтүп, аскер бөлүктөрүн жана резевдеги күчтөрдү" алып келип жатканын билдирди. Украин аскерлери Запорожье облусундагы Работино айылынын түндүк-чыгышындагы мурда өздөрү жоготуп алган позицияны ээлегенге аракет кылууда.