Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

CNN: Иран Орусияга дрон заводун курууга көмөктөшүп жатат


Киевге жасалган дрон чабуулунда тартылган сүрөт.
Киевге жасалган дрон чабуулунда тартылган сүрөт.

Иран Орусияга дрон заводун курууга көмөктөшүп жатат. Бул тууралуу CNN каналы АКШнын Коргоо министрлигине караштуу Чалгындоо башкармалыгынын талдоочуларына шилтеме жасап билдирди.

Чалгынчылар завод өндүрүшү кубаттуу экенин, Тегеран буга чейин Москвага берген учкучсуз учактардын санынан алда канча көп дрон чыгара аларын божомолдошууда.

Завод 2024-жылдын башында курулуп бүтөрүн белгилешти. Талдоочулар завод иштей баштаса, Украинадагы согушка сезилерлик таасир көрсөтүшү мүмкүн деп эсептешет.

Пентагондун чалгынчылары Иран Орусияга жабдууларды тынбай жеткирип турарын билдиришти.

Мурдараак Протокол" басылмасынын жана ​РЗВРТ YouTube-каналынын журналисттеринин биргелешкен иликтөөсүндө Татарстанда "​Алабуга Политех"​ коллежинин студенттери Иранда чыгарылган "Шахед" дрондорунун тетиктерин чогултууга тартылып жатканы айтылган.

Завод тууралуу Кремль комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG