Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Ысык-Көлдөгү кырсык: катердин 16 жаштагы айдоочусу кармалды


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Чолпон-Ата шаарында эс алуучу жайлардын биринде этиятсыздыктан эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин 16 жаштагы айдоочусу Ысык-Көл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Анын алкагында катердин айдоочусу, Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну райондук милициянын убактылуу-кармоочу жайына, соттун бөгөт чарасы кабыл алынганга чейин камакка алынды.

Шектүү 23-июлда Чолпон-Атада эс алуучуларды “таблетка” баллонуна сүйрөп баратып жанындагы теплоходго урунган. Кырсыктан 23 жаштагы улан менен 19 жаштагы кыз жараат алып, 24-июлда ооруканада каза болгон. 21 жаштагы дагы бир кыз ооруканада.

Президент Садыр Жапаров бул окуядан кийин Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG