Ушул тапта Беларуста турган Орусиянын "Вагнер" жеке аскер компаниясынын жүздөн ашык жоочусу Польша менен Литванын чек арасындагы Сувалки коридоруна жеткирилди. Бул тууралуу 29-июлда Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий билдирди.
Моравецкий эмнеге таянып, мындай маалымат бергенин ачык айткан жок. Ал "вагнерчилер" Беларустун Гродно шаарына жайгашканын айтып, "бул Польшага чабуулга кадам" деп белгиледи.
Польшанын Сувалки шаарынын атынан "Сувалки коридору" деп аталган аймак Польша менен Литваны бириктирген 100 чакырымдай жер. Аймактын түндүк-батышында Орусиянын Калининград облусу жайгашкан, түштүк-чыгыш тарабында беларус чек арасы.
Моравецкий акыркы жылдары Беларустан Польшага жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө Азия жана Африка өлкөлөрүнүн жарандарынын мыйзамсыз өтүү аракеттери күчөгөнүн да эске салды.
Варшава мунун артында Минск менен Москва турат деп айыптап келет.
Моравецкий "Вагнердин" жоочулары мигранттарга чек арадан өтүүгө көмөктөшүү менен бирге эле өздөрүн да мигрант катары көрсөтүп, өлкөгө кирүүгө аракеттенет деп кооптонууда. Ал ошондой эле "вагнерчилер" беларус чек арачыларынын кийимин кийип алышы да ыктымал экенин айтууда.
"Вагнер" компаниясы жана Минск азырынча Моравецкийдин билдирүүсүнө комментарий бере элек. Азырынча поляк өкмөт башчысынын сөзүн тастыктаган көз карандысыз булактар да жок.
"Вагнерчилердин" кыймыл-аракетине да байкоо жүргүзгөн "Беларускi Гаюн" долбоору бул аптада Орусиядан чыгарылган жаңы аскер техникалары Беларустун борбордук бөлүгүндөгү Цель кыштагындагы талаа лагерине жеткирилгенин жазды. Жалданмалар тууралуу азырынча маалымат жок.
Бир күн мурун Польша Куралдуу күчтөрүнүн санын дээрлик эки эсе көбөйтүүнү чечкени маалым болгон. Коргоо министри Мариуш Блащак тиешелүү буйрукка кол коюлганын кабарлаган. Ошондой эле Варшава аскерлеринин бир бөлүгүн чыгыштагы чек арасына которууну чечкени маалымдалган.
"Вагнер" менчик аскер компаниясынын жоочулары Беларуска Орусиядагы "куралдуу козголоңдон" кийин көчө башташкан. Орус аскердик жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган Евгений Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24 июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй багыт алган. Орто жолдон күтүүсүздөн артка кайтарын жарыялаган. Буга анын телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшүүсү түрткү болгон.
Орусиянын бийлиги куралдуу жүрүшкө чыккандарга карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, ал эми "вагнерчилерге", анын ичинде Евгений Пригожинге Беларуска чыгып кетүүгө жол берген.
Жекшембиге караган түнү Орусиянын баш калаасына пилотсуз учактардан чабуул жасалып, "Москва-сити" бизнес борборунун эки мунарасы жабыр тартканы кабарланды. Орусиянын мамлекеттик ЖМКлары Москва шаарынын мэри Сергей Собянинге шилтеме берип, имараттын бир нече кабатында терезелер күбүлүп түшкөнүн, бир киши жабыр тартканын жазууда. Маалыматтарда чабуул эки дрондон болгону айтылат.
Орусиянын Коргоо министрлиги дагы бир дрон Москванын чет жакасындагы райондордун биринен атып түшүрүлгөнүн ырастоодо. Ал эми "Москва-ситиге" учуп келген дрондор радиоэлектрондук каражаттар аркылуу жок кылынган. Бир нече убакытка Москвада учуп-конууга тыюу салынып, "Внуково" аэропортунун иши үзгүлтүккө учураган.
Киев азырынча чабуулду комментарийлеген жок. Орусиянын ичиндеги чабуулдарга украин бийлиги расмий түрдө жоопкерчиликти өзүнө албайт.
Орусиянын бийлиги буга чейин дагы башкалаа дрон чабуулуна кабылганын маалымдаган эле.
4-июлда эртең менен Внуково-3 өкмөттүк аэропортуна жакын жерди учкучсуз учактар бутага алганы кабарланган. Орусиянын Коргоо министрлиги Москва облусундагы объектилерге беш дрон менен чабуул жасалганын жарыялаган. Орусия муну "террордук акт" деп атаган эле. Расмий маалыматта бардык дрондор жок кылынганы, жабыркагандар жана кыйроолор жок экени айтылган. Ошол маалда аэропорт эки саат иштебей турган. Киев буга комментарий берген эмес.
24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Украина Москвага эки дрон менен сокку урууга аракеттенгенин билдирген. Бир катар маалымат каражаттары жабдыктардын бири министрликтин имаратына эки чакырымга жакын жерге кулап түшкөнүн кабарлашкан. Мекеме бул окуяны да "теракт" деп атаган.
30-майда Москвага 25 дрон менен чабуул жасалганы айтылып, шаар мэри Сергей Собянин эки учкучсуз аппарат үйлөргө кулап, айрым имараттар азыраак жабыркаганын билдирген болчу.
"Вагнер" Литванын чек арасындабы же Польшанынбы?
Беларустагы "Вагнер" жеке аскердик тобунун жүздөй жоочусу Литва менен Польшанын чек арасындагы Сувалки коридоруна жеткирилди. Бул тууралуу ишембиде Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий билдирди.
Сувалки коридору (поляктардын Сувалки шаарынын атынан коюлган) Польша менен Литваны 100 километрдей аралыкта бириктирип турат. Түндүк-батышына Орусиянын Калининград облусу, түштүк-чыгышына Беларустун аймагы жакын. НАТО менен Орусиянын куралдуу кагылышы тууралуу ар кандай божомол билдирүүлөрдө Москва бул коридорду жабуу менен Балтика өлкөлөрүнүн Польша жана Батыш Европа менен байланышын үзүп салышы ыктымал экени айтылып келет.
Моравецкий "вагнерчилердин" дислокациясы тууралуу маалыматты кайдан алганын айткан жок. Ал жалданма жоочулар Беларустун Гродно шаарына жайгашуусу мүмкүн экенин айтты.
Запорожьеге урулган сокку: курмандыктар бар
Запорожье шаардык кеңешинин катчысы Анатолий Куртев Телеграмга "Өкүнүчтүүсү бир эркек жана аял каза болду. Бир аял жарадар. Жарылуу толкуну көп кабаттуу үйлөрдүн терезесин күүп, билим берүүчү жайдын жана супермаркеттин имараты жабыркады" деп билдирди.