Орусиянын армиясы 31-июлда украин президенти Владимир Зеленскийдин кичи мекени саналган Кривой Рог шаарындагы көп кабаттуу үйгө ракетадан сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ракеталардын бири университеттин төрт кабатуу имаратына тийген. Урандылардын алдына адамдар калышы мүмкүн экени кабарланды. Ал эми экинчи ракета тургундар жашаган тогуз кабатуу үйгө тийген. Соккунун натыйжасында өрт тутанды. Алдын ала-маалыматка караганда эки киши мерт кетип, 20 чакты адам ооруканага кайрылды. Зеленский жабыркагандардын жакындарына социалдык баракчалары аркылуу көңүл айтты.
Учурда өрт өчүрүү жана урандылардан кишилерди куткаруу иштери жүрүүдө.
30-июлда Украинанын Донецк аймагында орус армиясынын аткылоосунан эки жайкын тургун мерт кеткенин облус губернатору Павел Кириленко 31-июлда билдирди.
Ал арада Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр түштүктөгү Запорожье аймагында украин армиясынын контрчабуулу ийгиликтүү жүрүп жактанын кабарлады.
"Мелитополь жана Бердянск багыттарында акырындап, бирок ишенимдүү баратабыз", - деп жазды Маляр Телеграмга. Ал аскердик аракеттер контрчабуулдун баардык багыттарында уланып жатканын кошумчалады.
Daily Express басылмасы өз булактарына таянып Британияда эки миңден ашык украиналык жоокер контрчабуулга даярданып жатканын жазды. Алардын башкы максаты Орусия аннексиялап алган Крымды кайра кайтаруу операциясына катышуу экенин билдирди.
Британиядагы украин жоокерлеринин машыгуусу тууралуу расмий маалымат бериле элек.
Басылманын ырасташынча, машыгуу полигону Британиянын түштүк-батышындагы Дартмурда жайгашкан жана пресса үчүн жабык.
Британ адистери Украинанын Коргоо күчтөрүнүн "элиталык бөлүгүн" машыктырып жатат. Алар абадан жана жерден чабуул жасоо операцияларына катышат. Daily Express бул операция ушул жылдын аягына чейин ишке ашат деп билдирген.
Киев менен Лондон буга байланыштуу комментарий бере элек.
Ушул айдын башында Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев контрчабуулга даяр экенин жарыялаган.
Жекшембиде, 30-июлда өлкөнүн коргоо министринин орун басары Анна Маляр “Телеграм” каналына украин күчтөрү Бердянск жана Мелитополь багытында “акырындап болсо да илгерилегенин” жазган. Ал "контрчабуулдун бардык багыттары боюнча кармаш уланып жатканын” айткан.
Ага чейин The New York Times басылмасы Пентагондогу булактарына шилтеме кылып, Украинанын армиясы күчүн Запорожье облусуна топтоп, контрчабуулдун негизги баскычын баштаганын маалымдаган. Анда башкы максаты - Орусия басып алган Украинанын түштүктөгү аймактарын аннексияланган Крым менен байланыштырган жолду алуу экенин белгилеген.
30-июлда Украинанын коргоо министри Анна Маляр “Телеграм” каналына украин күчтөрү Бердянск жана Мелитополь багытында “акырындап болсо да илгерилегенин” жазды.
“Контрчабуулдун бардык багыттары боюнча кармаш уланууда”,– деп жазды министр.
Жекшембиде украин аскерлери Херсон облусунун оккупацияланган бөлүгүн Крым жарым аралы менен бириктирип турган Чонгар көпүрөсү атышуудан жабыркаганын маалымдады. Херсондун оккупацияланган аймагынын бийлиги да маалыматты бышыктап, украиндердин ракеталык соккусунан темир жол системасы зыян тартканын билдирди.
2014-жылы Москва аннексиялап алгандан бери Крымда Орусиянын Кара деңиз флоту жайгашкан. Жарым арал – Москва басып алган Украинанын түштүк аймактарын Орусия менен байланыштырган стратегиялык канал.