Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:34
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл

Украина ракеталык соккуга кабылды, Орусия согушка студент кыздарды тартууда

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:03 1.8.2023

1-августка караган түнү Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышындагы Харьков шаарындагы коллежге кеминде үч дрон менен сокку урушту. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы шаардын мэри Игорь Тереховго шилтеме келтирүү менен жазды.

“Учкучсуз учактардын бири коллеждеги жатаканалардын эки кабатын талкалап кетти”, – деп билдирди Терехов.

Облустук полициянын башчысы Владимир Тимошко улуттук телеканалга кабарлагандай, бул соккудан бир киши жараат алган.

Орусиянын аскерлери Украинага басып кирген маалда чек арага жакын Харьков шаарына да чабуул жасашкан. Шаардын аймагында эле ондогон көп кабаттуу үй талкаланып, жүздөгөн адам мерт болгон. Орус тарап жарым-жартылай басып алган Харьков облусун бошоткондон кийин да аталган шаарга улам-улам сокку уруп келет.

Согуштун башка багыттарында кармаш уланууда. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымдашынча, соңку суткада алардын күчтөрү орус армиясы менен 40 жолу бетме-бет кармаш өткөрүштү. Орус тараптын соккуларынан соңку суткада Донецкиде бир, Херсондо бир, Сумыда эки жайкын тургун мерт болду.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) июндагы баяндамасында Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын февраль айынан бери украиналык 10 миңдей жайкын тургун каза таап, 15 миңден ашуун киши ар кандай деңгээлде жараат алганы маалымдалган. Мекеме согуштан өлгөндөрдүн жана жабыркагандардын саны алда канча көп болушу ыктымал экенин билдирген.

14:45 1.8.2023

Шейшембиге караган түнү орусиялык күчтөр Харьков шаарына жана облусуна абадан сокку урду.

Бул тууралуу РБК-Украина басылмасы калаа мэри Игорь Тереховдун Телеграм-каналына таянып жазды. Шаар башчысынын айтымында, жардыруунун добушу Шевченко районунда дагы угулган.

Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов бул маалыматты ырастады. "Суспільнi" телеканалынын журналисттери Харьковдогу жарылуудан кийин жарык өчүп, айрым райондордо таза суу берүү үзгүлтүккө учураганын жазышты.

Соңку апталарда орус күчтөрү Харьков шаарына жана облусуна чабуулун күчөтүп, дрондорду жана түрдүү ракеталарды колдонууда. 31-июлда бул калаага орусиялык С-300 ракетасы менен урулган соккудан кеминде бир адам жараат алды.

Харьковдогу Новобаварск районунда снаряд курулуш кампасына тийип, 200 чарчы метрдей жер күйүп кеткен.

12:42 1.8.2023

1-августка караган түнү “Москва-сити” бизнес кварталындагы "IQ-Квартал" деп аталган көп кабаттуу имаратка учкучсуз учак сокку урду. Бул тууралуу Орусиянын расмий маалымат каражаттары жана Телеграм-каналдар жазды.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Телеграм-каналында билдиргендей, имараттын 21-кабатындагы терезелер талкаланган. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги Москванын чет жакасында эки украин учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн маалымдаган.

Алардын бири башкаруусун жоготуп, “Москва-ситидеги” Орусиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги жайгашкан имаратка тийген.

30-июлга караган түнү Москва шаарына учкучсуз учактардан чабуул жасалып, "Москва-сити" бизнес борборунун эки мунарасы жабыр тарткан. Имараттын бир нече кабатынан терезелер күбүлүп түшүп, бир киши жараат алганы кабарланган. Маалыматтарда чабуул эки дрондон болгону айтылат.

Бул окуялардын фонунда Москвада учуп-конууга тыюу салынып, "Внуково" аэропортунун иши үзгүлтүккө учурады.


Украинанын жетекчилиги бул чабуулдарды комментарийлеген жок. Орусиянын ичиндеги чабуулдарга украин бийлиги расмий түрдө жоопкерчиликти өзүнө албайт.

Орусиянын бийлиги буга чейин дагы башкалаа дрон чабуулуна кабылганын маалымдаган. Анын ичинде май, июнь айларында жана июль айларынын башында да ушундай окуялар катталган.

20:37 31.7.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG