Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:38
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл

Украина ракеталык соккуга кабылды, Орусия согушка студент кыздарды тартууда

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




21:21 2.8.2023

Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсүнүн Украинадагы согушка катышканы үчүн Бишкекте соттолгон кыргыз жараны тууралуу пикири кызуу талкуу жаратты. Анын “жалданмачылык” айыбы менен соттолгон жаранды Орусияга өткөрүп алуу талабын коюу ниети Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары кабылданууда. Расмий Бишкек он күндөн бери бул билдирүүгө үн ката элек.

12:20 2.8.2023

31-июлда Орусиянын Санкт-Петербург, Казань, Омск, Калуга, Можайс, Подольск жана башка шаарларында аскердик комиссариаттардын имараттарын өрттөө аракети катталды.

"База" Телеграм-каналы жазгандай, кылмышка шектелип кармалгандардын баары аларды телефон аркылуу кайсы бир шылуундар бул ишке барууга мажбурлаганын айтышкан. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү аялдар болуп чыкты. Алардын бири да саясий талаптар тууралуу айтышкан эмес.

12:19 2.8.2023

Польша өлкөнүн чек арасын коңшу Беларустун тик учактары бузганын жарыялады. Мындай билдирүү менен поляк Коргоо министрлиги чыгып, инцидент тууралуу НАТОнун жетекчилигине кабар берди.

Мекеменин маалыматында чек арага жакын жерде машыгуу өткөрүп жаткан беларус тик учактары Польшанын аба мейкиндигин 1-август күнү уруксатсыз кесип өтүшкөн. Окуя Беловеж районунда катталган.

Польшанын коргонуу мекемесинин башчысы Мариуш Блащак буга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин жыйынын чакырган. Ал чек арада кызмат өтөгөндөрдүн санын көбөйтүп, кошумча күчтөрдү, анын ичинде согуштук тик учактарды тартканы айтылат.

Инцидентти териштирүү үчүн Беларустун Варшавадагы убактылуу өкүлү Польшанын Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Варшава соңку мезгилдери Беларус менен Орусия “Польшага каршы гибриддик согушту күчөткөнүн” билдирип келет.

Беларустун Коргоо министрлиги бул билдирүүнү “ойлоп табылган факты” деп атап, Ми-24 жана Ми-8 чек арага чейинки аймакта гана машыгуу өткөргөнүн билдирди. Мекеме муну Польша тарап Беларус менен чек арасына аскерлерин жыйноого шылтоо катары пайдалануу үчүн жарыялаганын кабарлады.

29-июлда Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Беларуста жүргөн “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын 100дөй жалданмачысы Польша менен Литванын чек араларына жакын жерге жеткирилгенин жарыялаган. “Вегнерчилер” Орусияда козголоң чыгаргандан кийин Беларуска чыгып кеткен.

18:40 1.8.2023

Харьковдо кыйраган үйлөрдүн бири. 1-август, 2023-жыл.
Харьковдо кыйраган үйлөрдүн бири. 1-август, 2023-жыл.

Орусия 1-августка караган түнү Украинанын Харьков аймагына дрондор менен сокку урду. Андан жергиликтүү окуу жайдын жатаканасына зыян келгенин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Шейшемби күнү Орусиянын баш калаасы Москва да кайрадан дрондордун чабуулуна кабылды. Жаңы дрон чабуулунан улам Москвадагы Внуково аэропорту кыска мөөнөткө жабылууга аргасыз болду.

Украинанын чыгышындагы Харьков шаарында Орусиянын учкучсуз учуучу аппараттарынын соңку чабуулунан улам жергиликтүү окуу жайдын жатаканасынын бир бөлүгү кыйрап түштү. Шаар мэри Игорь Терехов дрондор Харьковдун эл жыш жашаган конушун бутага алганын Телеграмга жазды.

Харьков облусунун полиция башчысы Владимир Тимошко 1-августка караган түнү болгон чабуулда кеминде бир киши жараат алганын, шаардын бул аймагында эч кандай аскердик объекттер жок экенин айтты.

"Алдын ала маалыматка ылайык, саат түнкү бирлер чамасында учкучсуз учуучу аппараттар шаарга чабуул жасашты. Биз 6-7дей "Шахед" дронун санадык. Алардын бир бөлүгүн абадан коргонуу системасы жок кылса, бир бөлүгү шаардагы жарандык инфраструктурага сокку урду" деп билдирди Тимошко.

Харьковдун губернаторунун орун басары Евгений Ивановдун айтымында, Орусия чек арага жакын жайгашкан Харьков шаарына биринчи жолу дрондор менен сокку урду. Буга чейин Харьков шаары негизинен ракета чабуулуна туш болуп келген.

1-августка караган түнү Орусиянын баш калаасы Москва да кайрадан дрон чабуулуна туш болгонун жергиликтүү бийлик ырастады. Орус мамлекеттик маалымат каражаттары жазгандай, дрондор "Москва-сити" бизнес кварталындагы бир нече мамлекеттик мекемелер жайгашкан "IQ-Квартал" деп аталган көп кабаттуу имаратка зыян келтирди. Дал ушул имарат бир нече күн мурда эле дрон чабуулуна кабылган.

"Биз басып баратканбыз, капысынан бир жарылуу болду. Айнектер сынып, түтүн чыга баштады. Анан коопсуздук кызматкерлери ошол тарапка чуркай баштады. Айнектин сыныктары чындап эле чоң болчу".

"Бул учкучсуз учак эмес, дрон болчу. Ал имараттын ичине учуп кирди. Көлөмү чоң эле. Тээ тиги темир, айнектерди алмаштырса болот. Эң негизгиси, эл аман-эсен" дейт чабуулдун күбөлөрү.

Шаардын мэри Сергей Собянин Орусиянын абадан коргонуу системалары Москвага багыт алган бир нече дрон чабуулунун мизин кайтарганын Телеграмга жазып, дрондордун бири көп кабаттуу имаратка тийгенин, анын 21-кабатындагы терезелер талкаланганын айтты.

Орусиянын Коргоо министрлиги Москванын чет жакасында Украинанын эки учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн, алардын бири башкаруусун жоготкону үчүн "Москва-ситидеги" имаратка тийгенин маалымдады.

Дрон чабуулун улай Москвадагы үч негизги аэропорттун бири саналган "Внуково" аэропорту кыска убакытка жабылды. Орус тарап бул чабуулдар үчүн Украинаны айыптап келет. Расмий Киев дрон чабуулдарын уюштурганын ырастаган эмес. Шейшембиде украин президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Орусиянын аймагында учкучсуз учактардын чабуулдары тез-тез кайталана турганын айтты.

Ал арада Украинанын чыгышында жана түштүгүндө орус күчтөрү менен украин армиясынын ортосунда айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат.

Акыркы 24 саат аралыгында Орусиянын артиллериялык аткылоосунан Украинанын Донецк аймагында эки киши каза тапканын облус губернатору Павло Кириленко Телеграмга жазды. Бир күн мурун Украинанын Кривой Рог шаарына жасалган орус армиясынын соккусунан алты киши мерт болду. 22 адам ооруканада жатат, экөөнүн абалы оор.

1-августта Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командачысы Валерий Герасимов Украинанын түштүгүндөгү Запарожье аймагына барып, орус аскерлери менен жолугушканы белгилүү болду.

Бир күн мурда Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр Запорожье аймагында украин армиясынын контрчабуулу ийгиликтүү жүрүп жактанын билдирген.

Маляр украин армиясы май айында контрчабуулун баштагандан бери 205 чарчы чакырымдай аймагын орус күчтөрүнөн бошотконун, анын 13 чарчы чакырымы соңку бир аптада украин тараптын колуна өткөнүн айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG