Польша армиясынын эки бригадасынын аскердик тик учактарын Беларус менен чек арасына жеткирди. Бул тууралуу TVP Info медиасы өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачылыгына таянып жазды.
Тик учактар коргоо министри Мариуш Блащактын чукул буйругу болсо, ыкчам реакция жасоо үчүн эки позицияны ээледи.
Башкы командачылык кандай гана жагдай болбосун даяр экенин, зарыл болсо ок атарын эскертти.
1-августта Польшанын бийлиги өлкөнүн чек арасын коңшу Беларустун тик учактары бузганын жарыялаган. Мындай билдирүү менен поляк Коргоо министрлиги чыгып, инцидент тууралуу НАТОнун жетекчилигине кабар берген.
Инцидентти териштирүү үчүн Беларустун Варшавадагы убактылуу өкүлү Польшанын Тышкы иштер министрлигине чакырылган.
Варшава соңку мезгилде Беларус менен Орусия “Польшага каршы гибриддик согушту күчөткөнүн” билдирип келет.
Беларустун Коргоо министрлиги бул билдирүүнү “ойлоп табылган факты” деп атап, Ми-24 жана Ми-8 чек арага чейинки аймакта гана машыгуу өткөргөнүн билдирди. Мекеме муну Польша тарап Беларус менен чек арасына аскерлерин жыйноого шылтоо катары пайдалануу үчүн жарыялаганын кабарлады.
29-июлда Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Беларуста жүргөн “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын жүздөй жалданмачысы Польша менен Литванын чек араларына жакын жерге жеткирилгенин жарыялаган. Беларустун башында турган Александр Лукашенко муну төгүндөгөн. “Вагнерчилер” Орусияда козголоң чыгаргандан кийин Беларуска чыгып кеткен.
Орус армиясы 3-августтун таңында өлкө түштүгүндөгү Херсон шаарын аткылап, жети тургун жаракат алды. Бул тууралуу облустун аскердик администрациясынын маалымат катчысы Александр Толоконников "Азаттыктын" украин кызматына билдирди.
Анын айтымында, ракеталардын бири көчөдө бараткан троллейбуска тийип, үч киши жабыркаган. Алардын бири - улгайып калган эркек кишинин абалы оор деп айтылды. Андан тышкары биринчи аткылоодон кийин чиркөөнү каптаган өрттү өчүрүп жаткан төрт куткаруучу жаракат алган.
Херсон шаарын 2022-жылдын күзүндө украин армиясы орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери дээрлик күн сайын бул калаа орус армиясынын аткылоосуна кабылууда.
3-августка караган түнү орус армиясы Киевди "Шахед" дрондору менен аткылаган.
Украин баш калаасынын аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Попко билдиргендей, дрондордун баары абадан атып түшүрүлдү.
Украианада коркунуч тууралуу эскертүү үч саат тынбай жаңырды. Ушул эле түнү Днепропетров облусундагы эки районго чабуул жасалды. Анын жыйынтыгында төрт менчик үй жана мектеп талкаланды.
Украин баш калаасынын аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Попко билдиргендей, 3-августка караган түнү орус армиясы урган жанкечти дрондордун баары абадан атып түшүрүлдү.
Украин аба күчтөрү кабарлагандай, 15 “Шахед” жана жети чалгын дрону жок кылынган. Киевде жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.
Украианада коркунуч тууралуу эскертүү үч саат тынбай жаңырды. Ушул эле түнү Днепропетров облусундагы эки районго чабуул жасалды. Анын жыйынтыгында төрт менчик үй жана мектеп талкаланды.
2-августка караган түнү орус армиясы негизинен Одесса жана Киев облустарына аба чабуул койгон. Одессадагы портторду аткылоодон дан кампалары жана элеваторлор жабыркап, 40 миң тонна буудай жарактан чыккан.