Энтони Блинкен: АКШ дан келишими калыбына келгенден кийин бардык өлкөлөргө анын ичинде Орусияга да азык-түлүктү коопсуз экспорттоосуна катышууга аракет кылат
Бул тууралуу мамлекеттик катчы БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты. Ал БУУга кирген бардык өлкөлөрдү Кара деңиздеги украин портторунан эгин экспортоону опузалоо максатында үзгүлтүккө учуратууну токтотуу талабы менен Москвага кайрылууга чакырды.
Блинкендин айтымында, украин буудайын экспорттоого мүмкүндүк берген дан келишиминин арты менен дүйнөлүк базарда 18 миллиард токочко барабар азык-түлүк пайда болгон. Блинкен Орусиянын Кара деңиз келишиминен чыгышы эгин баасынын 8% жогорулашына алып келгенин кошумчалады. Ал Кремлди согушка таасир этүү үчүн Кара деңизди жана дүйнөдөгү элдин аялуу катмарын опуза үчүн колдонбоого чакырды. Орусиянын Украинадагы согушун максатсыз деп атады.
Орусия жана Украина өткөн жылы дан келишимине Түркия жана БУУ менен өз-өзүнчө кол коюшкан. Ушул жылдын 17-июлунда Москва дан келишиминен бир тараптуу чыга турганын билдирген. Москва муну дүйнөлүк базарда Орусиянын азык-түлүгүн көбөйтүү, Россельхозбанкты SWIFT системасына кошуу талабы аткарылбаганы менен негиздеген. Келишимден чыккандан кийин эле Украинанын дүйнөлүк базарга эгин жөнөткөн портторун жапырт ракета менен ата баштаган. Орусия андан тышкары эгин ташыган кемелерди бутага аларын билдирген.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кийинчерек дан келишимин калыбына келтире турганын билдирген.
Орусия чет элдиктерди армияда келишим менен кызмат өтөөгө тарта баштады
Reuters агенттиги Казакстандын интернет сегментинде "чет элдик агайындарга" деген жарнама пайда болгонун билдирди. Анда Казакстан менен Орусиянын желеги түшүрүлүп, "Ийиндеш бол" деген ураан жазылган жарнаманы көрүүгө болот. Жарнаманын текстинде орусиялык армия менен келишим түзгүсү келгендерге бир жолу 495 миң рубль акы төлөнөрү, андан ары 190 миң айлык жана согуштук аракеттерге катышкандарга "кошумча төлөмдөр" болору жазылган. Агенттик бул цифралар Москва жана Подмосковьеден келишим менен чакырылгандардыкына окшош экенин белгилеген. Жарнаманы басканда кызматчыларды тандоого адистешкен Сахалин облусундагы адамдык капиталды өнүктүрүү агенттигинин мамлекеттик сайты кошо ачылганын көрүүгө болот. Ушундай эле жарнама Армениянын интернет сегментинде пайда болгонун колдонуучулар кабарлашкан.
Орусиянын Коргоо министрлиги Новороссийскиге деңиз дрондору чабуул койду
Орусиялык агенттиктер маалымдагандай, министрлик жума күнгө караган түнү орусиялык аскер-деңиз базасына эки украиналык дрон чабуул койгонго аракет кылганын билдирген.
"Экипажы жок катерлер аскер-деңиз базасын кайтарган орусиялык кеменин куралдары менен жок кылынды", - деп билдирген министрлик.
Жергиликтүү жашоочулар Новороссийск портунда атышуунун жана кеминде бир жарылуунун үнүн угушканын жазышууда. Кырдаалдан улам кеме кыймылына убактылуу чектөө киргенин орусиялык Интерфакс агенттиги "Каспий куурлары консорциумуна" (КТК) таянып билдирди.
КТК Новороссийск шаарындагы мунай терминалына ээлик кылат.
Компаниянын басма сөз кызматы терминалга зыян келтирилбегенин, мунай танкерлерге жүктөлүп жатканын билдирди.
Айрым жергиликтүү жашоочулар социалдык тармакта жарылуу дал ушул КТКга караштуу аймакта болгонун жазышууда.
Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев Телаграм-каналына чабуул маалында жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун билдирди.
Украин тарап бул боюнча маалымат бере элек. Согуш учурунда маалыматты эки тараптан тең ыкчам тактоо мүмкүн эмес.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 3-августтун кечинде жасаган кайрылуусунда согуш башталгандан бери анын өлкөсүнө Орусия 1961 "Шахед" дронун учурганын билдирди.
Президенттин айтымында, дрондордун көпчүлүгү атып түшүрүлдү.
"Тилекке каршы баары эмес. Биз көбүрөөк атып түшүрүү үстүндө иштеп жатабыз. Абадан коргонуу системасы көп болушу үчүн иштеп жатабыз", - деди Зеленский.
Ал украин армиясы контрчабуулга өтүп жаткан фронттогу окуя тууралуу кыскача гана айтты:
"Оор кармаштар жүрүп жатат. Оккупанттар биздин балдарды токтотуу үчүн бардык күчүн жумшоодо. Айрыкча Купянск, Лиман, Бахмут, Марьинка, Авдеевка багыттарында абал курч. Түштүк багыттарда дагы. Бардык жакта оор, бирок душман эмне кылбасын, украин күчтөрү үстөмдүк кылууда", - деп билдирди Зеленский.
Орусия Украинага каршы ирандык-камикадзе учкучсуз учактарын 2022-жылдын күз айынан тарта колдоно баштаган.