Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл

Украина ракеталык соккуга кабылды, Орусия согушка студент кыздарды тартууда

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:12 5.8.2023

Путин аскерге чакыруу курагын 30 жашка чейин көтөргөн мыйзамына кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялыктарды 18 жаштан 30 жашка чейин аскерге чакырган мыйзамга кол койду. Ага чейин аскерге чакыруу мөөнөтү 27 жашка чейин гана болчу.

Кол коюлган документ 2024-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. 2023-жылдын аягына чейин 27 жашка толгондорго бул мыйзам иштебей турганы кабарланды.

Башында аскерге чакыруу курагын 18 жаштан 21 жашка чейин көтөрүү пландалган. Ага чейин Мамдуманын коргоо министри Андрей Картаполов комитет буга барбай турганын билдирген. Өзгөрүүлөрдү ал демографиялык абалдан улам армияга орусиялыктар аз чакырылып жатканы менен түшүндүргөн.

Мындан тышкары президент орус жарандарын аскерге чакыруу баргандан тарта чет өлкөгө чыгып кетүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон.

11:59 5.8.2023

Орусия Керч кысыгында дрон чабуулунан SIG танкери жабыркаганын ырастады жана буга байланыштуу Киевди күнөөлөдү.

Мунун алдында бир катар украиналык жана орусиялык Телеграм-каналдары 5-августка караган түнү танкерге абадан жана суу алдынан чабуул болгонун жазышкан.

Росморречфлот федералдык агентиги танкердин машина бөлүгү тешилгенин, бирок май акпаганын жана экипаж коопсуз жайда экенин билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, чабуул болгон маалда бортто 11 адам болгон жана алар эвакуацияга муктаж эмес. Айрымдары жеңил жараат алган.

ТАСС агенттиги жабыркаган танкерге эки буксир жөнөтүлгөнүн, экипаж тешилген жерди өз алдынча текшергени жатканын жазды.

SIG танкери аннексияланган Крымга жана Сирияга химиялык заттарды жана кара май ташыганы үчүн 2019-жылы АКШнын санкциясына илинген.

Ишембиге караган түндөгү дрон чабуулдарынан айынан Крым көпүрөсүндө жарык өчүрүлүп, каттам үч саатка токтотулду. Жарым аралдын айрым аймактарынын жашоочулары катуу жарылуу болгонун айтып чыгышты. Бирок бийлик өкүлдөрү ал жарылуунун Крым көпүрөсүнө тиешеси жоктугун билдиришти.

11:58 5.8.2023

Аннексияланган Крымдагы айрым Телеграм-каналдар 5-августка караган түнү Керч көпүрөсү тарапта жарылуу болгонун жазышты. Ага ылайык, көпүрөнүн жарыктары өчүп, каттам токтотулду. Маалыматтарга карагада асмандан жана суу астынан дрондор менен чабуул жасалган.

“Крым.Реалии” сайтындагы маалыматка ылайык, катуу жарылуу тууралуу Запорожье аймагынын башчысы Владимир Рогов билдирген. Бирок Крымдын Москва дайындаган башчысынын орун басары Олег Крючков аны ырастаган эмес.

Социалдык тармактарда Керчтеги чабуулда жабыркады деген танкер тууралуу маалыматтар чыкты.

ТАСС агенттиги Новороссийскиден Керч кысыгына куткаруучулар тобу жөнөп кеткенин жазды.

21:44 4.8.2023

Новороссийскидеги "Оленегорский горняк" кемесинин сүрөтү

"Свобода" радиосу "Оленегорский горняк" десанттык кемесинин спутниктен тартылган сүрөтүн жарыялады. Кемеге жума күнү түнү суу астында жүрүүчү дрон тийген. Сүрөттө кемеден кара түстөгү күйүүчү майга окшогон суюктун агып жатканын көрүүгө болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG