Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-августтагы кечки кайрылуусунда Орусиянын армиясы өлкө аймагын, анын ичинде авиациялык “Мотор Сич” заводун ракета менен аткылаганын билдирди.
Анда “Кинжал”, “Калибр” үлгүсүндөгү ракеталар колдонулганын, алардын бир бөлүгү атып түшүрүлгөнүн айтты.
Мунун алдында Запорожье облусунун администрациясы жарылуулар болгонун кабарлаган. Соккунун кесепети тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
“Мотор Сич” аталган облуста жайгашкан жана авиациялык, өндүрштүк газотурбинналык кыймылдаткычтарды, тик учактарды чыгарган дүйнөдөгү негизги заводдордун бири.
Анда жасалган “Ми” үлгүсүндөгү тик учактардын кыймылдаткычтарын буга чейин Орусия дагы сатып алып келген. Ошондой эле, “Ил” жана “Ан” үлгүсүндөгү учактардын кыймылдаткычтары жасалчу.
Былтыр октябрда "Мотор Сичтин" ошол кездеги директору Вячеслав Богуслаев "мамлекеттик чыккынчылыкка" айыпталып кармалган.
Украинанын атайын кызматы анда ал өлкө үчүн агрессор мамлекет – Орусияга маалыматтарды сатып, иштеген деген кине койгон. 84 жаштагы Богуслаев аны айырбашталчу туткундар тизмесине киргизүүнү өтүнгөнү айтылган. Киев аны "миңдеген украиналыктарга" алмаштырууга макул болорун айткан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-августта кечиндеги Орусиянын чабуулунда Харьковдогу кан борборуна башкарылуучу бомба түшкөнүн билдирди.
Ал Твиттердеги баракчасына жарым-жартылай кыйраган имараттын сүрөтүн жайгаштырып, соккуда мерт болгондор, жараат алгандар бар экенин жазды. Өрттү өчүрүү уланып жатканын билдирди.
Азырынча мындан башка маалымат бериле элек.
Москва бомба чабуулу тууралуу комментарий берген жок. Орусия согуш маалында жарандык объекттерге атайлап же кокусунан жасалган соккуларга байланыштуу дооматтарды четке кагып келет.
Жарым-жартылай талкаланды делген имарат Харьковдун чыгышындагы Купянск шаарчасында жайгашкан.
Өткөн айдан бери орус армиясы аталган аймакка бастырып кирүүгө аракет кылып жатат. Украиналык мониторинг каналдарынын ырасташынча, мындан улам абадан сокку уруу, анын ичинде бомба менен атуу көбөйдү.
Сауд Арабиясында 5-августтан Украинага тынчтык орнотууга байланыштуу эки күндүк жолугушуу башталды.
Жидда шаарындагы 40тай өлкөнүн өкүлдөрү катышкан сүйлөшүүгө Орусия чакырылган эмес. Айрым басылмалар жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу Эр-Рияд Москвага маалымат берүүнү пландаштырып жатканын жазды.
Жолугушууда Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин өз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгү тууралуу БУУнун уставын сактоо, өзөктүк, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздукка байланыштуу 10 жободон турган “тынчтык формуласы” талкууланары айтылган.
Жиддадагы жолугушууга Кытай өкмөтүнүн Евразия иштери боюнча өкүлү Ли Хуэй дагы катышып жатат. Киев Бээжиндин бул жолугушууга өкүл жөнөткөн “чон жетишкендик” катары сыпаттанган.
Москва Жиддадагы сүйлөшүүлөргө тыкыр көз саларын билдирген.
Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы орусиялык кемелерге урулган соккулар үчүн жоопкерчиликти алды
Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы Василий Маляр орусиялык кемеде жана Крым көпүрөсүндө болгон кандай гана жалын болбосун "душманга карата логикалык жана таасирдүү кадам" болуп саналат.
"Андан тышкары мындай атайын операциялар Украинанын аймактык сууларында болуп жатат жана алар толук мыйзамдуу. Эгер орусиялыктар "мындай учкундар" токтосун десе, алар жападан жалгыз мүмкүнчүлүктү колдонуп, Украинанын аймактык сууларынан жана жеринен чыгып кетиши керек. Канчалык эрте аракет кылса, өздөрүнө ошончолук жакшы. Анткени биз бул согушта душманды толук жеңебиз", - деди Маляр.