Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:06

Түз ободо Москва жана Подмосковьеге дрондор чабуул койду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:24 9.8.2023

Москванын мэри Сергей Собянин шаарды көздөй келаткан эки дрон абадан коргонуу каражаттары аркылуу атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ал бул тууралуу Телеграм-каналына жазды.

“Шаарды көздөй эки согуштук дронду учуруу аракети болду. Экөө тең атып түшүрүлдү. Бирөө Домодедово, экинчиси Минск шоссеси тарапта жок кылынды”, - деп билдирди Собянин.

Анын сөзүнө караганда, жараат алгандар, жабыркагандар болгон жок. Жеринде чукул кызматтар иштеп жатат.

Өткөн аптада шаардагы “Москва-сити” бизнес борборуна эки күн катары менен дрондон чабуул жасалганы маалымдалган. Анда имараттын терезелери, эки мунарасы жабыркаганы айтылган. Бийлик өкүлдөрү чабуулда бир киши жараат алганын билдирген.

Украинанын жетекчилиги бул чабуулдарга комментарий берген эмес. Киев Орусиянын ичиндеги чабуулдарга жоопкерчиликти албастыгын айткан.

Орусиянын бийлиги баш калаа буга чейин да дрон чабуулуна кабылганын маалымдап турган. Мисалы, май, июнь айларында жана июль айларынын башында да ушундай окуялар катталган.

18:12 8.8.2023

Кошмо Штаттар 8-августта Украинага курал-жабдык үчүн дагы 200 миллион доллар бөлөрүн жарыялары күтүлүүдө. Бул тууралуу Рейтер маалымат агенттиги жазды.

Бул жолку каражат "Пэртиот" зениттик-ракеталык комплекстерине ок-дарылар, HIMARS системалары үчүн реактивдүү ракеталар, миналарды иштен чыгаруу үчүн колдонулуучу жабдыктарга жана башка куралдарга жумшалышы керек.

Акча буга чейин берилген 6,2 миллиард долларлык курал-жабдыктын баасын эсептеп жатканда кетирилген бухгалтердик катадан улам ашыкча болуп чыккан.

Учурда АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Украинага дагы кошумча каражат бөлүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

Сунуш Конгресске күзүндө жиберилет. Бул тууралуу СNN телеканалы билдирди. Былтыр Ак үй Украинага жардам бөлүү сунушу менен Конгресске төрт жолу кайрылган.

Буга чейин Пентагон Киевге "Абрамс" танктарынын биринчи партиясын жиберүүнү расмий жактырганы маалым болгон.

15:02 8.8.2023

Украин армиясы орус күчтөрүнө каршы өлкөнүн түштүк-чыгышында контрчабуулун улантууда. Бул тууралуу украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 8-августта билдирди. Маалыматка караганда украин армиясы Запорожье облусунун Бердянск жана Мелитополь багыттарында орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу аракетин көрүүдө.

Соңку бир суткада украин армиясы "орус күчтөрүнүн жеке курамы, курал-жабдыгы жана аскердик техникасы топтолгон райондорго" тогуз жолу сокку урганы Башкы штабдын билдирүүсүндө белгиленген.

Украин армиясы контрчабуулун ушул жылы жайда баштаган.

Ал арада Украинанын Ички иштер министрлиги Донецк облусунун Покровск шаарына орус армиясы жасаган ракеталык соккулардан жабыркагандардын санын жаңылады. Соңку маалыматтарга караганда, жети жайкын тургун мерт болуп, жетимишке чукул адам жараат алды. Алардын арасында полиция кызматкерлери, куткаруучулар жана эки бала бар.

7-августтун кечинде орус армиясы соккон ракеталардын бири Покровскидеги беш кабаттуу үйгө тийген.

12:25 8.8.2023

Орусиянын армиясы 7-августта кечинде Донецк облусуна караштуу Покровск шаарын ракета менен аткылады. Украинанын Куралдуу күчтөрү анда бир ракета шаардын борборундагы беш кабаттуу үйгө тийгенин, бери дегенде жети адам мерт болуп, дагы 57 тургун жараат алганын кабарлады.

Дүйшөмбүгө караган түнү орус армиясы Херсонго бир нече жолу чабуул жасады. Анда дагы ракета көп кабаттуу үйгө тийип, бир киши мерт болуп, дагы бир нечеси жараат алган. Учурда чабуулга кабылган жерлерде куткаруучулар иштеп жатат.

Харьковдогу Купянск району дагы аткылоого кабылды. Анда бомба түшүп, эки адам мерт болуп, дагы төрт киши жараат алды.

Украина тараптын билдиришинче, бул аймакта "кош сокку" тактикасы колдонулган. Анда жарылуу болгон жерге куткаруучулар келгенде экинчи сокку урулган. Натыйжада эки куткаруучу менен бир полиция кызматкери жараат алып, жер тамдар жабыркап, өрт тутанган.

Орусия Украинанын аймагына күн сайын чабуул жасап жатат. Москва жарандык объекттерге жана турак жайларга сокку урганы тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG