Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл

Украина ракеталык соккуга кабылды, Орусия согушка студент кыздарды тартууда

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:33 9.8.2023

Орус армиясы 9-августка караган түнү Украинанын Днепропетровск облусундагы Никополь шаарын аткылады. 18 жаштагы улан каза болуп, дагы үч адам жараат алганын облустук кеңештин төрагасы Николай Лукашук билдирди.

Аткылоодон жергиликтүү чиркөө, карапайым тургундардын турак жайлары, электр зымдары жабыркаганы кабарланды.

9-августта орус армиясы Херсон шаарына жасаган артиллериялык чабуулдан бала бакчалардын бири жарым-жартылай талкаланды. Бир улгайган адам жараат алды. Бул тууралуу Херсон облусунун аскердик администрациясы билдирди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы маалымдагандай, 8-августта орус армиясы жалпысынан төрт ракеталык, 53 авиациялык сокку урган. Андан тышкары украин армиясынын аскердик турумдарын аткылаган.

11:37 9.8.2023

Украинанын "Гаврия" аскердик бөлүгү Сергей Кузьмин Мелитополь багытында украин армиясы Работнино калктуу конушунан "жүздөгөн метр алдыга жылганын" билдирди. Кузьминдин айтымында, Бердянск багытында чабуул коюу аракети жүрүп жатат, украин армиясы орусиялык күчтөрдүн биринчи коргонуу линиясына чыкканы кабарланууда. Согуш маалында бул маалыматтарды тактоо мүмкүн эмес болууда.

11:25 9.8.2023

Орусиянын армиясынын 7-августтагы Донецк облусуна караштуу Покровск шаарын ракета менен аткылаганда мерт болгондордун саны тогузга жетти. Дагы 80ден ашуун адам жараат алды.

Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 8-августтагы кечки кайрылуусунда билдирди.

“Тогуз адам мерт болду. Мен алардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтам. Дагы 82 киши жарадар болду. Арасында эки бала бар жана бирөө оор абалда. Анын аты Никита, ал болгону 11 гана жашта”, - деди Зеленский.

Украинанын Куралдуу күчтөрү бул соккуда бир ракета шаардын борборундагы беш кабаттуу үйгө тийгенин билдирген.

Дүйшөмбүгө караган түнү орус армиясы Херсонго бир нече жолу чабуул жасады. Анда дагы ракета көп кабаттуу үйгө тийип, бир киши мерт болуп, дагы бир нечеси жараат алган.

Харьковдогу Купянск району дагы аткылоого кабылган. Анда бомба түшүп, эки адам мерт болуп, дагы төрт киши жараат алган.

Украина тараптын билдиришинче, бул аймакта "кош сокку" тактикасы колдонулган. Анда жарылуу болгон жерге куткаруучулар келгенде экинчи сокку урулган. Натыйжада эки куткаруучу менен бир полиция кызматкери жараат алып, жер тамдар жабыркап, өрт тутанган.

Орусия Украинанын аймагына күн сайын чабуул жасап жатат. Москва жарандык объектилерге жана турак жайларга сокку урганы тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

11:24 9.8.2023

Москванын мэри Сергей Собянин шаарды көздөй келаткан эки дрон абадан коргонуу каражаттары аркылуу атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ал бул тууралуу Телеграм-каналына жазды.

“Шаарды көздөй эки согуштук дронду учуруу аракети болду. Экөө тең атып түшүрүлдү. Бирөө Домодедово, экинчиси Минск шоссеси тарапта жок кылынды”, - деп билдирди Собянин.

Анын сөзүнө караганда, жараат алгандар, жабыркагандар болгон жок. Жеринде чукул кызматтар иштеп жатат.

Өткөн аптада шаардагы “Москва-сити” бизнес борборуна эки күн катары менен дрондон чабуул жасалганы маалымдалган. Анда имараттын терезелери, эки мунарасы жабыркаганы айтылган. Бийлик өкүлдөрү чабуулда бир киши жараат алганын билдирген.

Украинанын жетекчилиги бул чабуулдарга комментарий берген эмес. Киев Орусиянын ичиндеги чабуулдарга жоопкерчиликти албастыгын айткан.

Орусиянын бийлиги баш калаа буга чейин да дрон чабуулуна кабылганын маалымдап турган. Мисалы, май, июнь айларында жана июль айларынын башында да ушундай окуялар катталган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG