Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Түз ободо Москва жана Подмосковьеге дрондор чабуул койду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




22:50 9.8.2023

Орусия Украинанын аймагына күн сайын чабуул жасап жатат. Донецк облусуна караштуу Покровск шаарына жасалган ракеталык чабуулдан тогуз кишини мүрт кеткени кабарланууда.

Москва жарандык объектилерге жана турак жайларга сокку урганы тууралуу маалыматтарды четке какканы менен Киев соңку бир суткада отуздан ашуун кагылышуу катталганын ырастады.

Москванын мэри Сергей Собянин шаарды көздөй келаткан эки дрон абадан коргонуу каражаттары аркылуу атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Украинанын Днепропетровск облусундагы Никополь шаарына 9-августка караган түнү орус армиясы сокку урду.

Облустук кеңештин төрагасы Николай Лукашук 18 жаштагы жигит каза болуп, үч киши жарат алганын, чиркөө, беш үй, эки чарбалык имарат жана газ түтүгү зыянга учураганын билдирди.

7-августта Донецк облусуна караштуу Покровск шаарын ракета менен аткылаганда курман болгондордун саны тогузга жетти.

Көп кабаттуу үйлөрдүн терезеси сынган. Шаар тургундарынын айтымында жарылуу күчтүү болгон.

"Бир маалда даң деген үн угулду. Көзүмдү жаап, жерге жата калдым. Турсам айнектин сыныктары бетиме тийиптир".

"Менин батирим жакшынакай болчу. Аткылоодон терезенин айнектери, кийин балконум күбүлүп түштү. Мен терезе пардага оронуп аман калдым. Бирок колу-бутуман жараат алдым", - дейт Николь шаарынын тургуну.

Украинанын Куралдуу күчтөрү бул соккуда бир ракета шаардын борборундагы беш кабаттуу үйгө тийгенин билдирген. Шейшембиде президент Владимир Зеленский аткылоодо дагы 80ден ашуун адам жарат алганын айткан.

"Тогуз адам курман болду. Мен алардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтам. Дагы 82 киши жарадар болду. Арасында эки бала бар жана бирөө оор абалда. Анын аты Никита, ал 11 гана жашта эле", - дейт Зеленский.

9-августта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы соңку эки айда Запорожьенин айланасындагы 15тен ашык калктуу конушка сокку урулуп, аткылоодон Херсон шаары талкаланганын да Фейсбукка жазды.

Ал тапта Москванын мэри Сергей Собянин шаарды көздөй келаткан эки дрон абадан коргонуу каражаттары аркылуу атып түшүрүлгөнүн билдирди. Кийинчерээк Орусиянын Коргоо министрлиги Киевди айыптап, учкучсуз учактар менен кол салуусуна бөгөт коюлганын, жараат алгандар, жабыркагандар жок экенин билдирди.

"Шаарды көздөй эки согуштук дронду учуруу аракети болду. Экөө тең атып түшүрүлдү. Бирөө Домодедово, экинчиси Минск шоссеси тарапта жок кылынды", - деп жазды Собянин.

Америкалык Согушту иликтөө институту (ISW) 8-августтагы баяндамасында орусиялык аскер блогерлерине таянып, украин күчтөрү Днепр дарыясы аркылуу тымызын рейд жүргүзгөнүн, алар орус аскерлери көзөмөлдөгөн дарыянын сол жээгине түшкөнүн жазды.

Бирок Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Ал эми "Украинская правда" басылмасы Украинанын Куралдуу күчтөрү Мелитополь багытында "жүздөгөн метр" алдыга жылганын жазды. "Таврия" аскер тобунун өкүлү Сергей Кузьминдин айтымында, Бердянск багытында да чабуул операциялары жүрүп жатат.

Украин аскерлери орус күчтөрүнүн коргонуусунун биринчи линиясына киргени айтылууда. Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

17:33 9.8.2023

Орус армиясы 9-августка караган түнү Украинанын Днепропетровск облусундагы Никополь шаарын аткылады. 18 жаштагы улан каза болуп, дагы үч адам жараат алганын облустук кеңештин төрагасы Николай Лукашук билдирди.

Аткылоодон жергиликтүү чиркөө, карапайым тургундардын турак жайлары, электр зымдары жабыркаганы кабарланды.

9-августта орус армиясы Херсон шаарына жасаган артиллериялык чабуулдан бала бакчалардын бири жарым-жартылай талкаланды. Бир улгайган адам жараат алды. Бул тууралуу Херсон облусунун аскердик администрациясы билдирди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы маалымдагандай, 8-августта орус армиясы жалпысынан төрт ракеталык, 53 авиациялык сокку урган. Андан тышкары украин армиясынын аскердик турумдарын аткылаган.

11:37 9.8.2023

Украинанын "Гаврия" аскердик бөлүгү Сергей Кузьмин Мелитополь багытында украин армиясы Работнино калктуу конушунан "жүздөгөн метр алдыга жылганын" билдирди. Кузьминдин айтымында, Бердянск багытында чабуул коюу аракети жүрүп жатат, украин армиясы орусиялык күчтөрдүн биринчи коргонуу линиясына чыкканы кабарланууда. Согуш маалында бул маалыматтарды тактоо мүмкүн эмес болууда.

11:25 9.8.2023

Орусиянын армиясынын 7-августтагы Донецк облусуна караштуу Покровск шаарын ракета менен аткылаганда мерт болгондордун саны тогузга жетти. Дагы 80ден ашуун адам жараат алды.

Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 8-августтагы кечки кайрылуусунда билдирди.

“Тогуз адам мерт болду. Мен алардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтам. Дагы 82 киши жарадар болду. Арасында эки бала бар жана бирөө оор абалда. Анын аты Никита, ал болгону 11 гана жашта”, - деди Зеленский.

Украинанын Куралдуу күчтөрү бул соккуда бир ракета шаардын борборундагы беш кабаттуу үйгө тийгенин билдирген.

Дүйшөмбүгө караган түнү орус армиясы Херсонго бир нече жолу чабуул жасады. Анда дагы ракета көп кабаттуу үйгө тийип, бир киши мерт болуп, дагы бир нечеси жараат алган.

Харьковдогу Купянск району дагы аткылоого кабылган. Анда бомба түшүп, эки адам мерт болуп, дагы төрт киши жараат алган.

Украина тараптын билдиришинче, бул аймакта "кош сокку" тактикасы колдонулган. Анда жарылуу болгон жерге куткаруучулар келгенде экинчи сокку урулган. Натыйжада эки куткаруучу менен бир полиция кызматкери жараат алып, жер тамдар жабыркап, өрт тутанган.

Орусия Украинанын аймагына күн сайын чабуул жасап жатат. Москва жарандык объектилерге жана турак жайларга сокку урганы тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG