Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Түз ободо Москва жана Подмосковьеге дрондор чабуул койду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:05 10.8.2023

Польша Беларус менен чек арасына кошумча 10 миңге чейин аскер жөнөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу 10-августта коргоо министри Мариуш Блащак билдирди.

"Чек арада 10 миңдей аскер болот. Алардын 4 миңи Чек ара кызматына көмөк көрсөтөт, 6 миңи резервде кармалат. Агрессорду бизге кол сала албагыдай коркутуу үчүн армиябызды Беларуска жакын аймакка жайгаштырып жатабыз", - деди Блащак.

9-августта ички иштер министринин орун басары Мацей Васик Варшава Беларус менен чек арага кошумча 2 миң аскер жибере турганын билдирген .

Чыгыш Европада жайгашкан мамлекеттин бийлигинин мындай чечимине Беларус тараптан чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган мигранттардын көбөйүшү түрткү болууда.

Өткөн айда эле чек араны 4 миң мигрант кесип өтүүгө далалат кылган. Андан тышкары расмий Варшавага Беларус аймагында жайгашкан "Вагнер" менчик компаниясынын жалданма аскерлери кооптонуу жаратууда.

Польша бийлиги Орусия менен Беларус Евробиримдикке жаңы миграциялык агымды коё берүүгө даярданып жатканын билдирген.

10:22 10.8.2023

Согуш башталгандан бери 9 миллионго жакын киши Украинадан чыгып кетти. 6 миллиондон ашуун украиналык дагы эле чет мамлекеттерде. Алардын 2 миллионою мекенине кайтууну каалайт. Бул тууралуу Wall Street Journal (WSJ) басылмасы Бириккен Улуттар Уюмунун отчетуна таянып жазды.

БУУнун маалыматында, буга чейин 350гө жакын адам өлкөгө кайтып келген, бирок үйүнө бара алган эмес. Алар жер которгондордун катарында калган. Украинанын Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, "чыгып кеткен ар бир 100 миң киши өлкөнүн ички дүң өнүмүн (ИДП) 0,5 пайызга төмөндөтөт" деп жазды WSJ.

Кайтып келгендердин азыркы толкунун чет өлкөдөн туруктуу жумуш жана турак жай таба албагандар же жакын туугандарын өлкөдө калтырып кеткендер түзөт. Украинанын Экономика министрлиги алдыдагы 10 жылда экономиканы калыбына келтирүү үчүн 4,5 миллион жумуш орундарын түзүүгө ниеттенүүдө.

Батыш өлкөлөрү Украинанын экономикасын калыбына келтирүү үчүн чет өлкөдө эсебеи жабылган орус активдерин пайдаланышы мүмкүн. Евробиримдик Киевге 300 миллиард доллар өлчөмүндө акча которуунун схемасын иштеп чыгууну пландаштырууда. Бирок азырынча каражатты конфискациялоонун укуктук механизми табыла элек.

Эгер чет өлкөлөр эсеби жабылган орус активдерин Украинаны колдоо үчүн колдонууну чечсе, Москва муну ачыктан-ачык уурулук катары баалай турганын билдирген. Орусиянын президенти Евробиримдиктин сунуштарын эл аралык сооданын эрежелерин жана нормаларын бузуу катары баалаган.

10:18 10.8.2023

Орус армиясы 9-августтун түнү Украинанын Запорожье шаарына ракетадан сокку уруп, эки киши каза болду.

Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко кабарлады. Өлкө президенти Владимир Зеленский мунун алдында үч киши каза болгонун кабарлаган. Клименконун белгилешинче, бир киши оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Жергиликтүү бийлик ооруканага жаткырылган жети кишинин үчөө оор абалда экенин билдирди.

08:57 10.8.2023

Запорожьеге сокку

Орусия 9-августтун кечинде Запорожьеге ракеталык сокку урду. Украин медиасы сокку эл жашаган кварталга түшкөнүн жазышууда, орусиялык Телеграм-каналдар бутага "Мотор Сич" заводу алынганын жазышты.

Соккудан улам эки адам каза таап, жетиге жакыны жарадар болду.

Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Юрий Малашко сокку болгон жерде православ храмы талкаланганы тартылган видеону таратты.

"Свобода" радиосу кадрларды геолокация кылганда Шевченков районундагы Петр жана Павлдын чиркөөсү чыкты. "Мотор Сич" андан бир канча метр алыс жайгашкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG