Украин бийлиги Орусиянын армиясынын аткылоосу күч алгандыктан Харьков облусундагы Купянск районуна караштуу 37 калктуу конуштун тургундарын милдеттүү түрдө коопсуз жакка чыгарып кетүүнү буйруду.
Тиешелүү документ Купянск шаарынын аскердик башкармалыгынын Телеграм-каналына жарыяланды.
Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов 11 киши эвакуацияланарын билдирди. Ал түнкү аткылоодон Купянскидеги шаардык кеңештин имараты жабыркаганын кошумчалады.
Бир нече аптадан бери Купянскинин тегерегинде айыгышкан салгылаш болуп жатканы кабарланып келген.
10-августта украин армиясы билдиргендей, аскерлер чыгышта Бахмут, түштүктө Мелитополь жана Бердянск багыттарында контрчабуулун улантып жатат.
Баяндамада орус күчтөрү катуу каршылык көрсөтүп, кошумча аскерлерди жөнөткөнү жана резервдегилерди активдүү колдонуп жатканы белгиленген.
Ал арада Запорожьеге 9-августтун кечинде жасалган чабуулдан мерт кеткендердин саны үчкө жетип, алты адам жараат алганы маалымдалды.
Орусиянын Коргоо министрлиги менен Москва шаарынын мэри Сергей Собянин эки түн катары менен абадан коргонуу системасы баш калаага багытталган дрондорду атып түшүргөнүн билдирди.
Купянск районун украин күчтөрү былтыр орус аскерлеринен бошоткон.
Харьковдон 120 чакырым алыс Купянск шаары Украинанын чыгышындагы транспорттук түйүн болуп саналат жана Донбасстагы орусиялык күчтөрдү жабдуу үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Орусиянын баш калаасынын мэри Сергей Собянин абадан коргонуу системасы Москвага багыттылган эки учкучсуз аппаратты атып түшүргөнүн билдирди.
"Таңкы саат төрттөрдө абадан коргонуу системасы калааны көздөй учуп келаткан эки учкучсуз аппаратты атып түшүрдү. Бири Калуга облусунда, бири Борбордук айланма автожолдун аймагында (ЦКАД)", - деп жазды мэр Телеграм-каналына.
Москвадагы Внуково жана Домодедово аэропортторунда 10-августка караган түнү учууларга чектөө киргизилгенин РИА Новости агенттиги жазды.
Flightradar24 сервисинин маалыматына ылайык, жалпысынан ондогон каттамдар токтотулган же жылдырылган.
Baza Телеграм-каналы Внуково аэропортунда түнкүсүн "Килем" планы киргизилгенин жазды. Мындай план Орусиянын мамлекеттик чек арасын аба кемеси мыйзамсыз кесип өткөндө же аба майданда кандайдыр бир белгисиз объект пайда болгондо киргизилет.
Ал эми ASTRA Телеграм-каналы Домодедово районунда түнкүсүн жардыруу жана катуу өрт чыкканын кабарлады. Жергиликтүү тургундар эки жарылуунун үнүн укканын билдиришкен.
Москва облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы өрт автосервистин аймагында тутанганын, тилсиз жоо миң чарчы метр аянтты каптаганын билдирди. Өрттүн чыгышына эмне түрткү болгону кабарланган жок.
9-августта дагы Москванын бийлиги борбор калаада эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Орусия түндө Харьков облусун аткылады
Харьков облусунун аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубов 10-августка караган түнү орус армиясы Купянскинин борборуна авиабомба менен сокку урганын билдирди. Жыйынтыгында шаардык кеңештин имараты талкаланды. Таң эрте шаар аткыланып, эл жашаган сектордо өрт чыкты, эки адам каза тапты.
Облустук аскер администрациясынын башчысы Купянск районунун калктуу пункттарынан милдеттүү эвакуация иштерин жүргүздү.
"Душман эл жашаган аймакта фронттун линиясына жакын аткылоону күчөттү, абадан сокку уруп жатат. Мындай шартта адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туулду" деп айтылат Синегубов.
Украин армиясы орусиялык күчтөр 2022-жылы күз айында оккупациядан бошотулган Купянск районуна кайрадан чабуул коюу үчүн куралдуу топторду даярдап жатканын билдирди.
Польша Беларус менен чек арасына кошумча 10 миңге чейин аскер жөнөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу 10-августта коргоо министри Мариуш Блащак билдирди.
"Чек арада 10 миңдей аскер болот. Алардын 4 миңи Чек ара кызматына көмөк көрсөтөт, 6 миңи резервде кармалат. Агрессорду бизге кол сала албагыдай коркутуу үчүн армиябызды Беларуска жакын аймакка жайгаштырып жатабыз", - деди Блащак.
9-августта ички иштер министринин орун басары Мацей Васик Варшава Беларус менен чек арага кошумча 2 миң аскер жибере турганын билдирген .
Чыгыш Европада жайгашкан мамлекеттин бийлигинин мындай чечимине Беларус тараптан чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган мигранттардын көбөйүшү түрткү болууда.
Өткөн айда эле чек араны 4 миң мигрант кесип өтүүгө далалат кылган. Андан тышкары расмий Варшавага Беларус аймагында жайгашкан "Вагнер" менчик компаниясынын жалданма аскерлери кооптонуу жаратууда.
Польша бийлиги Орусия менен Беларус Евробиримдикке жаңы миграциялык агымды коё берүүгө даярданып жатканын билдирген.