Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:56 15.8.2023

Орусиянын армиясы 15-августка караган түнү Украинанын Львов, Днепр шаарларын, Волын менен Хмельниц облустарын аткылады. Анда бери дегенде үч адам мерт болуп, дагы бир канча киши жараат алганы кабарланды.

Украинанын Аскер-аба күчтөрү түнү Орусиянын армиясы 28 канаттуу ракета учуруп, анын 16сы атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Ал эми АКШ Украинага 200 млн долларлык кошумча аскердик жардам бөлдү. Бул жардамдын ичинде Patriot абадан коргонуу системалары жана HIMARS комплекси үчүн ок-дарылар, миналарды тазалоочу жабдыктар жана артиллериялык снаряддар бар экени айтылууда.


Украинанын батышындагы Волын облусунун аскердик администрациясынын башчысы Юрий Погуляйконун билдиришинче, өнөр жай ишканасына канаттуу эки ракета тийди жана анда үч адам мерт болуп, дагы бир канча киши жараат алды. Имарат жарым-жартылай талкаланды.

Львов шаарынын мэри Андрей Садовой ракеталардын бир бөлүгү атып түшүрүлгөнүн, айрымдары үйлөргө тийгенин билдирди. Ал ошондой эле бала бакчалардын бири жабыркаганын, жараат алгандар болбогонун кабарлады.

"Эки саат мурун ушул жерде бала бакчанын аянтчасы бар болчу. Ракета түз эле аянтчага тийген. Азыр тереңдиги тогуз метр. Ал тургай анын түбүндө ракетанын калдыктары жатат. Бала бакча талкаланды, үстүңкү кабаттары күйдү", - деди шаар мэри Садовой.

Анын ырасташынча, соңку чабуулда жүздөн ашык имарат жабыркап, терезелер талкаланды. Жарадар болгон төрт адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Львов облустук аскердик администрациясынын башчысы Максим Козицкийдин сөзүнө караганда, ракеталардын сыныгы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине жана калктуу эки конушка түштү. Бир канча адам жеңил жараат алды жана 20 чактыдай жер там жабыркады.

Ал эми Днепр облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак чабуулда өнөр жай ишканасынын жана спорт комплексинин имараты жабыркаганын билдирди. Анда эки адам жараат алганы айтылууда.

Шейшембинин таңында Хмельницк облусунда абадан коргоочу система иштеди. Баштапкы маалыматка ылайык, чабуулда жараат алгандар болгон жок.

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, шейшембиге караган түнү Орусиянын армиясы 28 канаттуу ракета учуруп, анын 16сы атып түшүрүлдү.

Москва бул чабуулдарга байланыштуу комментарий бере элек.

Германиянын каржы министри Кристиан Линднер 14-августта Киевге барды. Ал Украинанын бийликтери менен "конкреттүү" сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын айтып, Германия согуш башталгандан бери Киевге 22 миллиард евро гуманитардык, каржылык жана аскердик жардам бергенин кошумчалады.

Ошондой эле Линднер Украинага 500 чакырымга чейинки алыстыкка уча алган Taurus канаттуу ракеталарын берүүнү колдорун билдирди.

"Бизде Taurus ракетасына байланыштуу атайын процедуралар бар. Андыктан биз союздаштарыбыздын арасында, анын ичинде "Рамштайн" форматында ыкчам эмне керек экенин так карап жатабыз. Мен бул маселе тез арада чечилет деген үмүттөмүн", - деди германиялык аткаминер.

Taurus канаттуу ракетасы кыргын салуучу учактан 500 чакырымга чейинки аралыкка учурулат.
Taurus канаттуу ракетасы кыргын салуучу учактан 500 чакырымга чейинки аралыкка учурулат.

Белгилей кетсек, украин президенти Владимир Зеленский бул ракеталар тууралуу быйыл май айында Берлинде немис канцлери Олаф Щольц менен жолукканда талкуулаган. Бирок азырынча Киев канча ракета сураганы белгисиз.

Taurus канаттуу ракетасы кыргын салуучу учактан 500 чакырымга чейинки аралыкка учурулат. Spiegel басылмасынын маалыматына караганда, немис коргоо күчтөрү үчүн мындан он жыл мурда 600 ракета алынган жана учурда 150сү экспортко даяр.

Ал тапта 14-августта Кошмо Штаттар Украинага 200 миллион долларга бааланган жаңы аскердик жардамын жарыялады. Пентагондун маалыматына ылайык, бул жардамдын ичинде Patriot абадан коргонуу системалары жана HIMARS комплекси үчүн ок-дарылар, миналарды тазалоочу жабдыктар жана артиллериялык снаряддар бар.

"Орусия согушту баштады жана Украинадан өз аскерлерин чыгарып кетип, катаал чабуулдарын токтотуу менен бул согушту каалаган учурда соңуна чыгара алат. Ага чейин АКШ, биздин өнөктөштөр жана союздаштар канчага чейин зарыл болсо, ошого чейин Украина менен бирге турат", - деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Бул - 2021-жылдын август айынан бери АКШ Украинага жөнөткөн аскердик жардамдын 44-пакети. Буга чейин Кошмо Штаттар Украинага 43 миллиард долларлык жардам көрсөткөн. Акыркы жолу, июль айында Вашингтон Киевге 400 миллион долларга бааланган аскердик жардам жөнөткөн.

12:28 15.8.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский 14-августта Донецк облусунда согушуп жаткан Куралдуу күчтөрдүн бригадаларынан кабар алды.

Ал Телеграм-каналына "Соледар" ыкчам-тактикалык тобуна караштуу аймакта болгонун жазды.

Украин президентинин басма сөз кызматы Зеленский соңку кырдаал тууралуу ыкчам маалыматтарды угуп, аскерлер менен көйгөйлүү маселерди талкуулаганын жазды. Ага ылайык, жолугушууларда курал-жарак, ок-дары таңкыстыгы, абадан коргонуу системаларына жана дрондорго болгон зарылдык тууралуу сөз болгон.

"Мен күн сайын жалпы маалыматты алып турам жана ал кырдаалды кеңири түшүнүүгө мүмкүндүк берет, бул өтө маанилүү. Мен ошону менен катар эле ар бир бригаданы кыдырып, ар биринин муктаждыгын билгим келет. Бул ачык баарлашуу, бардык маселени талкууласа болот", - деди Зеленский.

Ал ошондой эле Бахмут багытындагы согушта эрдик көрсөткөн жоокерлерди сыйлады.

Буга чейин Зеленский фронтто май айында болгон. Анда Куралдуу күчтөрдүн Марьинка жана Угледар багытында согушуп жаткан бригадаларды кыдырган.

12:02 15.8.2023

23:00 14.8.2023

14-августка караган түнү Украинанын Одесса шаарына жана Харьков аймагына орус армиясы сокку урду. Киев чыгыш жана түштүк фронттордо айыгышкан кармаш уланып жатканын билдирди.

Орус күчтөрүнүн Херсон аймагындагы соңку чабуулдарынан кеминде жети жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Кандуу чабуулдун курмандыктарынын эң кичүүсү 22 гана күндүк ымыркай болгон.

Орусия кол салган күндөн тартып Украинада 500дөй бала каза болгонун, дагы миңден ашууну жараат алганын "Азаттыктын" украин кызматы кабарлады.

Орус күчтөрү Украинанын чыгышындагы Харьков аймагын жана Кара деңиз жээгиндеги Одесса портун кайрадан ракеталар жана учкучсуз учактар менен бутага алганы кабарланды.

Облустук бийлик 14-августта Орусиянын чек арасынан эки чакырым алыстыкта жайгашкан Харьков облусундагы Козача Лопан айылын аткылоодо бир киши каза болуп, экөө жараат алганын билдирди.

Орус күчтөрүнүн Украинанын Херсон аймагындагы соңку чабуулдарынан кеминде жети жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Алардын арасында төрөлгөнүнө бир ай боло элек ымыркай жана 12 жаштагы өспүрүм бар. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 13-августтагы кечки кайрылуусунда билдирди. Дүйшөмбүдө аймакта аза күтүү күнү жарыяланды.

"Бүгүн орусиялык оккупанттар Херсон облусуна мыкаачылык менен сокку урду. Курман болгондор, жарадар болгондор бар. Таңкы саат төрттө Велетенск айылын аткылашты. Үй өрттөндү. Эртең мененки саат тогузда Широка Балка айылын бутага алышкан. Беш адам набыт болгон. Алардын арасында 22 гана күндүк ымыркай кыз бар. Анын 12 жаштагы агасы жана энеси ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, алар да көз жумду" деди Зеленский.

Орусия кол салган күндөн тартып Украинада 500дөй бала каза болгонун, дагы миңден ашууну жараат алганын "Азаттыктын" украин кызматы Башкы прокуратура маалыматына таянып жазды. Каза тапкан балдардын эң көбү Донецк, Харьков, Киев, Херсон, Запорожье, Николаев облустарында катталган.

Ювеналдык прокурорлор бул расмий каттоого алынгандардын гана саны экенин, согуш жүрүп жаткан, оккупацияда турган жана бошотулган аймактарда каза болуп, түрдүү жараат алган балдарды аныктоо иши уланып жатканын билдирди.

Орусиянын армиясы 14-августка караган түнү Одессаны "Шахед" дрондору жана "Калибр" үлгүсүндөгү ракеталар менен аткылады. Украинанын бийлиги анда бери дегенде үч адам жараат алганын кабарлады.

"Одессада дагы бир теракт катталды. Эмне болгонун көрүп турасыздар. Биз бардык кызматтар менен бирге келтирилген зыянды жоюу үчүн иштеп жатабыз" дейт Одесса шаарынын мэри Геннадий Труханов.

Дүйшөмбүгө караган түнү Одессадан сырткары Киев баштаган бир катар аймактарда абадан эскертүү берилди. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнаттын сөзүнө караганда Одессанын үстүнөн бир канча дрон атып түшүрүлдү. Аскердик администрациянын өкүлү Сергей Братчук аймакка үч жолу чабуул жасалганын маалымдады.

Ракеталардын сыныктарынан аймакта бир канча жерде өрт чыкты. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин билдиришинче, анда бир канча жер тамдын терезеси талкаланды. Маалыматтарга караганда окуу жайлардын биринин жатаканасы жана дүкөн жабыркады.

Ал эми ишембиде Крым жарым аралына да ракета жана дрондор менен чабуул коюлду. Орусиянын Коргоо министрлиги Крымга учурулган "20 украин дронунун" 14ү атып түшүрүлгөнүн, калганы электрондук коммуникациялык жабдыктар менен зыянсыз болгонун билдирди.

Керч кысыгындагы көпүрөдө жарылуу. 12-август, 2023-жыл
Керч кысыгындагы көпүрөдө жарылуу. 12-август, 2023-жыл

Ал тапта 13-августта орусиялык маалымат агенттиктери Орусияны Украинанын Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен байланыштырган, Керч кысыгы аркылуу өткөн көпүрөдө кыймыл убактылуу токтотулганын кабарлады. Кремль азырынча мунун себебин билдире элек.

Былтыр күздөн бери бул көпүрө бир нече жолу ар кыл чабуулдарга дуушар болду. Октябрь айында Крым көпүрөсүндө бомба коюлган автоунаа жарылып, андан кеминде үч адам мерт болгон.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG