Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецк облусундагы Урожайное айылын Орусиянын армиясынан бошотту. Бул тууралуу коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди жана аймакта украин жоокерлери чабуулун улантып жатканын билдирди. Соңку күндөрү бул кыштак үчүн айыгышкан кармаш жүрүп жаткан.
Дүйшөмбүдө Маляр украин жоокерлери Урожайное айылынын айрым аймактарында "ийгиликке жеткенин" кабарлаган.
Аталган кыштак орус армиясы ээлеп алган Мокрые Ялы дарыясынын жээгинде жайгашкан. Укриана бул аймакта контрчабуулду ушул айдын башында баштаган.
New York Times басылмасы өткөн аптанын аягында талдоочуларга, украиналык чиновниктерге жана орусиялык блогерлерге шилтеме кылып украин аскерлери талкаланган Старомайорское айылына келип жайгашып, Урожайное айылын көздөй багыт алганын жазган.
Буга чейин орус армиясы аталган айылды таштап кеткени тууралуу маалыматтар чыккан, бирок ырасталбай келген.
Орусиянын Коргоо министрлиги Старомайорское, Урожайное айылдарында жана "Октябрь" савхозунда абадан сокку урулганын билдирип жаткан.
Украин армиясы июнь айынан тартып өлкөнүн түштүгүндө түштүк-чыгышта контрчабуулдарды баштаган. Соңку эки айда айрым аймактар бошотулганы менен ири калктуу конуштар орус армиясынан тазалана элек.
Украин бийлиги контрчабуул алар ойлогондой тез жүрбөсө дагы, ийгиликтер, жылыш бар экенин билдирип келет.
Өткөн айдын аягында New York Times Пентагондогу булактарына шилтеме кылып, Украинанын армиясы күчүн Запорожье облусуна топтоп, контрчабуулдун негизги баскычын баштаганын маалымдаган. Анда башкы максаты - Орусия басып алган Украинанын түштүктөгү аймактарын аннексияланган Крым менен байланыштырган жолду алуу экенин белгилеген.
Украина НАТОго Орусияга аймактарын бергенде гана мүчө болобу?
НАТОнун штаб башчысы жана уюмдун баш катчысынын ички канцеляриясынын жетекчиси Стиан Йенсен шейшембиде Украина Түндүк атлантикалык уюмга өзүнүн айрым аймактарын орустардыкы деп тааныганда гана мүчө боло аларын айткан. Киев бул билдирүүнү кескин сынга алды.
Норвегиялык Verdens Gang (VG) таблоиди 2012-жылдан бери өтүп келген төрт күндүк коомдук-саясий "Арендалык жума" семинарында Йенсендин сүйлөгөн сөзүнөн цитата келтирген.
"Мен Украина өз аймактарынан баш тартканда НАТОго мүчөлүккө кабыл алына турган чечим болушу мүмкүн деп ойлойм", - деген Йенсен дебат учурунда.
Ал Орусия менен тынчтык сүйлөшүүсүн кандай шартта жүргүзөрүн Украина өзү чечерин айткан.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүнү "такыр кабыл алынгыс" деп атаган.
"НАТО Украина сыяктуу эле аймактар менен соодалашпайт деп келгенбиз. НАТОнун башында тургандардын атайылап же байкабай айтып алган сөздөрү Орусиянын чырагына май тамызат. Түндүк атлантикалык алянстын коопсуздугу үчүн Украинанын жеңишин тездетүүнү жана НАТОго мүчө болушун талкуулоо кажет", - деп жазды мекеменин пресс-катчысы Олег Николенко Фейсбукка.
Стиана Йенсендин сөзүнө Украинанын президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк да жооп берди.
"НАТОнун кол чатыры үчүн аймактарды алмашуу керекпи? Таң калычтуу. Демек, билип туруп демократиянын жеңилишине жеткирүү, глобалдык кылмышкерди колдоо, орусиялык режимди консервация кылуу, эл аралык укукту талкалоо жана согушту башка муунга өткөрүп берүү. Көрүнүп тургандай Путин оор жоготууларга учурабаса, Орусияда саясий режим өзгөрбөйт, согуш кылмышкерлери жазаланбайт, согуш арааны ачылган Орусия менен кошо кайра кайтып келет", - деген Подоляктын сөзүн украиналык Телеграм-каналдар жазышты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 15-августта өлкө түштүгүндөгү Запорожье облусуна барып, Мелитополь багытында контрчабуулга катышып жаткан аскерлер менен жолукту.
Президенттин кеңсеси билдиргендей, Зеленский командирлердин согуштук аракеттерди жүрүшү тууралуу баяндамаларын угуп, көйгөйлөрдү талкуулады. Аскерлер көбүрөөк учкучсуз аппараттарга муктаж экенин айтышкан.
Украин армиясы түштүктө жана түштүк-чыгышта контрчабуулдарын июнда баштаган. Эки айдын ичинде алар бир катар айыл-кыштактарды орус күчтөрүнөн бошото алышты. Азырынча ири калктуу конуштар орус армиясынан тазалана элек.
Украин расмийлери контрчабуул алар ойлогондой тез жүрбөсө дагы, акырындап прогресс жетишилип жатканын билдирип келишет.
14-августта Зеленский Донецк облусуна барып, ал жакта да контрчабуулга катышып жаткан жоокерлер менен жолуккан.
27-июлда The New York Times басылмасы Пентагондогу булактарына таянып, украин армиясы контрчабуулдун негизги баскычын баштаганын жазган.
Андагы маалыматка караганда, Украинанын түштүк-чыгышындагы контрчабуулга атайын машыгуудан өткөн аскерлер жана батыш техникасы тартылган. Алардын көбү буга чейин резервде кармалып турган.
Бириккен Улуттар Уюму Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери 9444 карапайым тургун мерт кеткенин билдирди. Уюмдун Адам укуктары боюнча башкы комиссариаты 15-августта билдиргендей, өмүрү кыйылгандардын арасында 545 бала бар.
Андан тышкары 16 940 адам, анын ичинен 1126 бала жаракат алганы кабарланды.
Чындыгында курман болгон карапайым тургундардын саны алда канча көп болушу мүмкүн экени белгиленип келет. Анткени ушул тапта айыгышкан салгылаш жүрүп жаткан аймактардан маалымат чогултуу кыйынга турууда.
Ал эми айрым жарандардын өлүмү тууралуу маалыматтар дагы эле текшерүүдөн өтүп жатканы айтылды.
Соңку бир суткада эле орус армиясынын канаттуу ракеталар менен жапырт аткылоосунан төрт карапайым тургун мерт кеткени кабарланды.
15-августта орус армиясы Украинанын батышындагы аймактарга, анын ичинде Львов, Днепр шаарларына, Волын менен Хмельниц облустарына чабуул койду.