Украинанын Коопсуздук күчтөрү алгачкы ирет 2023-жылдын июлунда Крым көпүрөсүнө жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алып, дрон менен аны жардырып жаткан видеону жарыялады. Бул тууралуу америкалык CNN каналы билдирди.
Аталган телеканалга курган маегинде украин коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюк Крым көпүрөсүнө, "Оленегорский горняк" десанттык кемесине жана SIG танкерине чабуул койгон деңиз дрондору Украинада чыгарылганын билдирди.
Малюк бардык операциялар украин мыйзамдарына жана эл аралык укуктун эрежелерине шайкеш келерин кошумчалады.
"Биз деңиздеги ар бир атайын операцияга олуттуу карайбыз. Жети жолу өлчөп, бир кесебиз. Бирок так жана ыкчам ишке ашырабыз. Душмандын жүрөгүнө муштайбыз", - деген Малюк атайын операцияларга чет элдик өнөктөштөрүнүн тиешеси жок экенин белгиледи.
Украинанын аннексияланган Крым жарым аралын Орусия менен байланыштырган Крым көпүрөсү 2020-жылы ачылган. Былтыр 8-октябрда алгачкы жардыруу болгон. Экинчиси быйыл 17-июлга караган түнү уюштурулган. Орусия бул көпүрөнү жарым аралдагы армиясын тамак-аш, курал-жабдык менен камсыздоо үчүн колдонуп келет.
Расмий Киев буга чейин көпүрөдөгү жардыруу үчүн ачык жоопкерчилик алган эмес. Украинанын Коопсуздук кызматы Крым көпүрөсүндө болгон окуянын чоо-жайы согушту жеңгенден кийин ачыкталарын билдирген.
"Урожайное бошотулду. Биздин күчтөр чабуулду улантууда", -деп билдирди Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр.
Урожайное - украиналык күчтөрдүн түштүктөгү Великий Новоселки тараптан Бердянск жана Мариуполду карай негизги багыты. Акыркы айларда бул жакта оор кармаштар болгон. Украин күчтөрү орусиялыктардын эшелон чебинен улам алдыга жай жылып, негизги коргонуу пункту жайгашкан Старомлыновкага жакындап калды. Украиналык күчтөр батыш тараптагы Орехов шаарынан Токмакты көздөй да контрчабуулга өтүүдө.
Украин бийлиги Орусиянын армиясы Одессадагы портторду дагы "Шахед" үлгүсүндөгү дрондор менен аткылаганын билдирди. Анда Одесса жана Николаев облусунун аймагында 13 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Облустун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин сөзүнө караганда, чабуулда Дунайдагы порттордун биринин кампалары, дан сакталган жай, айыл чарба техникалары жабыркады. Тутанган өрт өчүрүлдү. Баштапкы маалыматтарга ылайык, жараат алгандар болгон жок.
Расмий Москва бул чабуулдар тууралуу маалымат берген жок.
Орусия дан келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткандан кийин, Одессаны бир айга жакын убактан бери аткылап жатат.
Киев Москванын көздөгөнү дан экспортун үзгүлтүккө учуратуу экенин билдирген. Орус армиясы портко жасалган чабуулдун аскердик максаты гана бар экенин айтып, Крым көпүрөсүндөгү жардырууга жооп иретинде жасалды деп түшүндүргөн.
Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецк облусундагы Урожайное айылын Орусиянын армиясынан бошотту. Бул тууралуу коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди жана аймакта украин жоокерлери чабуулун улантып жатканын билдирди. Соңку күндөрү бул кыштак үчүн айыгышкан кармаш жүрүп жаткан.
Дүйшөмбүдө Маляр украин жоокерлери Урожайное айылынын айрым аймактарында "ийгиликке жеткенин" кабарлаган.
Аталган кыштак орус армиясы ээлеп алган Мокрые Ялы дарыясынын жээгинде жайгашкан. Укриана бул аймакта контрчабуулду ушул айдын башында баштаган.
New York Times басылмасы өткөн аптанын аягында талдоочуларга, украиналык чиновниктерге жана орусиялык блогерлерге шилтеме кылып украин аскерлери талкаланган Старомайорское айылына келип жайгашып, Урожайное айылын көздөй багыт алганын жазган.
Буга чейин орус армиясы аталган айылды таштап кеткени тууралуу маалыматтар чыккан, бирок ырасталбай келген.
Орусиянын Коргоо министрлиги Старомайорское, Урожайное айылдарында жана "Октябрь" савхозунда абадан сокку урулганын билдирип жаткан.
Украин армиясы июнь айынан тартып өлкөнүн түштүгүндө түштүк-чыгышта контрчабуулдарды баштаган. Соңку эки айда айрым аймактар бошотулганы менен ири калктуу конуштар орус армиясынан тазалана элек.
Украин бийлиги контрчабуул алар ойлогондой тез жүрбөсө дагы, ийгиликтер, жылыш бар экенин билдирип келет.
Өткөн айдын аягында New York Times Пентагондогу булактарына шилтеме кылып, Украинанын армиясы күчүн Запорожье облусуна топтоп, контрчабуулдун негизги баскычын баштаганын маалымдаган. Анда башкы максаты - Орусия басып алган Украинанын түштүктөгү аймактарын аннексияланган Крым менен байланыштырган жолду алуу экенин белгилеген.