Украинанын армиясы 19-августка караган түнү Орусия 17 жолу ирандык "Шахед" дронун учуруп, анын 15и атып түшүрүлгөнүн билдирди.
"Бул теракттын кесепеттери тууралуу маалымат такталууда", - деп айтылат маалыматта.
Украин армиясынын маалыматы боюнча, орус күчтөрү Курск тараптан учкучсуз учактарды учурушкан. Түндө Украинанын борбордук жана батыш аймактарында эскертүү жарыяланды.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы ошондой эле өткөн суткада орус армиясы Украинанын аймагына үч ракеталык жана 41 жолу абадан сокку урганын билдирди. Карапайым калктын арасында каза болгондор жана жарадар болгондор бар экени айтылууда. Курмандыктар жана кыйроолор боюнча так маалымат азырынча жок.
Кремль орус президенти Владимир Путиндин Ростов-на-Донудагы орусиялык аскерлер тобунун штаб-үйүнө барганын жарыялады.
19-августтагы маалыматка караганда, Путин Ростов-на-Дону шаарында Украинадагы согушка катышкан орусиялык аскерлер тобунун штабында жыйын өткөргөн. Башкы штабдын төрагасы Валерий Герасимов менен башка жогорку даражалуу офицерлердин отчетун уккан.
Башка маалымат берилген жок.
Украинадагы согуш башталгандан бери эки тараптан тең жарадар болгондордун жана каза тапкан аскерлердин саны 500 миңге чукулдаган.
Бул маалыматты The New York Times гезити АКШнын администрациясындагы атын атабаган булактарга таянып билдирди.
Администрациянын баамында Орусия майданда Украинага караганда көп адамын жоготкон. Болжол менен 120 миң орусиялык согушта өлүп, 170-180 миңи жарадар болгон. Украина тараптан 70 миң адам өлүп, 120 миңдейи жараат алган.
New York Times бул анык маалымат эмес экенин белгилеп, америкалык мекемеде эки тараптын согуштагы жоготуулары тууралуу ар башка маалымат бар экенин жазган. Ушул жылы ачыкка чыгып кеткен Пентагондун документинде орусиялык армиянын жоготуусу 43 миң, Украинаныкы 17 миңден ашык деп көрсөтүлгөн.
Согушкан эки тарап тең жоготуулары тууралуу маалымат бербейт. Москва каза болгон аскерлеринин санын бир жыл мурда расмий жарыяласа, Киев бул маалымат согуш бүткөндөн кийин гана берилерин айткан.
Ошол эле маалда эки тарап тең каршылашы чоң жоготууга учураганын белгилеп келет. Украина 250 миңдей орусиялык аскер жок кылынганын айтса, орусиялык расмий адамдар Украинанын жоготуусу сегиз эсе жогору экенине ишендиргенге аракет кылат.
Согуштагы жоготууну ар кандай байкоочулар жана ЖМК да ачык булактарга таянуу менен баалаганга аракет кылып келет. Би-Би-Синин орус кызматы менен "Медиазона" социалдык булактардагы билдирүүлөргө жана ачык булактарга таянып, орусиялык армиянын катарында каза болгон 30 миң адамдын аты-жөнүн аныктаган. Өлгөндөрдүн реалдуу саны мындан да жогору болушу мүмкүн. Буга чейин Евгений Пригожин "Вагнер" тобу эле Бахмутту курчоого алганда 20 миң адамынан айрылганын билдирген.
New York Times орусиялык армия жоготууга учураганы менен согуш талаасында украин күчтөрүнө караганда басымдуулук кыларына токтолгон. Орусиянын калкынын саны Украинаныкына караганда үч эсе көптүгүн эске салып, мобилизациялык ресурсу жетиштүү экенине көңүл бурган.
Украина оккупацияланган Энергодарга сокку урулганын билдирди
Украинанын башкы чалгын кызматы Запорожье облусундагы орусиялык күчтөр басып алган Энергодар шаарында полициянын имаратында жарылуу болгонун билдирди.
Жарылуу Орусия дайындаган полиция жетекчилери жыйын өткөрүп жатканда болуп, бир катар жогорку кызматтагы офицерлер жараат алган.
Мекеме жарыялаган видеодон сокку учкучсуз учак менен урулганын көрүүгө болот.
Жарадар болгондор арасында шаар полициясынын Орусия дайындаган жетекчиси, Чувашиядан которулуп келген полковник Павел Чесанов, анын орун басары жана бир катар жетекчилер бар. Украина тарап жарадарлар реанимобиль менен Мелитополго жеткирилгенин, имаратта өрт чыкканын билдирди.
Орусия басып алынган Мелитополдун мэри Иван Федоров Эноргодарда катуу жарылуу болгонун билдирип, имараттын сүрөтүн жарыялады.
Айрым орусиялык Телеграм-каналдар сокку урулганын ырастап, "жабыр тарткандар" жок экенин жазышты. Орусиянын расмий адамдары бул окуяга комментарий берген жок.
Энергодарды орусиялык күчтөр 2022-жылы мартта ээлеп алган. Шаарда Запорожье АЭСи жайгашкан.