"Озоди" радиосу Орусиянын Калуга облусундагы Медынь шаарындагы ИК-4 түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан тажик жарандары Украинадагы согушка баруу үчүн Коргоо министрлиги менен келишимге күчтөп кол койдуртуп жатканын жазды.
Алардын эсебинде, абактагы 150дөй тажикстандык согушка айдалышы мүмкүн. Тажикстандын Орусиядагы элчилиги бул боюнча текшерүү башталганын билдирди.
Аты-жөнүн жашырган абактагы адам "Озодиге" бул жолу аларга Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү келгенин айтып берген. Жолугушуу 11-августта болгон.
"Былтыр бизге ар кандай жеңилдиктерди убада кылып, согушка азгырышкан, эч кандай мажбурлоо болгон эмес. Азыр "каалайсыңарбы же жокпу, согушка барасың" деп айтышты", - деген ал.
Былтыр орус абагында жатып "Вагнер" аскердик менчик компаниясына кошулган 20дай тажикстандык Украинадагы согушта курман болгону аныкталган. Медынь шаарындагы түрмөдө отурган тажик жарандардын ырасташынча, 2022-жылы "Вагнерге" жүздөй тажик жараны кошулган. Алардын көбү Бахмуттун жанындагы салгылашта набыт болгон.
Тажикстандыктар жакынкы жумаларда аларды Украинага алып кетиши мүмкүн экенин айтып, расмий Дүйшөмбүдөн жардам сурашты.
"Бул жактагылардын көбү алты айдан бир жылга чейин кесилген. Украинада өлгүбүз келбейт. Бийлик бизди аман алып калсын", -деп өтүнгөн алардын бири.
Орус түрмөлөрүндө канча тажикстандык жазасын өтөп жатканы так белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда алардын саны 10 миңге жетет.
Тажикстандын ички иштер министри Рамазан Рахимзода Орусиянын абактарында отурган жүздөй тажикстандык Украинадагы согушка жөнөтүлгөнүн ырастаган.
Орус абактарынан Украинадагы согушка азгырылып, фронтто мерт болгон кыргызстандыктар тууралуу "Азаттык" атайын берүү даярдаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги 18-августта таңга маал Москва шаарындагы объекттерге чабуул жасоого аракет кылган дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Мунун алдында шаар мэри Сергей Собянин дрондун сыныгы Красноречинск районунан түшкөнүн кабарлаган.
Чукул кызматтардын маалыматына караганда, анда "Экспоборбордогу" павильондордун бири жабыркаган. Жарадар болгондор тууралуу маалымат берилген жок.
Орусия мындай чабуулдарга байланыштуу Украинаны айыптап келет. Киев адатта Орусиянын ичиндеги мындай окуяларга комментарий бербейт жана жоопкерчилик албайт.
Орусиянын бийлиги буга чейин дагы Москвага дрон аркылуу чабуул жасалганын бир канча жолу билдирген.
Түркиянын бийлиги Орусияны Кара деңиздеги кырдаалды курчутпоо керектигин эскертти. Бейшембиде түрк президентинин канцеляриясы тараткан маалыматта, аталган деңизде нейтралдуу суудагы кемеге байланыштуу окуя тууралуу сөз болгон.
"Кара деңиздин эл аралык сууларындагы окуяга байланыштуу орус тарапка чыңалууну жаратуу аракеттерден алыс болуусу керектиги эскертилди",-деп жазылган Твиттерге жарыяланган маалыматта.
Орусиянын "Василий Быков" аттуу кайгуул кемеси 13-августта эртең менен Кара деңизде Палаунун желеги менен бараткан "Шукрю Окан" жүк ташуучу кемесин асманга эскертүү иретинде бир канча жолу ок атып токтоткон.
Орусиянын Коргоо министрлиги ал кеме Украинанын Измаил портун көздөй баратканын, орус кемеси аны текшерүү үчүн токтотууга аракет кылганын билдирген.
Деңиздеги кемелердин багытына байкоо салган Marine Traffic трекинг кызматынын маалыматына ылайык, жүк ташуучу кеме багытын өзгөртүп, Румынияны көздөй багыт алган. Бул кеме Грекиянын Халкида портунан чыккан.
Буга чейин орус армиясы Украинанын данын экспорттоого жол ачкан келишим иштебей калганына байланыштуу украин портторуна бараткан бардык соода кемелерин бутага алынуучу объект катары санай турганын билдирген.
АКШ Орусиянын дан келишиминен баш тартканын кескин сынга алып, орус күчтөрүнүн украин портторун блокадага алганын "аскердик агрессия" деп сыпаттаган.