Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

"Үч күндө "вагнерчи" болдук". Согуштан качып кутулган Каримдин баяны



Вагнердин катарында согушта жүргөн тажик мигранты
Вагнердин катарында согушта жүргөн тажик мигранты

Тажикстандык мигрант Орусиядагы "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын катарына кошулуп, Украинага согушка барууга аргасыз болгонун айтууда.

Ал быйыл февраль айында Украинанын Бахмут шаарына жакын жерде “вагнерчилерден" качып кутулганын, азыр өмүрү үчүн кооптонуп жатканын айтты. Коопсуздук маселесинен улам “Озоди” радиосуна маек курган тажик жаранынын атын өзгөртүп, Карим деп атоону туура көрдүк.

Карим “Озоди” радиосуна 14-августта видео байланыш аркылуу маек куруп, 10 ай мурда Тажикстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын 200дөй жараны менен кошо “коркутуп-үркүтүүдөн жана кысымдан улам” Украинадагы согушка катышууга аргасыз болгонун айтып берди.

Согуш маалында маалыматтарды текшерип чыгуу татаал экенин окурмандын эсине сала кеткибиз келет.

“Вагнер” жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү, Кремлге жакын байланышы бар талаштуу ишкер Евгений Пригожиндин июнь айындагы козголоңунан кийин “вагнерчилер” Беларуска "көчүрүлгөнү" жарыяланган. 14-июлда Беларустун Коргоо министрлиги “Вагнердин” күчтөрү өлкөгө келгенин ырастаган. Айрым Батыш өлкөлөрү "Вагнер" жеке аскердик компаниясын террордук уюм деп эсептейт.

"Айласыздан макул болдум"

Карим 2019-жылы Тажикстандагы университеттердин бирине экзамен тапшырып, сынактан өтпөй калгандан кийин Орусияга кеткен.

Өзүнүн айтымында, согушка чейин Санкт-Петербургда бут кийим саткан дүкөндө иштеген. Орус күчтөрү Украинага басып киргенден кийин Карим иштеген дүкөн жабылган.

Буга Москванын санкцияга илингенине байланыштуу Батыш компаниялары бул өлкөгө товар жеткирүүнү токтоткону себеп болгон.

Карим бул убакта анын патентинин да мөөнөтү бүтүп, документ талап кылбаган башка жумуш издөөгө аргасыз болгонун айтууда.

Миграциялык патент - бул чет өлкөлүк жарандардын Орусияда иштөө укугун ырастаган документ. Тажикстандыктар Орусияда жумушка орношуу үчүн патент алышы керек.

"Мен сайттан Луганскиде мигранттарды жумушка чакырган жарыяны көрүп калдым. Анда бир күндүк жумуш үчүн 6 миң рублдан төлөнөрү айтылган болчу. Телефон чалсам, "Москвага кел" дешти. Барсам, Луганскиде коопсуз жерде окоп казуу керектигин айтышты. Макул болдум. 3-ноябрда Луганскиге келип, ишке кириштик", - дейт Карим.

Орусия 2014-жылы Украинанын Луганск облусунун бир бөлүгүн басып алган жана ал аймакты толук көзөмөлдөп туруу үчүн украин куралдуу күчтөрү менен дагы эле күрөшүп келет.

Маектештин айтымында, ал жана башка мигранттар Луганск облусунун Калиновка айылындагы бала бакчага жайгаштырылып, күн сайын жарандык автоунаалар менен Запорожье облусуна жеткирилип турган. Алар бул аймакта экскаватор менен жертөлө казып, аларды бекемдөө менен алек болушкан.

Карим иш учурунда тартылган бир нече сүрөттү "Озоди" радиосунун кабарчысына көрсөттү.

“Окоптор экскаватор менен казылган, андан кийин тосмолордун эки жагын устун менен бекемдедик. Алар ар бир жумуш күнүбүз үчүн акча төлөп берүүнү убада кылышты. "Силерди коргойбуз, бирок сак болгула" деп эскертти”, - деди Карим.

"Баары баш тартты, бирок..."

Жигиттин айтымында, 2022-жылдын 20-ноябрында алар траншеяны бекемдеп бүтүшкөн. Эртеси күнү Коргоо министрлигинин өкүлдөрү жана Рамзан Кадыровдун көзөмөлүндөгү Улуттук гвардиянын аскерлери келишкен.

“Вагнердин” жоочулары да келип, согушка жардамга чакырышты. Бул үчүн бизге жана туугандарыбызга Орусиянын жарандыгын берүүнү убада кылышты. Бирок баары баш тартты. Андан соң алар курал менен коркутуп, баарыбызга "автобуска түшкүлө" деп буйрук беришти”.

Каримдин айтымында, аларды Бахмуттун жанындагы “Вагнердин” аскер базасына алып барып, телефондорун тартып алышкан. Башында аларды "танкка каршы тосмо куруу керек" деп жоошуткан, бирок күтүүсүздөн “күжүрмөн даярдыкка” тарта башташкан.

Карим белгилегендей, мигранттардан үч күн ичинде "Вагнердин" жоочусун “даярдап коюшкан.”

"Биз миңден ашуун жоокерлердин катарында болчубуз. Бизге курал берип, полигонго алып барышты. Үч күн машыгуудан өттүк, төртүнчү күнү фронтко жөнөтөбүз дешти”.

"Вагнер" тобунун башчысы Евгений Пригожин буга чейин миңдеген жалданма жоокер Украинанын Бахмут шаары үчүн кармашта каза тапканын моюнга алган.

"Мен Тажикстанга беш-алты "Жүк-200" жөнөттүм"

Карим аларды өлүм тооруп турганын, колдон келишинче салгылашуудан оолак болушу керек экенин түшүнгөн.

"Автоматты жерге ыргытып, башымды колум менен калкаладым. Желкеме бир урушканда, эсимди жоготуп койдум. Кийин уксам, башка жолдошторум абалымды көрүп, коркконунан согушканы кетишкен экен", - деди Карим.

Карим бир жумадай коркунучтуу, оор шартта кармалганын, анан тапшырма алганын айтып берди.

"Мигранттарга түшүндүрдүм, силер фронтко, эң алдыңкы тилкеге барасыңар дедим. Аларга миналардын түрлөрүн түшүндүрдүм жана диверсанттарды кантип аныктап, аларды өлтүрүп же туткунга алуу керек экенин айттым. Анан алар согушка кетти, көбүнүн сөөгүн алып келип жатышты. Ошентип Тажикстанга беш-алты “Жүк-200” жөнөттүм", - деди ал.

Карим согушка баргандан алты ай өткөндөн кийин "Вагнердин" жоочусу катары эмгек өргүүсүн алган. Командири ага ишенгендиктен эс алууга мөөнөтүнөн мурда уруксат берип, колуна 100 миң рубль карматкан. Жигит учурдан пайдаланып чет өлкөгө из жашырган.

Расмий Дүйшөмбү чет жактагы согуштук аракеттерге катышкандар жоопкерчиликке тартыларын эскертип келет. Карим мындан улам Тажикстанга барганда соттолуп кетемби деп чочулайт. Анын айтымында, “Вагнердин” катарында каза тапкан мекендештеринин сөөгүн үйүнө жөнөтүп жатканына байланыштуу орган кызматкерлери ал тууралуу билип калган.

Адатта тажик бийлиги орусиялык куралдуу күчтөргө кошулуп, Украинага каршы согушуна барган тажик жарандары тууралуу маалымат бербейт.

11-августта Тажикстандын ички иштер министри Рамазан Рахимзода Орусиянын түрмөлөрүндө жаткан жүзгө жакын тажик жараны Украинага жөнөтүлгөнүн ырастап, жалпысынан канча тажикстандык согуш майданында жүргөнүн тактаган жок.

18-августта "Озоди" радиосу Орусиянын Калуга облусундагы Медынь шаарындагы ИК-4 түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан тажик жарандары Украинадагы согушка баруу үчүн Коргоо министрлиги менен келишимге күчтөп кол койдуртуп жатканын билдирди.

Медындагы түрмөдө отурган тажик жарандарынын ырасташынча, 2022-жылы "Вагнерге" жүздөй тажик жараны кошулган. Алардын көбү Бахмуттун жанындагы салгылашта набыт болгон.

Вагнерге" кошулуп камалган кыргыз жарандары

Кыргызстанда Нарын облусунун Бекназар Бөрүгул уулу аттуу тургуну Орусияда абакта отурган жеринен "Вагнерге" кошулуп, Украинадагы согушка катышканы үчүн 1-августта камакка алынган.

Атайын кызмат ал Кылмыш-жаза кодексинин “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү” деген беренеге ылайык кармалганын билдирди.

Мындай кылмышка баргандардын мүлкү конфискация болуп, беш жылдан он жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Шектүүнүн аялынын айтымында, ал 2020-жылы Орусияга эмгек миграциясына кеткен. 2021-жылы полицияга "маңзат алып жүрөт" деген шек менен түшүп, 10 жылга абакка кесилген. 2022-жылдын аягында “вагнерчилердин” катарына кошулуп, Украинадагы согушка кеткен.

18-августта сот шектүүнүн жакындарынын Бекназарды үй камагына чыгаруу өтүнүчүн карабай койгону белгилүү болду.

Бул окуя Кыргызстанда Орусиянын күчтөрүнө кошулуп Украинадагы согушка катышканы үчүн кармалган экинчи учур болуп калды.

2023-жылдын май айында Орусия тарапта Украинадагы согушка катышкан кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу жазага тартылган. Ал нарындык жигиттен айырмаланып, орус армиясы менен келишим түзүп согушка тартылганы белгилүү болгон.

Аскар Кубанычбек уулун Бишкектин Биринчи май райондук соту “Жалданмачылык” беренеси боюнча айыптуу деп таап, 10 жылга абакка кескен. Бул жагдай орус расмийлеринин көңүлүн буруп, эки өлкө ортосундагы маселеге айланган.

Украинадагы согушта Орусия тарапта салгылашкан жүзгө жакын борборазиялык каза болгонун, анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени Би-Би-Синин орус кызматы жарыялаган иликтөөдө айтылган.

“Азаттык” радиосу “Вагнердин” жеке аскердик компаниясынын катарына кошулуп, Украинадагы урушта каза тапкан ондон ашык кыргыз жаранынын тек-жайын тактаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG