Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Украин армиясынын Кремлди чочулаткан ийгилиги


Дрон башкарган украин аскери. 2023-жыл. Украина.
Дрон башкарган украин аскери. 2023-жыл. Украина.

Financial Times соңку кездери орус аскерлери Украинанын батышындагы авиабаза, учуу тилкелери жана учкучтарды даярдоо борборлоруна утур-утур сокку ура баштаганына көңүл бурду.

Басылманын ишенимдүү булактарына шилтеме берип жазышынча, Орусия Украинанын Куралдуу күчтөрүнө Storm Shadow жана Scalp канаттуу ракеталарын колдонууга жол бербөө үчүн сокку уруп жатат.

Мындан улам украин аскерлери эң маанилүү курал-жарактарды жана квалификациялуу жоокерлердин багытын тынымсыз өзгөртүүгө аргасыз болууда.

АКШ армиясынын отставкадагы генерал-лейтенанты Бен Ходжес.
АКШ армиясынын отставкадагы генерал-лейтенанты Бен Ходжес.

АКШ армиясынын отставкадагы генерал-лейтенанты Бен Ходжес америкалык басылмага курган маегинде, Орусиянын Украинага абадан тынымсыз сокку уруп жатканын Киевдин Крымдагы базаларды бутага алуу мүмкүнчүлүгүн токтотууну көздөп жатканы менен түшүндүрдү.

"Украина Севастополдогу Кара деңиз флотунун базасына, авиабазаларына жана логистикалык түйүндөрүнө үзгүлтүксүз жана таамай сокку уруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, орусиялыктарга оор болот. Москва ошондон коркуп жатат", - деди Ходжес.

Киев Берлинден Taurus күтөт

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнат Киев 16-августта телемарафондо сүйлөп жатып, F-16 үлгүсүндөгү согуштук учактар кийинки жылдын жазына чейин келбей калышы мүмкүн экенин айтты.

Ал мындай учактар орусиялык ракеталардан коргонуу үчүн зарыл экенин белгиледи. Украин учкучтарын мындай учактарды башкарууга үйрөтүү иши илгерилегенине токтолду.

Taurus ракетасы
Taurus ракетасы

Ушул жылдын июнь айында Украинанын коргоо министри Алексей Резников F-16 учактарын башкарууну үйрөтүүчү эл аралык программа жакын арада башталарын айткан.

Киев анда контрчабуулду баштап жаткан жана Москванын абадагы үстөмдүгүнө туруштук берүү үчүн Батыштын жаңы учактары зарыл экенин бир нече ирет каңкуулаган.

Киев Германиядан алыска уча алган Taurus канаттуу ракеталарын май айынан бери күтүп келет. Немис канцлери Олаф Шольц жергиликтүү маалымат каражаттарына курган маегинде Германия аларды Украинага берүүгө азырынча даяр эмес экенин билдирди.

Аскердик эксперт Игаль Левин "Настоящее время" телеканалына курган маегинде буга чейин ушундай таңкыстыктар болгонун бирок Taurus ракеталары акыр-аягы украин аскерлеринин колуна тийерин айтты:

"Танктарды бербейбиз дешкен, акыры беришти. Storm Shadow, SCALP жана башка ар кандай курал-жарактарды бергендей эле көрүнүш болот. Бул бюрократия. Мисалы, Шольц "Биз кылдаттык менен текшерип жатабыз" деди. Анын сөзүнө көңүл бурсак, ал "бербейбиз" деген жок, "текшерип жатабыз" деди. Бирок мунун баары Украинага эртең же бүрсүгүнү эмес, кечээ керек болчу", - деди аскердик эксперт.

Украиналык күчтөр өлкө түштүгүндөгү мелитополь жана бердянск багытында чабуул коюуну улантууда. Чабуулдун стратегиялык максаты - Орусия аннексиялап алган аймакты тең ортосунан бөлүп, Азов деңизине чыгуу.

Шаршембиде Украинанын аскерлери Донецк облусундагы Уражайное айылын бошоткону белгилүү болгон.

Орусиялык блогерлер украиналык аскерлер Урожайноенин түштүк тарабындагы Завитне Бажання аймагына да сокку урганын кабарлашууда. Алар украиналыктар айылды айланып өтүп, орусиялык коргонуу күчтөрүнүн негизги коргонуу сызыгы жайгашкан Старомлыновка калктуу пунктуна жетиши мүмкүн деп кооптонушууда.

Мелитополь багытында орусиялык күчтөрдүн коргонуу пункту жайгашкан Работное жана анын чыгышындагы Вербовое үчүн салгылаш болууда.

Фронттогу кырдаалга көз салган DeepState долбоору бул райондогу кайсы бир участоктор колдон колго өтүп жатканын билдирди. Орусиялык армия Урожайноени кайтарып алууга аракет кылып, бирок ал ишке ашкан эмес. Андан тышкары Харьков облусундагы Купянск аймагында чабуулга өтүүгө аракет кылууда.

Украинанын Башкы штабы 17-августта Работино жана Бахмут багытында Орусияга таандык сокку уруучу эки Ка-52 тик учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Орусиялык күчтөр жердеги кармашта украиналык армияга утулуп жаткандыктан абадан сокку уруу тактикасын карманууда. 17-августка караган түнү Херсон, Днепропетровскиге абадан сокку урулса, Одессадагы порттор "Шахед" үлгүсүндөгү дрондор менен аткыланды. Анын кесепетинен Дунайдагы порттордун биринин дан сакталган кампалары, айыл чарба техникалары талкаланды.

Украин бийлигинин билдиришинче, 16-августта Одесса жана Николаев облусунун аймагында 13 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөн

Украина Донецк аймагында контрчабуулду ушул айдын башында баштаган. Июлдун аягында New York Times басылмасы Пентагондогу булактарына шилтеме кылып, Украинанын армиясы күчүн Запорожье облусуна топтоп, контрчабуулга өткөнүн маалымдаган. Анда башкы максаты - Орусия басып алган Украинанын түштүктөгү аймактарын аннексияланган Крым менен байланыштырган жолду алуу экенин белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG