Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:47

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:10 22.8.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский Сербиянын президенти Александр Вучич менен "ачык-айкын жана жемиштүү жолугушуу болгонун" билдирди.

"БУУнун Уставын сыйлоо, чек аралардын бүтүндүгү, жалпы европалык үйүбүздөгү калкыбыздын келечеги, алакаларыбыздын өнүгүшү тууралуу жакшы сүйлөштүк. Мунун баары биздин жалпы кызыкчылыгыбызга төп келет", - деп жазды Зеленский X социалдык түйүнүндө.

Эки президент Грекиянын баш калаасы Афинада жолукту. Ал жакта азыр Батыш Балкан мамлекеттеринин бейформал саммити өтүп жатат.

Орус газынан көз каранды болгон Сербия Украинага согуш ачканына байланыштуу Москвага санкция киргизүүдөн баш тарткан. Вучич буга байланыштуу Евробиримдиктин басымына кабылганын билдирген. Ошол эле маалда Сербиянын президенти жарандарынын орус тарапта согушка катышуусун колдобойт.

Ал эми Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис 21-августта Зеленский менен жолугушуудан кийин Афина Украинаны, анын ичинде Одесса порт шаарын калыбына келтирүүгө жана украин учкучтарын F-16 учактарын башкарууга үйрөтүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

Грекия буга чейин НАТО жана Евробиримдиктеги өнөктөштөрүнө кошулуп Украинага колдоо көрсөтөрүн билдирген. Бул мамлекет ошондой эле Киевге аскердик техника жана курал-жарак жөнөткөн.

14:47 22.8.2023

Орусиянын армиясы 22-августка караган түнү Украинанын бир катар аймактарына ракеталык сокку урганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Днепропетров облусунун Кривой Рог шаарын аткылоодон бир адам жаракат алып, 20дан ашуун турак жай жабыркаганын аймактын губернатору Сергей Лысак Телеграмга жазды.

Өлкө түштүгүндөгү Запорожье калаасына жасалган соккудан төрт көп кабаттуу үйгө зыян келтирилгенин 22-августтун таңында шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев кабарлады.

Андан тышкары чыгыштагы Харьков облусунун Купянск жана Волчанск шаарлары аткылоого кабылганын аймактын губернатору Олег Синегубов маалымдады.

«Төрт турак жай талкаланды. Бир аял жеңил жараат алды», - деп жазды Синегубов Телеграмга.

Ал эми Украинанын чыгышында жана түштүгүндө айыгышкан кармаш жүрүп жатат. Соңку бир суткада 30дан ашуун кагылышуу катталган.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 22-августта билдиргендей, армия Мелитополь аймагында контрчабуулун улантууда.

Буга чейин коргоо министринин орун басары Анна Маляр Запорожье облусунда украин армиясынын контрчабуулунд жылыштар бар экенин айткан.

14:37 22.8.2023

Украинанын Коргоо министрлиги аскерлери Работиного киргенин билдирди

Бул тууралуу коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди.

"47-бригаданын аскерлери Работино айылына кирип, жай тургундарды Bradley аскердик мишинеси менен эвакуация кылды. Биздин жоокерлер пландык ишин аткарып, душманды жок кылууда. Орусиялыктар жооп иретинде Работинону артиллерия менен атып жатат", - деп жазды Маляр өзүнүн Телеграм-каналына.

Буга чейин геолокациянын видеосу жарыяланган, анда украин армиясынын аскерлери Работинонун борборунда турганын көрүүгө болот. Орусиялык аскер корреспонденттери болсо украин армиясы айылдын түштүк тарабында гана турганын жазышкан. Орусиянын Коргоо министрлиги кырдаалга комментарий берген жок.

12:52 22.8.2023

Москвага жакын жерде дагы эки дрон атып түшүрүлгөнүн Орусиянын Коргоо министрлиги 22-августта кабарлады.

Маалыматка караганда, дрондун калдыктары Красногорскиде үйлөрдү жана автоунааларды талкалады, олуттуу кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Министрлик Брянск облусунда дагы эки учкучсуз учак зыянсыздандырылганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG