Орусиянын Коргоо министрлиги жана Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 23-августка караган түнү Москвага үч учкучсуз учуучу аппарат чабуул жасаганын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, дрондорду абадан коргонуу күчтөрү жок кылган.
"Эки учкучсуз учак Москва облусунун Можайск жана Химки райондорунун аймагында жок кылынды. Үчүнчү дрон башкаруусун жоготуп, Moscow City комплексинин имаратына тийди", - деп айтылат билдирүүдө.
Сергей Собянин дрон курулуп жаткан имаратка тийип, жанындагы эки көп кабаттуу үйдүн терезелерин талкалаганын айтты. Москванын мэринин сөзү боюнча, жабыркагандар жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул сокку үчүн Украинанын бийлигин айыптады. Украин тарап комментарий берген жок.
Орусиянын бийлиги бир нече аптадан бери Москвадан бир нече дрондорду атып түшүргөнүн билдирип, анын баарын Украинадан көрүп келет. Расмий Киев Орусиянын ичинде болгон окуяларга комментарий бербейт.
Орусиялык күчтөрдүн Донецк облусундагы Лиман коомчулугун аткылоосунан улам үч адам каза таап, экөө жараат алды. Бул тууралуу Донецк облустук аскердик администрациянын башчысы Павел Кириленко билдирди. Аткылоого Тор жана Закотное аймактары да кабылган.
Балкан жана бул аймакка жакын он өлкө Украинаны колдогон декларацияга кол коюшту. Кол коюу Афиныда өттү, бул шаарда учурда Украинанын президенти иш сапар менен жүрөт.
Өлкөлөр Украинанын аймагынан орусиялык аскерлерди толук чыгарууну сунуштаган Зеленскийдин "тынчтык формуласын" колдошту.
Декларацияга Сербиянын, Молдованын, Черногориянын, Румыниянын, Косовонун, Босния жана Герцоговинанын, Түндүк Македониянын, Болгария жана Грекиянын лидерлери кол коюшту. Бул учурда ал жерде Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин башчысы Шарль Мишель да болду.
Мамлекеттер "Украинанын президентинин БУУнун уставына ылайык тынчтык орнотуу аракетин баалап жана ага колдоо көргөзөрүн" ырасташты.
- Владимир Зеленский Грекияга 21-августта барган. Дүйшөмбүдө ал өлкөнүн премьер-министри Кириакос Мицотакис менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Жолугушуунун жыйынтыгында ал украиналык учкучтарды Дания менен Нидерланд бере турган F-16 согуштук учагын башкарууга үйрөтүү макулдашылганын билдирген.
- Он пункттан турган Зеленскийдин тынчтык планы "тынчтык формуласы" деп аталат. Анда Москва менен сүйлөшүү Орусия басып алган аймактарды аннексияланган Крымга кошуп Киевге кайтарганда жана бардык аскерлерин Украинадан чыгарып кеткенде гана башталышы керектиги жазылган.
Армиянын генералы Сергей Суровикин Орусиянын аскердик-космос күчтөрүнүн башчылыгынан алынган болушу мүмкүн. Бул тууралуу журналист Алексей Венедиктов (Юстиция министрлиги "тыңчы" деп тапкан) президенттин жашыруун токтомуна шилтеме берип билдирди. Венедиктовдун маалыматында Суровикин армиядан биротоло куулган эмес, Коргоо министрлигинде иштей берет.
РБК басылмасынын "кырдаал менен тааныш" ишенимдүү булагы генералды кызматтан алуу анын башка ишке өткөнүнө байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирген. "Азыркы учурда ал эмгек өргүүсүндө жүрөт" деп тактаган басылманын маектеши.
Журналист Ксения Собчактын маалыматында, Суровикин 18-августта эле кызматтан алынган. Бирок документ ачык жарыяланган эмес. "Важные истории" басылмасынын журналисттери бул даталарда чыккан президенттин токтомдорунда чындап эле жылчык бар деп эсептешет.
17-августта "Орусиянын илимий-техникалык өнүгүүсүнө прогноз жасоону иштеп чыгуу жана түзөтүү киргизүү" деген №622 токтом, 18-августта "14 согуштук авиацияга ардактуу наам берүү" деген №624 токтом чыккан. №623 токтом эмне тууралуу экени белгисиз.
Генералдын кызматтан алынганын орус өкмөтүнө иштеген аскердик блогерлер дагы билдиришти. "Рыбарь" Суровикин июнь айында "Вагнердин" козголоңунан кийин эле иштен четтетилгенин жазды.
- Сергей Суровикин Украинадагы согушта армияны 2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын январь айына чейин жетектеген. Мындан кийин Валерий Герасимов башында турган Башкы штабда орун басарлык кызматка барган. Суровикин 2017-жылдан бери аскердик-космос күчтөрүнүн жетекчиси болуп да иштеп келген.
- Июнь айында "вагнерчилердин" козголоңунда Суровикин жалданма жоочуларды ордуна кайтууга чакырган. Ага чейин медиалар Суровикиндин "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин менен байланышы тууралуу кабарлашкан. Айрым маалыматтарда генерал козголоңдон кийин кармалган.