Орусиянын Белгород облусуна караштуу Лавы айылындагы санаторийге жасалган дрон чабуулунан үч жай тургун набыт болгонун облус жетекчиси Вячеслав Гладков билдирди.
Гладков бул тууралуу 23-августта Телеграмга "Украинанын Куралдуу күчтөрү эл көчөдө жүргөндө дрондон жардыргыч зат таштады", - деп жазды.
Облус башчысы санаторийдин аймагына дрондон эки граната ыргытылганын, терезелер талкаланып, имараттын фасады зыян тартканын кошумчалады. Маалыматты көз карандысыз булактардан дароо тактоо мүмкүн эмес.
"Свобода" радиосу Украина менен чектеш Белгород, Брянск жана Курск облустары акыркы кездери такай аткылоого дуушар болуп жатканын жазды. Орус бийлиги бул үчүн Украинаны айыптоодо. Киев комментарий берген жок.
Акыркы күндөрү Москвага да дрондор чабуул коюп жатканы такай кабарланууда.
23-августка караган түнү орус армиясы Одесса облусунда үч саат бою дрон менен сокку урду. Облустук аскер администрациясынын башчысы Олег Кипер жарандык инфратүзүм объектилери бутага алынганын билдирди.
Дунайдагы Украина портунда жана анын айланасында жарылуулар болгондугу кабарланууда.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, тогуз "Шахед" жанкечти дронунун мизи кайтарылып, жок кылынды. Калган учкучсуз учактар (алардын саны тактала элек) Дунай аймагындагы дан кампаларына жана өндүрүштүк жайларга зыян келтирип, өрт чыкты. Карапайым калк арасында жабыркагандар жок.
Шаршемби күнү эртең менен орус аскерлери Херсонго эки бомба таштаганын жергиликтүү бийлик маалымдады. Андан балдар бакчасы жана турак-жай имараты талкаланган. Облустук аскер башкармалыгы алты адам жабыркаганын билдирди.
Акыркы соккуларга Москва комментарий бере элек. Далилдерге карабай, Орусия Украинадагы согушта калктуу конуштарды бутага алынганын четке кагып келет.
Орусиянын аскердик-космос күчтөрүнүн жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп АККнын Башкы штабынын жетекчиси Виктор Афзалов дайындалды. Сергей Суровикин бул кызматтан бошотулду. Бул тууралуу РИА Новости ишенимдүү булагына таянып билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги жана Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 23-августка караган түнү Москвага үч учкучсуз учуучу аппарат чабуул жасаганын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, дрондорду абадан коргонуу күчтөрү жок кылган.
"Эки учкучсуз учак Москва облусунун Можайск жана Химки райондорунун аймагында жок кылынды. Үчүнчү дрон башкаруусун жоготуп, Moscow City комплексинин имаратына тийди", - деп айтылат билдирүүдө.
Сергей Собянин дрон курулуп жаткан имаратка тийип, жанындагы эки көп кабаттуу үйдүн терезелерин талкалаганын айтты. Москванын мэринин сөзү боюнча, жабыркагандар жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул сокку үчүн Украинанын бийлигин айыптады. Украин тарап комментарий берген жок.
Орусиянын бийлиги бир нече аптадан бери Москвадан бир нече дрондорду атып түшүргөнүн билдирип, анын баарын Украинадан көрүп келет. Расмий Киев Орусиянын ичинде болгон окуяларга комментарий бербейт.