Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы алардын аскерлери Новопокровка аймагында ийгиликке жеткенин билдирди. Новопокровка Работинодон түштүктө, орусиялык коргонуу күчтөрүнүн таяныч пунктуна жакын жайгашкан. Украин күчтөрү Токмак тарапка, орусиялык күчтөрдүн мелитополь багытындагы логистикалык борборун карай жылууда.
Алар Работинодогу тоскоолдук жараткан миналуу талааны кесип өтүп, орусиялык коргонуу күчтөрүнүн биринчи негизги линиясына жетишти.
Америкалык "Согушту изилдөө институту" украин күчтөрү орусиялык коргонуунун экинчи линиясында операция баштоо алдында турганын, ал пункт биринчиге караганда чабал экенин белгиледи. Фронттогу кырдаалга мониторинг кылган институт экинчи линияда орусиялык күчтөр жетишсиз экенин билдирүүдө.
Орусиянын Белгород облусуна караштуу Лавы айылындагы санаторийге жасалган дрон чабуулунан үч жай тургун набыт болгонун облус жетекчиси Вячеслав Гладков билдирди.
Гладков бул тууралуу 23-августта Телеграмга "Украинанын Куралдуу күчтөрү эл көчөдө жүргөндө дрондон жардыргыч зат таштады", - деп жазды.
Облус башчысы санаторийдин аймагына дрондон эки граната ыргытылганын, терезелер талкаланып, имараттын фасады зыян тартканын кошумчалады. Маалыматты көз карандысыз булактардан дароо тактоо мүмкүн эмес.
"Свобода" радиосу Украина менен чектеш Белгород, Брянск жана Курск облустары акыркы кездери такай аткылоого дуушар болуп жатканын жазды. Орус бийлиги бул үчүн Украинаны айыптоодо. Киев комментарий берген жок.
Акыркы күндөрү Москвага да дрондор чабуул коюп жатканы такай кабарланууда.
23-августка караган түнү орус армиясы Одесса облусунда үч саат бою дрон менен сокку урду. Облустук аскер администрациясынын башчысы Олег Кипер жарандык инфратүзүм объектилери бутага алынганын билдирди.
Дунайдагы Украина портунда жана анын айланасында жарылуулар болгондугу кабарланууда.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, тогуз "Шахед" жанкечти дронунун мизи кайтарылып, жок кылынды. Калган учкучсуз учактар (алардын саны тактала элек) Дунай аймагындагы дан кампаларына жана өндүрүштүк жайларга зыян келтирип, өрт чыкты. Карапайым калк арасында жабыркагандар жок.
Шаршемби күнү эртең менен орус аскерлери Херсонго эки бомба таштаганын жергиликтүү бийлик маалымдады. Андан балдар бакчасы жана турак-жай имараты талкаланган. Облустук аскер башкармалыгы алты адам жабыркаганын билдирди.
Акыркы соккуларга Москва комментарий бере элек. Далилдерге карабай, Орусия Украинадагы согушта калктуу конуштарды бутага алынганын четке кагып келет.
Орусиянын аскердик-космос күчтөрүнүн жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп АККнын Башкы штабынын жетекчиси Виктор Афзалов дайындалды. Сергей Суровикин бул кызматтан бошотулду. Бул тууралуу РИА Новости ишенимдүү булагына таянып билдирди.