Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл

Украина ракеталык соккуга кабылды, Орусия согушка студент кыздарды тартууда

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




09:38 24.8.2023

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 47-бригадасынын аскерлери Запорожье облусундагы бир нече айдан бери катуу кармаш жүрүп жаткан Работино айылын бошотконун Телеграм-каналына жазды. Алар жарыялаган сүрөттөрдүн биринде украин туусу талкаланган мектептин имаратына илингенин көрүүгө болот.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр 47-бригаданын аскерлери согушуу үчүн айылдын аймагына киргенин жарыялады, бирок кыштактын толук алынганы боюнча расмий билдирген жок.

Работинону орус аскерлери 2022-жылы марттан бери ээлеп турган. Бул чакан айылдын аянты болгону үч чарчы чакырымды түзөт. Расмий маалымат боюнча согушка чейин бул жерде 500 адам жашап келген. Бирок согуш эксперттери орус армиясынын ири логистикалык хабы жайгашкан Токмакка бараткан жолду көзөмөлдөө үчүн бул кыштактын алынышы маанилүү экенин айтышты.

Орусиянын Коргоо министрлиги Работинанын украин аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнү боюнча маалыматка комментарий бере элек. Бир катар орусиялык Телеграм-каналдар орус күчтөрү бул айылды колдон чыгарганын ырастап жатышат.

04:49 24.8.2023

Орусиялык Ми-8 тик учагы орусиялык дагы, украиналык дагы булактардын маалымдашынча, бир канча убакыт мурда Орусиядан учуп келип, Украинадагы аэродромдордун бирине конгон. Бул окуя тууралуу жазгандар конуунун себептерин ар кандай айтышууда. Расмий маалымат азырынча жок.

Орусиялык FighterBomber Телеграм-каналы шаршембиде тик учак "бир канча күнгө жоголуп кеткенин" жазды. Каналдын маалыматында тик учак техникалык себептерден улам багытын жоготуп, Украинага өтүп кеткен. Учкуч ал жерди Полтава деп ойлоп алып, аэродромго конгон. Кайра учуп кетүүгө аракет кылганда аткылоого кабылган. Мындан улам учкуч жарадар болуп, экипаждын калган эки мүчөсү окко учкан болушу мүмкүн.

Украиналык журналист Юрий Бутусов армиядагы булакка таянып, орусиялык тик учак украин авиабазасына конгонун ырастады. Анын айтымында, бул навигациянын жаңылыштыгы болушу мүмкүн эмес. Полтава аэродрому фронт линиясынан 300 чакырымдай алыс болгондуктан учууга даярдык жакшы болушу керек болчу. Бутусовдун айтымында, тик учак бүтүн.

"Украин чындыгы" атайын кызматтагы булактарына таянып, бул Украинанын Коргоо министрлигинин чалгын кызматынын жарым жылдан бери даярдалган атайын операциясы болгонун жазды. Украин чалгын кызматы Ми-8 АМТШ тик учагынын учкучун "азгырып", үй-бүлөсүн күн мурунтан эле Орусиядан чыгарып кеткен. Тик учак орусиялык эки авиабазанын ортосунда кыргын салуучу учактар үчүн тетиктерди ташып жүрүп, Харьков облусундагы аэродромго конгон. Экипаждын башка эки мүчөсү бул тууралуу билген эмес, атайын операциянын жүрүшүндө алар өлтүрүлгөн. Украин чалгын кызматы экипаждын командирин дагы "азгырганбы" же жокпу билдирүүдө айтылган эмес.

Сөз болуп аткан тик учактын сүрөтү жарыяланды.

"Украин чындыгынын" билдиришинче, машина азыр "Киевде турат".

Орусиялык FighterBomber каналы бул кабардан кийин өз версиясы тууралуу дагы бир пост чыгарды. Анда экипаждын үй-бүлөсү Орусияда эле экени, кеп Полтава шаары эмес, Харьков облусундагы так ушундай аталыштагы кыштак тууралуу болгонун билдирди.

Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчиси Андрей Юсов "Громадське" телеканалына "Украин чындыгы" жазгандарды ырастап, расмий маалыматтар жакында чыгарына убада берди.

04:16 24.8.2023

Reuters агенттиги Пригожиндин өлгөнү тууралуу маалыматка реакцияларды берди

  • Збигнев Рау, Польшанын тышкы иштер министри: "Кимдир бирөө муну дал келүүчүлүк деп ойлобойт. Ушундай экен, Путиндин бийлигине коркунуч туудурган каршылаштар өз ажалынан өлбөйт";
  • Кая Каллас, Эстониянын премьер-министри: "Бул кабар чын болсо, Путин каршылаштарын жок кылууда, бул башкача пикирин билдиргендин баарын коркутуу үчүн жасалып жатат";
  • Алиша Кернс, Британиянын парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин жетекчиси: "Евгений Пригожин кыйраган учактын бортунда болгону, биздин билгибиз келгендин баарына жооп берип турат. Орусиялык абадан коргоочу күчтөрдүн учакты атканын Путиндин чоң эскертүүсү катары бааласа болот";
  • Дэниэл Хоффман, АКШнын Борбордук Чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) Москвада иштеген мурдагы кызматкери: "Мен бул Путиндин буйругу менен жасалганынан күмөн санабайм. Козголоңдон кийин Пригожин камакка алынган эмес, бул ага өзүн коопсуз жана эркин сездирген жалган ишеним берип, анан көзүн тазалоо үчүн жасалган.
03:46 24.8.2023

Киевде 23-августта – Украинанын Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Крым платформасынын саммити ачылды. Бул уюм Украинанын демилгеси менен аннексияланган Крым маселесин эл аралык деңгээлде талкуулоо үчүн 2021-жылы түзүлгөн. Ошол жылы августта биринчи саммити өтүп, Крымды Украинага кайтаруу максаттары камтылган декларация кабыл алынган.

Үчүнчү ирет өтүп жаткан саммитке Батыштагы бир катар өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери онлайн катышууда. Литванын, Португалиянын, Венгриянын президенттери, Молдованын жана Финляндиянын премьер-министрлери Украинанын борборуна келишти. Саммитте сүйлөгөн Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Крым платформасынын катышуучуларынын саны 67ге жеткенин белгиледи.

Жаңы кошулгандардын арасында Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн жана Сербия бар. Украин президенти Владимир Зеленский Киев Орусия басып алган бардык аймактарды бошотууга жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүүгө умтулуп жатканын дагы бир жолу белгиледи.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG