Орус армиясы 24-августка караган түнү Украинанын түштүгүндөгү Днепр шаарына жасаган ракеталык соккусунан жети карапайым тургун жаракат алды. Бул тууралуу Днепропетров облусунун губернатору Сергей Лысак Телеграмга жазды.
Ал чабуулдан транспорттук обьект жабыркаганын, үч эркек жана төрт аял ооруканага жеткирилгенин кошумчалады.
Андан тышкары, ондогон имараттарга, анын ичинде банк, мейманкана, эмерек фабрикасы, административдик имарат жана эки турак-жайга зыян келтирилген.
Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнат билдиргендей, Орусия түнү С-300 баллистикалык ракеталары, "Искандер К" жана "Искандер М" ракеталары менен сокку урду. Ал ракеталардын бири абадан атып түшүрүлгөнүн кошумчалады.
Согуш талаасында украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, түштүктөгү Мелитополь багытында контрчабуул уланууда. "Крымдын дарбазасы" деп саналган стратегиялык Мелитополь шаарын орус күчтөрү былтыр мартта басып алышкан.
Украина 24-августта эгемендиктин 32 жылдыгын белгилеп жатат.
Президент Владимир Зеленский калкка жасаган кайрылуусунда бул күн "эркин жана күчтүү адамдардын майрамына" айланганын белгиледи.
Ал украиндердин эрктүүлүгүнө баа берип, орус агрессиясына каршы турууда украин коомунун биримдигинин баса белгиледи.
"Баары керек, баары маанилүү - адамдар, аракеттер, сөздөр. Биз баарын туура кылгандыктан, кимдир бирөө "Украинага даңк" дегенде бүтүндөй дүйнө "Баатырларга даңк" деп жооп берет", - деди Зеленский.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен украиндери Эгемендик күнү менен куттуктап, "24-август Украинанын көз карандысыз, суверендүү, демократиялык мамлекет экенин күбөлөндүргөн, Украинанын эрктүүлүгү жана күчтүүлүгү менен сыймыктанган күн", - деп билдирди.
Блинкен Америка Украина менен экенин дагы бир жолу кайталады.
Украинанын атайын кызматтары бул күнү орус армиясы соккуларын күчөтүшү мүмкүн экенин эскертти.
Лукашенко Украинаны Эгемендик күнү менен куттуктады, бирок Пригожиндин өлүмүнө комментарий берген жок
Беларустун авторитардык лидери Украинаны экинчи жыл катары менен куттуктап атат. Ошол эле маалда ал Орусияны колдоп келет. Расмий сайтында жарыяланган куттуктоодо ал "каршылашууну токтотууга" чакырып, Украинага тынчтык каалаган. Лукашенко "Вагнердин" жетекчиси каза тапкан авиакырсык тууралуу эч нерсе айта элек. Учурда Пригожиндин жалданма жоочуларынын көбү Беларустун Могилев облусунун аймагындагы лагерде калууда.
Европа кеңешинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогору комиссары Жозеп Боррель украиналыктарды Эгемендик күнү менен куттуктады.
"Силер өз эркиндигиңер үчүн күрөшүп, биз жактаган баалуулуктарды ак ниеттик менен коргоп келесиңер. Европа силер тарапта. Биздин келечек чогуу", - деп айтты Европалык дипломатиянын өкүлү Украинанын жарандарына жасаган видео кайрылуусунда. Батыштын бир катар лидерлери да Киевди эгемендик күнү менен куттуктады.